Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-июну № 314
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 355-беренелерине ылайык, салык милдеттерин аткаруу боюнча салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган ишкердик субъекттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктундагы "жана ыктыярдуу патенттин формасы" деген сөздөр ", ыктыярдуу патенттин формасы жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ыктыярдуу патенттин - кассалык чектин формасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык органдарында патенттерди берүүнүн тартиби төмөнкү мазмундагы 12-17-пункттар менен толукталсын:
"12. Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөткөн салык төлөөчү тейлөөнүн бул түрүн көрсөтүү жөнүндө төлөм тутумунун оператору менен ыйгарым укуктуу салык органынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде төлөм терминалдарын пайдалануу аркылуу ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген формада иштин бул түрү боюнча ыктыярдуу патент кассалык чек алууга укуктуу.
13. Төлөм тутумунун операторлорунун тизмеги ыйгарым укуктуу салык органынын расмий маалыматтык веб-сайтында жарыяланат.
14. Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөткөн, төлөм терминалдары аркылуу ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөө ыкмасын тандаган салык төлөөчү ушул Тартиптин 1, 2-пункттары менен белгиленген тартипте салык органынан алгачкы ыктыярдуу патентти алууга тийиш.
Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө ыктыярдуу патентти - кассалык чекти (мындан ары - патент - кассалык чек) кийинки алуулар төлөм терминалдарын пайдалануу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн, мында патентти - кассалык чекти колдонуу мөөнөтү төлөм терминалы аркылуу тиешелүү салык төлөө шартында катар келүүчү 30 күндөн ашпашы керек.
15. Төлөм терминалдары аркылуу патент - кассалык чек алууда салыктын толук жана өз убагында төлөнүшү үчүн жоопкерчилик жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү салык төлөөчүгө жүктөлөт.
Салык төлөөчү патенттин - кассалык чектин сакталышын салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде камсыздоого жана салык төлөөчүнүн ким экендигин ырастаган патенти жана документи болгон учурда гана ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.
Патент - кассалык чек үчүн пайдаланылган термокагаздын касиетине байланыштуу салык төлөөчү төлөм терминалы аркылуу алынган патенттин кассалык чектин көчүрмөсүн чыгарып алууга жана салык кызматы органдары менен өз ара салыштыруу жүргүзүүгө ушул көчүрмөнү пайдаланууга милдеттүү.
16. Ишти патенти жок жүргүзгөн же ушул Тартиптин пункттары бузулган учурда салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
17. Патентти - кассалык чекти же анын көчүрмөсүн ишкердик иш жүргүзүү максатында башка адамга берүүгө тыюу салынат.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июнундагы № 314 токтомуна тиркеме |
┌─────────────────────────┬───────────────────────────────────────────┐
│ │ Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу │
│ │ боюнча кызматтарды көрсөтүүгө ыктыярдуу │
│ │ патент - кассалык чек │
├─────────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│Квитанциянын № │ │
├─────────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│Идентификациялык салык │ │
│номери │ │
├─────────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│Аты-жөнү │ │
├─────────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│Иш жүргүзүлгөн жер │ │
├─────────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│Алгачкы патенттин │ │
│сериясы жана номери │ │
├─────────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│Иштин түрү │ │
├─────────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│Жарактуулук мезгили │ │
├─────────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│Патенттин суммасы │ │
├─────────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│Салыкты төлөө күнү │ │
├─────────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│Төлөм терминалынын │ │
│дареги жана номери │ │
└─────────────────────────┴───────────────────────────────────────────┘
Эскертүү: Патентти же анын көчүрмөсүн ишкердик иш жүргүзүү максатында башка адамдарга берүүгө тыюу салынат.".
|
|