Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 333
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалардын ишинин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88, 90-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктундагы жана 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "бюджеттерин" деген сөздөр "финансылык-экономикалык отчетторун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилүүчү форма боюнча тышкы карыз жөнүндө маалымат берип турсун.
Алынуучу зайымдардын шарттарынын жеңилдетилген критерийлерге ылайык келишине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин оң корутундусу болгон учурда жаңы тышкы карыздарды алууну ишке ашырсын.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |