Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 331
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып, маданият тутумундагы билим берүү мекемелеринин балдарына жана окуучуларына социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"
┌───┬────────────────────────────────────────────────┬────────────────┐
│5. │Атайын орто музыкалык жана көркөм-өнөр │ 40 │
│ │мектептеринин алдындагы мектеп-интернаттарда │ │
│ ├────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│ │- Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын │ 150 │
│ │ орто музыкалык мектеп - интернаты үчүн │ │
└───┴────────────────────────────────────────────────┴────────────────┘
";
8-пунктта "60" деген цифралар "160" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |