Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 339 токтому менен бекитилген |
1. Юридикалык жана жеке жактар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке ишкерлер, айыл чарбалык кооперативдер, дыйкан чарбалар, айыл чарбалык ишканалар жана башка бизнес-түзүмдөр менен бирдикте агротехникалык сервистердин уюштуруучулары боло алышат.
2. Агротехникалык сервис мурдагы ири дыйкан чарбалардын, кооперативдердин, техсервистердин базасында жоопкерчилиги чектелген коом, акционердик коом же биргелешкен ишкана түрүндө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын катышуусу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (мындан ары - МЖӨ) негизинде түзүлөт.
3. Уюштуруучулар акчалай туюнтулуштагы жана пайыздык катыштагы уставдык фонд уюштуруу үчүн түзүлө турган агротехникалык сервиске үлүштүк тартипте финансылык каражат кошуу жагын, негизги, жүгүртүүдөгү каражаттарды, ошондой эле резервдик фондду аныктоого тийиш. МЖӨ негизинде түзүлүүчү агротехникалык сервистин уставдык капиталындагы жеке капиталдын үлүшү 51 пайыздан кем болбоого тийиш.
4. МЖӨ негизинде агротехникалык сервис түзүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат жана МЖӨ принциптеринде ишкана түзүү жөнүндө макулдашуу менен таризделет.
5. МЖӨ принциптеринде ишкана түзүү жөнүндө макулдашууда төмөнкүдөй милдеттүү шарттар камтылууга тийиш:
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун предмети жана объекти;
- тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде ишке ашырылуучу жана/же аткарылуучу механикалаштырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн минимум көлөмү, кызмат көрсөтүүнүн тартиби жана сапат стандарттары, ошондой эле көрсөтүлгөн механикалаштырылган кызмат үчүн акы төлөө механизми;
- МЖӨ долбоорун каржылоонун тартиби жана шарттары;
- кызматтар көрсөтүлгөн учурда мамлекеттик финансылык жана экономикалык колдоо көрсөтүүнүн түрлөрү жана шарттары;
- МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланышкан тобокелдерди тараптардын ортосунда бөлүштүрүү;
- долбоордун ишке ашырылышын мониторингдөөнүн жана баалоонун тартиби;
- форс-мажор абал болгон учурда тараптардын иш-аракеттери жана башка кырдаалдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынат.
6. МЖӨ негизинде агротехникалык сервис уюштуруу үчүн мамлекеттик финансылык жана экономикалык колдоо төмөнкүдөй түрлөрдө көрсөтүлүшү мүмкүн:
- айыл чарбалык техниканы лизингге берүү;
- жеңилдиктүү шартта зайымдарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды берүү;
- уруксаттарды, макулдуктарды, уруксаттамаларды алууга колдоо көрсөтүү;
- мамлекеттик менчикте турган мүлктү пайдалангандык үчүн ижара акысынын жеңилдиктүү ставкасын белгилөө;
- мамлекеттик колдоонун башка түрлөрү.
7. Жеке өнөк уюштуруучулардын бири катары МЖӨ негизинде агротехникалык сервис түзүүдө уставдык капиталды жана башка фонддорду түзүүгө катышат, агротехникалык сервистин ишине катышат жана кабыл алынган макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык иштин бардык жагдайларында жоопкерчилик алат.
8. Жеке инвестициялардын корголушуна кепилдик берүү максатында агротехникалык сервиске төмөнкүлөр кепилденүүгө тийиш:
- келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда мамлекеттин экономикалык ишке кийлигишпөөсү;
- агротехникалык сервистин мүлкүн менчиктештирүүдөн жана мамлекеттештирүүдөн коргоо;
- МЖӨ долбооруна салынган инвестицияларга, алардан алынган кирешеге жана пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттарда ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
- агротехникалык сервистин иштөө шарттарын келишимде каралган шарттарга караганда начарлатуучу ченемдик укуктар кабыл алынган учурда келишимдин шарттарын кайра кароо укугу.
9. Бул Макулдашууда жогоруда айтылган милдеттүү шарттарга кошумча иретинде МЖӨ негизинде агротехникалык сервис түзүү жөнүндө макулдашууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка шарттар да каралышы мүмкүн.
10. МЖӨ негизинде агротехникалык сервис түзүү жөнүндө макулдашууну уюштуруучулар 50 жылга чейинки мөөнөткө түзүшөт. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган шарттарга ылайык узартылышы мүмкүн.
11. МЖӨ негизиндеги агротехникалык сервистин ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.