Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-июну № 328

Административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө салык кызматынын чечиминин (токтомунун) формасын бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 106-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө салык кызматынын чечиминин (токтомунун) формасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомума тиркеме