Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 330
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларында:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Жарандык абал актыларын каттоонун өзгөртүүлөрүнө, толуктоолоруна, оңдоолоруна жана калыбына келтирүүгө байланыштуу жарандарга жарандык абал актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайталап бергендик үчүн мамлекеттик жыйым төмөндөгүдөй өлчөмдө төлөнөт:
┌────────────────────────────────────────────────┬────────────────────┐
│а) жарандык абал актыларын каттоо жөнүндө│10 сом │
│күбөлүктөрдү кайталап бергендиги үчүн; │ │
│б) Кыргыз Республикасынын жарандык абал актыла-│5 сом │
│рын каттоонун өзгөртүүлөрүнө, толуктоолоруна,│ │
│оңдоолоруна жана калыбына келтирүүгө байланышкан│ │
│күбөлүк бергендиги үчүн │ │
└────────────────────────────────────────────────┴────────────────────┘
";
- 5-пунктунда:
"б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐
│б) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы│60 сом │
│жарандык паспортун берүү үчүн: │ │
│- жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери│эсептик көрсөткүчтүн │
│боюнча укуктук жардам көрсөтүү тууралуу ке-│нөл өлчөмүндө │
│лишимдерге ылайык чет өлкөлүк сотторго та-│ │
│раптар, күбөлөр, жабыр тарткандар жана жа-│ │
│рандык, кылмыш иштери боюнча эксперттер ка-│ │
│тарында чакырылган жарандарга, - аларга│ │
│уруксат берүү жана чет мамлекетке чыгуу│ │
│укугуна документтерди берүү үчүн; │ │
│- окууга же өндүрүштүк практикадан өтүү│эсептик көрсөткүчтүн │
│үчүн чыгууга байланыштуу окуучуларга жана│нөл өлчөмүндө │
│студенттерге │ │
└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘
";
"м" пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐
│м) чет өлкөлүк паспортту же аны алмаштырган│эсептик көрсөткүчтүн │
│документти каттоо же аны каттоонун жарак- │бир өлчөмүндө │
│туулук мөөнөтүн узартуу үчүн; │ │
│- Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттер-│эсептик көрсөткүчтүн │
│ге чыгып жаткан чет өлкөлүк туристтин доку-│нөл өлчөмүндө │
│менттерин каттоо үчүн; │ │
└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘
";
"п" пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐
│п) жашаган жери боюнча каттоо (каттоого ту-│эсептик көрсөткүчтүн │
│руу) үчүн: │0,2 өлчөмүндө │
│- картаңдар жана майыптар үчүн интер-│эсептик көрсөткүчтүн │
│нат-үйлөрдө жашаган картаңдар жана майыптар│нөл өлчөмүндө │
│үчүн; │ │
│- мектеп-интернаттардын жана толугу менен│эсептик көрсөткүчтүн │
│мамлекеттик камсыздоодо турган баштапкы ке-│нөл өлчөмүндө │
│сиптик билим берүү мекемелеринин жатакана-│ │
│ларында жашаган окуучулары үчүн │ │
└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |