Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 339
Агротехникалык сервистерди уюштуруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябры № 671 токтомунун редакциясына ылайык)
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө механикалаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, агрардык тармакты мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде жаңылоо жана техникалык модернизациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде агротехникалык сервистерди уюштуруу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Райондук мамлекеттик администрациялар белгиленген тартипте:
- мониторинг жүргүзүшүп жана түзүлүүгө тийиш болгон агротехникалык сервистердин керектүү санын, мамлекеттик иивестицияларга муктаждыктын эсебин, жеке өнөктөр кошуусу күтүлгөн финансылык салымдардын эсебин, агротехникалык сервистердин иштеши үчүн имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана станоктордун санын аныкташсын;
- конкурс жана тендер өткөрүү аркылуу, айылдык товар өндүрүүчүлөргө механикалаштырылган кызматтарды көрсөтүүчү жеке ишкердик субъекттерди тартуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде агротехникалык сервистерди түзүү боюнча ишти уюштурушсун;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлүүчү агротехникалык сервистер үчүн механикалаштырылган кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу кызматтардын баасын аныкташсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунун катышуусу менен пайдаланылбай турган имараттарды, өндүрүштүк аянттарды, жабдууларды жана ремонттук мастерскойлордун, машина короолордун, гараждардын станоктук паркын мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде агротехникалык сервистерди түзүүгө пайдалануу мүмкүндүгүн карашсын;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлүүчү агротехникалык сервистерге электр энергия жана инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү менен камсыздоо боюнча уюштуруучулук колдоо көрсөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги белгиленген тартипте:
- райондук мамлекеттик администрацияларга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлүүчү агротехникалык сервистерди уюштурууга көмөк көрсөтсүн;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлүүчү агротехникалык сервистерден аларды комплектилөө жана "Айыл Банк" ачык акционердик коому аркылуу техниканы лизингге берүүнү камсыздоо үчүн айыл чарбалык техника алууга арыздарды топтоону уюштурсун;
- төмөнкүлөрдү эки айлык мөөнөттө изилдеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуштарды киргизсин:
республиканын өнөр жай ишканаларында айыл чарбалык техниканы куроо өндүрүшүн жана запас тетиктерди чыгарууну уюштуруу мүмкүндүгүн;
айыл чарбадагы машина-трактордук парктын техникалык даярдыгынын абалы жөнүндө;
айыл чарба өндүрүшү үчүн механизатор кадрларды даярдоону жакшыртуу боюнча.
4. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябры № 671 токтомунун редакциясына ылыйык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте төмөнкү иштерди тездетсин:
- Польша Республикасы сунуш кылып жаткан жеңилдиктүү кредитти айыл чарбалык техника алуу үчүн лизингдин кредиттик ресурстарын көбөйтүү максатында пайдалануу боюнча, долбоорду ишке ашыруунун жана кредит каражатты кайра төлөөнүн механизмдерин көрсөтүү менен;
- "ЕврАзЭС өлкөлөрүндө өндүрүлгөн айыл чарбалык техниканы берүү" долбоорунун алкагында Евразия экономикалык шериктештигинин 20,0 (жыйырма) млн. АКШ доллары суммасындагы жеңилдиктүү инвестициялык кредитин алуу боюнча;
- Япон Өкмөтүнүн грантынын кайра берилген каражаттарынын эсебинен топтолгон, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептеринде турган утурлама фонддун каражатынан 115600,00 (жүз он беш миллион алты жүз миң) сомду айыл чарбалык техника сатып алып жана лизингге берүү үчүн пайдалануу боюнча.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |