Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июну № 351
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 595 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 595 токтомунун редакциясына ылайык)
1-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2011-ж., 999-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрация
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация райондогу аткаруучу бийликти ишке ашырат.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация тийиштүү аймакта Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Өкмөтүнүн чечимдери менен карамагына өткөрүп берилген бардык мамлекеттик башкаруу маселелерин чечет.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация социалдык-экономикалык чөйрөдө, жаштар саясатында, маданият, искусство, туризм, спорт, билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек, иш менен камсыздоо жана миграция, этностор аралык мамиле, балдарды коргоо жана гендерлик теңчилик, социалдык камсыздоо, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер ресурстарды башкаруу жана жер боюнча мамилелерди жөнгө салуу чөйрөлөрүндө; архитектура, имарат куруу жана курулуш иштеринде бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн камсыздайт.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрация мыйзамды сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартиптин сакталышын камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүргүзөт.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган учурларда райондук кеңешке отчет берет.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрация аткаруучу бийликтин юридикалык жактын статусу бар мамлекеттик органы болот. Уюштуруу-укуктук формасы боюнча "мекеме" болуп эсептелет.
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрация райондун аймагындагы баардык жеке жана юридикалык жактар аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат.
8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жобосун, түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.".
2. 4-беренедеги "ошондой эле областтагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл)" деген сөздөр "ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү - облустун губернатору" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 5-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. 7-беренеде:
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Шаардын/айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк органдары мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына ылайык келбеген чечимдерди кабыл алган учурларда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тийиштүү жергиликтүү кеңешке бул эреже бузууну жоюу жөнүндө сунуш киргизет, аны жергиликтүү кеңеш бир айлык мөөнөттө чечим чыгаруу менен кароого тийиш. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы андай чечимдердин үстүнөн сотко даттанса болот.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын чечимдерин тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте токтотуп турууга укуктуу.".
5. 8-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. 9-берене:
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) райондун бюджетин иштеп чыгат жана райондук кеңештин бекитүүсүнө берет жана ал программалардын аткарылышы жөнүндө райондук кеңешке отчет берет;".
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана райондук кеңешке бекитүүгө берет, алардын аткарылышын уюштурат жана ал программалардын аткарылганы жөнүндө райондук кеңешке отчет берет;".
Төмөнкүдөй мазмундагы 10-1 - 10-4-пункттар менен толукталсын:
"10-1) жергиликтүү жамааттар менен байланышта иштешет;
10-2) Айыл чарбалык жерлердин мамлекеттик фондун райондук кеңеш аныктоочу тартипте башкарат, ал тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү типтүү жобонун негизинде иштелип чыгат жана бекитилет;
10-3) мыйзамда белгиленген тартипте айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды көрөт;
10-4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча ишти уюштурат;".
7. 10-беренеде:
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри акимди райондук кеңештин сунушу боюнча, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.";
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Аким райондун аймагында эң башкы мамлекеттик кызмат адамы болуп эсептелет. Акимди кылмыштык жоопко тартуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин макулдугу менен ишке ашырылат.";
төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Укук коргоочу органдар козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүүчү иш-аракеттерден башка учурларда, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагында турган органдарга жана уюмдарга, ошондой эле райондун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына текшерүүлөр жана башка инспекциялык иштер милдеттүү түрдө аким менен макулдашылууга тийиш.".
8. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11. Акимдин ыйгарым укуктары
1. Аким:
1) райондун аймагында мамлекеттик администрациянын ишин уюштурат жана анын натыйжалары үчүн белгиленген тартипте жооп берет;
2) төмөнкүлөрдүн иштерин уюштурат жана координациялайт:
- өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча органдардын;
- ички иштер органдарынын жана укук коргоочу органдардын аймактык башка бөлүктөрүнүн.
3) төмөнкүлөр боюнча жылына бир жолудан кем эмес райондук кеңешке отчет берет:
- иштин социалдык-экономикалык абалы жөнүндө;
- райондук бюджеттин аткарылышы жөнүндө;
- тийиштүү аймактагы абал жана башка иштердин акыбалы жөнүндө;
4) райондук бюджеттин бөлүштүрүүчүсү болот;
5) райондун аймагында жергиликтүү бюджеттердин каражаттары максаттуу пайдаланылышын камсыздайт;
6) райондук кеңештин, райондун аймагындагы баардык айылдык кеңештердин сессияларын чакыруу жөнүндө маселе коюуга, аларда сөз сүйлөөгө жана иштерине кеңешүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу;
7) судьялардан, прокурорлордон, коргонуу, улуттук коопсуздук органдарынан, чек ара кызматынан, статистика кызматынан башка жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагындагы органдардын жана уюмдардын жетекчилерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте кызматка дайындайт жана бошотот;
8) райондук ички иштер жана финансылык полиция органдарынын жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
9) айыл өкмөттүн башчысын шайлоо үчүн жергиликтүү кеңешке кандидатураларды альтернативдүү негизде сунуш кылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысын мыйзамда белгиленген тартипте кызматтан четтетет жана бошотот. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынын милдеттерин аткарууну мыйзамда белгиленген тартипте тапшырат;
10) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
11) жогору турган мамлекеттик органдар менен мамиледе жана эл аралык уюмдарда тийиштүү аймактын атынан чыгат;
12) мамлекеттик менчикте турган жер участокторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүү жөнүндө чечимдерди чыгарат;
13) төлөмдөрдүн эсепке алынышына жана социалдык (пенсиялык, камсыздандыруучу) фонддорго толук төлөнүшүнө көмөк көрсөтөт;
14) салык кызматтарына салык төлөөчүлөрдү эсепке алууга жана салыктарды жыйноого көмөк көрсөтөт;
15) баланы коргоо боюнча жеке планды жана үй-бүлө менен иштөөнүн жеке планын бекитет;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тапшыруучу башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
2. Аким карамагындагы аймакта мамлекеттик органдар жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагындагы уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн, Премьер-министринин жана губернатордун чечимдерин аткаруусуна мамлекеттик контролду жүргүзөт.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагында турган органдар жана уюмдар мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларына каршы келген чечимдерди кабыл алышкан учурда аким андай чечимдерди тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганга чейин токтотуп турууга укуктуу.
4. Аким өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат.
5. Аким Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды губернаторго белгиленген тартипте киргизет.".
9. Төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-берене менен толукталсын:
"12-1-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчиси
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчиси (мындан ары - аппараттын жетекчиси) жергиликтүү мамлекеттик администрацияда администрациялык мамлекеттик кызмат орунду ээлеген мамлекеттик кызматчы болуп эсептелет.
2. Аппараттын жетекчисинин кызмат орду акимдин отставкага кетишине жана бошонушуна байланыштуу алмаштырылбоочу туруктуу кызмат орун болот. Аппараттын жетекчисинин кызмат орду укуктук статусу боюнча акимдин орун басарына теңештирилет.
3. Аппараттын жетекчиси:
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясына кирген маселелер боюнча аким иштеп чыккан саясатты ишке ашырат;
- администрациялык мамлекеттик кызмат орундарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларды дайындоого, которууга, ротациялоого жана бошотууга сунуштарды даярдайт;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү финансылык менеджмент жана мамлекеттик каражаттардын пайдаланылышы жагынан жооптуу жана акимге отчет берет.
4. Аппараттын жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө тандоону губернатордун аппараты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык конкурстук негизде ишке ашырат. Кандидатураларды губернатор түзүүчү конкурстук комиссия кандидаттардын адистик жана адамдык сапаттарына, тийиштүү стажына жана башкаруучулук ишти билишине жараша карайт жана сунуш кылат.
5. Аппараттын жетекчисин кызматка губернатор аким менен кеңешкенден кийин дайындайт жана бошотот.
6. Аппараттын жетекчисин аттестациялоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Аппараттын жетекчисин ишинин бул Мыйзам менен жөнгө салынбаган башка маселелерин жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө жобо жана аким аныктайт.".
10. 14-беренеде:
2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Аким Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көрсөткөн (3төн кем эмес) кандидатуралардын ичинен райондук кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 4 жыл мөөнөткө дайындалат. Мында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кандидатураларды (3төн кем эмес) райондук кеңешке акимдин бош кызмат орду пайда болгонго чейин 30 иш күндөн кеч эмес мурдатан киргизет.";
Райондук кеңеш Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тийиштүү кандидатураларды киргизген күндөн баштап 15 иш күндүн ичинде сунушталган кандидатуралардын бирин тандайт жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине акимдин кызматына дайындоо үчүн киргизет.
3. Райондук кеңештин акимдин кызматына дайындоо үчүн кандидатура тандоо боюнча жыйыны эгер ага райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса өттү деп эсептелет. Райондук кеңештин катышкан депутаттарынын көпчүлүк добушун алган кандидатура тандалды деп эсептелет. Эгер кандидаттардын бири да депутаттардын добушунун керектүү санын ала албаса кыйла көп добуш алган эки кандидатура боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи турда райондук кеңештин жыйынына катышып отурган депутаттардын көпчүлүк добушу берилген кандидатура тандалды деп эсептелет.";
4-бөлүгүндө "жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын" деген сөздөр "райондук кеңештин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Эгер райондук кеңеш ушул берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин акимдин кызматына дайындоо үчүн кандидатураны Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылбаса, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 20 иш күндүн ичинде райондук кеңешке жаңы кандидатураларды (3төн кем эмес) сунуш кылат.
Эгер райондук кеңеш ушул берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин акимдин кызматына дайындоо үчүн кандидатураны Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине кайрадан сунуш кылбаса, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын , Премьер-министринин сунушу боюнча райондук кеңешти таратат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону жарыялайт, Мында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук кеңеш кандидатура боюнча сунушту белгиленген тартипте киргизгенге чейин акимдин милдетин аткаруучуну дайындайт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри акимдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтөөргө чейин бир айдан кем эмес мурда 3 (үчтөн) кем эмес кандидатураны райондук кеңештин кароосуна киргизе алат, алар акимдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтөөрдөн 15 иш күн мурда тандалып жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунушталууга тийиш.
Эгер ушул берененин 5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук кеңеш Премьер-министрге акимдин кызматына дайындоо үчүн кандидатураны сунуш кылбаса Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук кеңешке ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында белгиленген тартипте кандидатураларды сунуш кылат (3төн кем эмес).".
11. 15-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"15-берене. Акимди кызматтан бошотуунун тартиби
Аким ээлеген кызматынан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө байланыштуу, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда райондук кеңештин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулат:
1) акимдин өз арызынын негизинде:
2) акимдин өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы райондогу социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалдын начарлашына алып келсе, ошондой эле жаманатты кылган жосунду жасаган учурда;
3) мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн прокуратура органдарынын сунушу боюнча;
4) акимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ишенбей калганда;
5) райондук кеңеш акимге ишенбөөчүлүк билдиргенде;
6) соттун акимге карата күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;
7) сот тарабынан аким аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
8) соттун акимди өлдү, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле ал каза болгон учурда;
9) аким Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашай турган жерине чыгып кеткен учурда;
10) аким Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же башка мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
11) ишке туруктуу жарамсыздыктын натыйжасында аким өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарышы мүмкүн болбогон учурда.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри акимге ишенимин жоготкон учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бул маселени райондук кеңештин кароосуна киргизет жана ошол эле учурда акимди ээлеген кызматынан четтетүүгө укуктуу.
Райондук кеңеш Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ишеним жоголгондугу жөнүндө киргизген маселени 30 иш күндүн ичинде карайт жана акимди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө тийиштүү сунушту киргизет.
Эгер райондук кеңеш бул маселени 30 иш күндүн ичинде карабаса жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине акимди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш бербесе Кыргыз Республикасынын Премьер-министри акимди 5 иш күндүн ичинде кызматына кайрадан коет же акимден ишенич кеткени жөнүндө маселени райондук кеңештин кароосуна кайрадан киргизүүгө укуктуу.
Райондук кеңеш ишенич кеткени жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри киргизген маселени 20 иш күндүн ичинде карайт жана акимди ээлеп турган кызматынан бошотуу жөнүндө тийиштүү сунушту киргизет.
Эгер райондук кеңеш бул маселени 20 иш күндүн ичинде карабаса жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине акимди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизбесе Кыргыз Республикасынын Премьер-министри акимди кызматына кайра коет же Кыргыз Республикасынын Президентине райондук кеңешти таратуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
3. Райондук кеңеш акимге ишенбөөчүлүк билдирген жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине тийиштүү сунуш киргизген учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук кеңештин бошотуу жөнүндө сунушун кабыл алууга же райондук кеңештин чечимине макул болбоого укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук кеңештин чечимине макул болбогон учурда райондук кеңеш акимге ишенбөөчүлүк билдирүү жөнүндө маселени 3 айдын ичинде кайрадан кароого жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине акимди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
Райондук кеңештин акимди бошотуу жөнүндө сунушун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тийиштүү сунуш киргизилген күндөн тартып 5 иш күндүн ичинде карайт. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук кеңештин сунушун кабыл алууга же райондук кеңештин сунушунан баш тартууга укуктуу.
Райондук кеңештин акимди кызматынан бошотуу жөнүндө сунушунан экинчи жолу баш тартылган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине райондук кеңешти таратуу жөнүндө сунуш киргизет.
4. Эгер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине райондук кеңешти таратуу жөнүндө сунуш киргизсе Кыргыз Республикасынын Президенти райондук кеңешти таратат жана мөөнөтүнөн мурунку шайлоону дайындайт.
5. Аким кызматынан бошотулган же четтетилген учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жаңы кандидатура дайындалганга чейин акимдин милдетин аткаруучуну тапшыруу маселесин чечет.".
12. Төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-берене менен толукталсын:
"15-1-берене. Акимдин кызмат ордуна кандидатка коюлуучу квалификациялык талаптар
Райондун акиминин кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча талаптар болуп бөлүнөт.
1. Акимдин кызмат ордуна милдеттүү квалификациялык талаптар төмөнкүдөй талаптарды камтыйт, алар:
1) кесиптик билиминин деңгээли (жогорку);
2) мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы стажы, же мамлекеттик уюмдардагы жана мекемелердеги, ошондой эле мамлекеттик ишканалардагы жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордогу жетекчилик кызматтардагы стажы (беш жылдан кем эмес). Бул талап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган же шайланып жаткан адамдарга коюлбайт;
3) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, конституциялык мыйзамдарын, тиешелүү кызматтык милдеттерди аткарууда колдонулуучу мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын билүүсү.
Стажы жана иш тажрыйбасы эмгек китепчесиндеги жазуулардын, иштеген жеринен берилген маалымкаттын негизинде аныкталат.
Тиешелүү билимге ээ экендиги белгиленген үлгүдөгү документ (диплом) менен ырасталат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээли зарылчылыкка жараша маектешүү жүргүзүү жолу менен аныкталат.
2. Акимдин кызмат ордуна кошумча квалификациялык талаптар төмөнкүдөй талаптарды камтыйт:
- башкаруучулук, кадрдык жана финансылык менеджмент маселелерин билүүсү;
- аналитикалык документтерди түзө билүүсү, презентациялоо ыктары, талдоо жүргүзүү жөндөмү, масштабдуу ой жүгүртүүсү, башкаруу чөйрөсүндөгү билими жана тажрыйбасы;
- демилгелүүлүгү, командада иштей билүүсү, жоопкерчиликтүүлүгү;
- эмоциялык туруктуулугу, мамиле жана байланыш түзө билүү жөндөмү, сүйлөй билүүсү, уга билүүсү, стратегияны, тактиканы жана техниканы иштеп чыга билүүсү, сыпайылыгы;
- адамдар менен өз ара иштеше алуусу, тийиштүү максаттарга жетүү үчүн алардын биргелешкен ишин уюштура алуусу.
Кошумча квалификациялык талаптар тиешелүү сертификаттар же башка документтер менен бекемделиши мүмкүн жана маектешүүдө зарылчылыкка жараша аныкталат.".
2-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-беренеде:
- тогузунчу абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Айылдык аймактарда, шаарларда жана райондордо жергиликтүү кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары болуп саналат;";
онунчу абзац күчүн жоготту деп табылсын.
2. 6-берененин 1-пунктундагы "(айылдык жана шаардык)" деген сөздөр "(айылдык, шаардык жана райондук)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 21-беренеде:
2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) райондук кеңеш - райондун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.";
4-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
4. 21-1-берене күчүн жоготту деп табылсын.
5. 23-берененин 1-бөлүгү "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөрдөн кийин "жана райондук кеңештердин" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) райондук кеңештер (шайлоо өткөрүлгөн жылдын 1-январына карата абал боюнча администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын статистикалык маалыматтарына ылайык саны боюнча):
100000ге чейин - 35 депутат;
100000ден жогору - 60 депутатка чейин;".
6. 29-берененин 1-бөлүгүндөгү "айылдык аймактардагы, шаардагы" деген сөздөр "айылдык аймактардагы, шаардагы жана райондогу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 31-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин;
"1. Шаардык, айылдык жана райондук кеңештер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.";
2-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан киргизилген жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;";
4-бөлүктүн 4-5-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Райондук кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан киргизилген райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун бекитүү;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан киргизилген райондун бюджетинин долбоору жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле атайын фонддорду пайдалануу тартибин бекитүү;
3) айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерди ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
4) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун тартибин аныктоо;
5) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү аймактагы абал жөнүндө отчетун угуу;
6) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын - акимдин кызмат ордуна мыйзамда белгиленген тартипте дайындоо үчүн Премьер-министрге талапкер боюнча сунуш киргизүү;
7) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысын - акимди ээлеген кызматынан мыйзамда белгиленген тартипте бошотуу боюнча Премьер-министрге сунуш киргизүү;
8) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте ишенбөөчүлүк билдирүү;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
10) административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында иштеп чыгуу;
11) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгаруу;
12) райондук кеңештин регламентин кабыл алуу;
13) райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелер.".
8. 35-беренеде:
1-бөлүк "шаарлардын кеңеши" деген сөздөн кийин "жана райондук кеңештер" деген сөздөр менен толукталсын.
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Жергиликтүү кеңештердин аппараттарынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, ал эми райондук деңгээлде - жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жүктөлөт.".
9. 37-беренеде:
- 1-1-бөлүк төмөнкү мазмунда толукталсын:
"1-1. Айылдык кеңештин төрагалары тиешелүү кеңештин сессиясында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жашыруун добуш аркылуу жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө депутаттардын ичинен шайланат.";
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча, катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.".
5-бөлүктө "шаардын кеңештердин" деген сөз "шаардык, райондук кеңештердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 39-берененин 6-бөлүгүндөгү "жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын" деген сөздөр "райондук кеңештин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 46-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Айыл аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп айыл өкмөтү эсептелет.";
6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген типтүү ченем менен аныкталат.".
12. 49-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Айыл өкмөтүнүн башчысы райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - аким (мындан ары - аким) тарабынан сунушталган талапкерлердин (3төн кем эмес) ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айылдык кеңештин депутаттары тарабынан шайланат.";
7-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбүнүн катышуусунда айылдык кеңештин катышкан депутаттарынын ичинен көпчүлүгүнүн макулдугу менен;
3-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-беренеде:
- жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"жергиликтүү кеңеш - тиешелүү райондун (райондук кеңеш), шаардын (шаардык кеңеш), айылдык аймактан (айылдык кеңеш) жергиликтүү жамааты тарабынан түздөн-түз шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;";
"жергиликтүү жамаат - жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча (өзүнүн жоопкерчилиги менен) чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин (айылдык аймактын, шаардын, райондун) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;";
- отуз үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тиешелүү айылдык аймактын, шаардын, райондун аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү маселелерди чечүүдө жалпы кызыкчылыктар менен байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны.".
3. 47-беренеде "ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо - мажоритардык система боюнча жүргүзүлөт." деген сөздөр "ал эми райондук жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо - мажоритардык система боюнча жүргүзүлөт." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 49-беренеде:
1-бөлүктөгү "шаардык кеңештердин" деген сөз "шаардык жана райондук" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:
"1-1) райондордун жергиликтүү кеңештерине - өзүн көрсөтүү жолу менен саясий партияларга, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналышкан шайлоочулардын тобуна жана жарандарга;";
8-бөлүктөгү "айылдык кеңештин" деген сөз "райондук жана айылдык кеңештин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Төмөнкү мазмундагы 4-1-глава менен толукталсын: "4-1-глава Райондук кеңештин депутаттарын шайлоо
59-1-берене. Шайлоо округдары
1. Райондук кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт. Көп мандаттуу шайлоо округдарынын саны жана алардын ар бириндеги мандаттардын саны бул Мыйзамдын 10-беренесине ылайык тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан аныкталат.
2. Көп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын санынын болжолдуу теңдештиги менен түзүлөт.
59-2-берене. Райондук кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо
1. Райондук кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү добуш бергенге чейин 40 календарлык күндөн кеч эмес убакытта тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына төмөнкүлөрдү:
1) партиянын же тиешелүү шайлоочулар тобунун аталышын көрсөтүү менен (талапкерди мажоритардык система боюнча саясий партия, шайлоочулар тобу тарабынан көрсөткөн учурда) талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун чечимин же өзүн көрсөтүү жөнүндө арызын;
2) өзү жөнүндө маалыматтар (биографиялык жана башка маалыматтар) менен талапкер тарабынан толтурулган атайын форманы;
3) талапкердин паспортунун көчүрмөсүн беришет.
2. Бул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди өткөргөн талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө шайлоо комиссиясы бул документтерди алгандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү ырастоону берүүгө милдеттүү.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн баштап 10 календарлык күндүн аралыгында ушул Мыйзамдын талапкерлерди көрсөтүү тартибинин талаптарына ылайык келүүсүн текшерет жана талапкерлерди каттоо жөнүндө чечимди же мындан баш тартуу жөнүндө мотивделген чечимди кабыл алат. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы талапкерди каттоо үчүн тоскоол болуп саналган документтердеги туура келбөөчүлүктөрдү тапса, шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде бул туура келбестик жөнүндө талапкерге билдирүүгө милдеттүү. Талапкер билдирүүнү алган учурдан баштап 48 сааттын ичинде керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына тапшырууга укуктуу.
4. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан баштап бир сутканын аралыгында талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө каттоодон баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
5. Талапкерди каттоодон баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) талапкерди каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык керектүү документтерди тапшырбагандыгы, ошондой эле бул Мыйзамда каралган талапкерликке көрсөтүү тартибин сактабагандыгы;
2) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
3) ушул шайлоолордо талапкердин башка шайлоо округунда катталган фактылары болсо;
4) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү же анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу.
6. Талапкерлердин тизмесине каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге каршы Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттануу берүүгө болот.
7. Райондук кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт.
8. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календарлык күндүн ичинде талапкерлердин аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (иштеген иши), жашаган жерин көрсөтүү менен депутаттыкка катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөзгө жарыялайт.
9. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлер катталган күндөн баштап 2 календарлык күндүн ичинде талапкерлерге ал катталган датаны көрсөтүү менен тиешелүү талапкердин күбөлүгүн берет.
59-3-берене. Райондук кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фонду
1. Райондук кеңештин депутаттыгына талапкерлер ушул Мыйзамда белгиленген тартипте тайлоо алдындагы кампанияны каржылоо үчүн өздүк шайлоо фондун түзүүгө укуктуу.
2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлө алат:
1) талапкердин өздүк каражаттары, ал эсептик көрсөткүчү 500 эседен ашык болуп мүмкүн эмес;
2) саясий партиялар тарабынан бөлүнгөн каражаттар, ал эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашык болушу мүмкүн эмес;
3) жеке адамдардын кайрымдуулук каражаттары, алардын ар биринин өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашык болушу мүмкүн эмес;
4) юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттары, алардын ар биринин өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашык болушу мүмкүн эмес.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен болгон талапкердин чыгымдарынын чек суммасы эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашык болушу мүмкүн эмес.
59-4-берене. Райондук кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктоо
1. Тиешелүү аймактагы райондук кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктоо ушул Мыйзамдын 38-беренесинде каралган тартипте ишке ашырылат.
2. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округундагы шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланды деп табылат. Талапкерлер бирдей санда добуш алган учурда мурун катталган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күндө катталган болсо, анда маселе чүчү кулак кармоо жолу менен чечилет.
3. Райондук кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыгын жарыялагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден райондук кеңештин депутатынын статусу менен шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды токтоткондугу жөнүндө арызын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоого алат. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдө тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлангандыгы жөнүндө күбөлүктөрдү берет.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-жыл, № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Кодекстин бүткүл тексти боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "айылдык округ" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "айыл аймагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"поселоктор", "шаар тибиндеги поселоктор" деген сөздөр алып салынсын.
2. 4-статьянын 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин;
"3. Жеке жана мамлекеттик менчикте турган жерлерден тышкары, айыл аймагынын жана шаардын чектериндеги жерлер муниципалдык менчик болуп саналат.
Муниципалдык менчикте турган жерлерди башкаруу жана тескөө төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:
- айыл аймагынын чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы;
- шаарлардын чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Айыл аймагынын жана шаарлардын чектериндеги мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодексте каралган учурларда ишке ашырышат.".
3. 8-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "баштапкы жергиликтүү кеңештер" деген сөздөр "райондук кеңештер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 13-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"13-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы";
1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Айыл аймагынын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү карамагына төмөнкүлөр кирет:";
2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
5. 14-статьянын аталышы жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"14-статья. Шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (мэрия) аткаруучу органынын жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы
Шаардын жерлеринде жер мамилелерин жөнгө салууда шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (мэрия) аткаруучу органынын карамагына төмөнкүлөр кирет:".
6. 15-статьяда:
15-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"15. Райондун жерлеринде жер мамилелерин жөнгө салууда райондук мамлекеттик администрациянын карамагына төмөнкүлөр кирет:";
1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу;".
7. 17-статья күчүн жоготту деп табылсын.
8. 18-статьяда:
аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"18-статья. Республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңешинин, райондук кеңештин, айыл аймагынын кеңешинин жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы";
3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Райондук кеңеш жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен, райондун администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, райондун мамлекеттик администрациясы менен биргеликте жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгат.".
9. 29-статьядагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
- түрдүү жөндөмөдөгү "айылдык жана шаардык" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "айылдык, шаардык жана райондук " деген сөздөргө алмаштырылсын;
- түрдүү жөндөмөдөгү "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары", "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары" деген сөздөрдөн мурда түрдүү жөндөмөдөгү "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана", "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар," деген сөздөр менен толукталсын;
- "категориялык гранттар", "категориялык", "категориялык жана" деген сөздөр алып салынсын.
2. 6-статьяда:
- 7-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- максаттуу трансферттер;".
3. 21-статьядагы "жана ошондой эле мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддору" деген сөздөр алып салынсын;
4. 33-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"33-статья. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери
1. Айылдын жана райондук маанидеги шаардын жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт:
1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;
2) муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер;
3) жер салыгы;
4) мүлккө салык;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген реестрге ылайык муниципалдык мекемелердин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү жана аткарган иштери үчүн алардын кирешелери;
7) административдик айыптар жана башка санкциялар;
8) трансферттер, ыктыярдуу төгүмдөр;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес жана башка кирешелер.
2. Облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт:
1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;
2) муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер;
3) жер салыгы;
4) мүлккө салык;
5) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу укугу үчүн алынуучу жерге ижара акысы;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген реестрге ылайык муниципалдык мекемелердин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү жана аткарган иштери үчүн алардын кирешелери;
8) административдик айыптар жана башка санкциялар;
9) трансферттер, ыктыярдуу төгүмдөр;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес жана башка кирешелер.
3. Райондордун жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт:
1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;
2) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу укугу үчүн алынуучу жерге ижара акысы;
3) жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген реестрге ылайык райондук мекемелердин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү жана аткарган иштери үчүн алардын кирешелери;
5) административдик айыптар жана башка санкциялар;
6) трансферттер, ыктыярдуу төгүмдөр;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес жана башка кирешелер.".
5. 35-статьяда:
- 1-4 жана 6-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 5-бөлүгүндөгү "жергиликтүү бюджеттердин" деген сөздөр "райондордун жергиликтүү бюджеттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Максаттуу трансферттер - Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин бир түрүнөн башкасына белгилүү максатка берилүүчү каражаттар. Максаттуу трансферттер төмөнкү учурларда берилет:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттик кирешелердеги кошумча чыгымдоолорду же жоготууларды компенсациялоого;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик органдардын айрым ыйгарым укуктарын берүүдө жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоону камсыз кылуу үчүн;
3) аралашкан чыгымдык милдеттенмелерди кошо каржылоону камсыз кылуу үчүн.".
6. 37-статьянын 4-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр "жергиликтүү кеңештердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 40-статьянын 6-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
8. 42-статьянын 2-бөлүгүнүн "а" пунктунун бешинчи абзацындагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
9. 47-статьяда:
- 1-бөлүгүндөгү "тийиштүү аймактык бөлүмдөр аркылуу" деген сөздөр алып салынсын;
- "айыл өкмөтүнүн, шаар башкармаларынын" деген сөздөр "райондордун" деген сөзгө алмаштырылсын.
6-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 65-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуласындагы "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөр "айылдык аймактын, шаардын жана райондун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статьяда:
- 3-бөлүгүндөгү "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөр "айылдык аймактын, шаардын жана райондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
- 11-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"11. Максаттуу трансферттер - Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин бир түрүнөн башкасына белгилүү максатка берилүүчү каражаттар.".
3. 7-статьяда:
- 1-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "өзүнүн аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөр "райондун финансы органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Максаттуу трансферттер - Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин бир түрүнөн башкасына белгилүү максатка берилүүчү каражаттар.
Максаттуу трансферттер төмөнкү учурларда берилет:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттик кирешелердеги кошумча чыгымдоолорду же жоготууларды компенсациялоого;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик органдардын айрым ыйгарым укуктарын берүүдө жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоону камсыз кылуу үчүн;
3) аралашкан чыгымдык милдеттенмелерди кошо каржылоону камсыз кылуу үчүн.".
4. 15-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрүндөгү "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы" деген сөздөр "айыл өкмөтүнүн башчысы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
26-статья төмөнкү мазмундагы 14-бөлүк менен толукталсын:
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагындагы органдардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин дайындоо "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.".
8-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Президентинен Кыргыз Республикасынын райондук кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө министрликтердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагына өткөрүп берүү тартибин жана графигин иштеп чыксын, бекитсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан башка чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- министрликтердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн иштерин алар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагына өткөрүлүп берилгенге чейин жетектөөнү, координациялоону жана уюштурууну тиешелүү министрликтер жана административдик ведомстволор жүргүзөт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагындагы органдардын жана уюмдардын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштеп жаткан башчылары - райондордун акимдери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын алар бошотулганга жана ушул Мыйзамга ылайык жаңы акимдер дайындалганга чейин сактап калышат.
Кыргыз Республикасынын Президенти