Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры № 595
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 351 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна оңдоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 351 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-беренеде:
- 1-бөлүгүндөгү ", компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "жокко чыгарууга жана" деген сөздөр алып салынсын, "чечимдерин" деген сөздөн кийин "тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганга чейин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-бөлүгүндөгү "токтотуп турууга же жокко чыгарууга" деген сөздөр "тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганга чейин токтотуп турууга" деген сөздөр менен толукталсын;
5 жана 6-беренелер төмөнкү редакцияда берилсин:
"5-берене. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
- түрдүү жөндөмөдөгү "айылдык жана шаардык" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "айылдык, шаардык жана райондук " деген сөздөргө алмаштырылсын;
- түрдүү жөндөмөдөгү "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары", "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары" деген сөздөрдөн мурда түрдүү жөндөмөдөгү "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана", "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар," деген сөздөр менен толукталсын;
- "категориялык гранттар", "категориялык", "категориялык жана" деген сөздөр алып салынсын.
2. 6-статьяда:
- 7-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- максаттуу трансферттер;".
3. 21-статьядагы "жана ошондой эле мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддору" деген сөздөр алып салынсын;
4. 33-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"33-статья. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери
1. Айылдын жана райондук маанидеги шаардын жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт:
1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;
2) муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер;
3) жер салыгы;
4) мүлккө салык;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген реестрге ылайык муниципалдык мекемелердин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү жана аткарган иштери үчүн алардын кирешелери;
7) административдик айыптар жана башка санкциялар;
8) трансферттер, ыктыярдуу төгүмдөр;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес жана башка кирешелер.
2. Облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт:
1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;
2) муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер;
3) жер салыгы;
4) мүлккө салык;
5) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу укугу үчүн алынуучу жерге ижара акысы;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген реестрге ылайык муниципалдык мекемелердин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү жана аткарган иштери үчүн алардын кирешелери;
8) административдик айыптар жана башка санкциялар;
9) трансферттер, ыктыярдуу төгүмдөр;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес жана башка кирешелер.
3. Райондордун жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт:
1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;
2) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу укугу үчүн алынуучу жерге ижара акысы;
3) жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген реестрге ылайык райондук мекемелердин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү жана аткарган иштери үчүн алардын кирешелери;
5) административдик айыптар жана башка санкциялар;
6) трансферттер, ыктыярдуу төгүмдөр;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес жана башка кирешелер.".
5. 35-статьяда:
- 1-4 жана 6-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 5-бөлүгүндөгү "жергиликтүү бюджеттердин" деген сөздөр "райондордун жергиликтүү бюджеттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Максаттуу трансферттер - Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин бир түрүнөн башкасына белгилүү максатка берилүүчү каражаттар. Максаттуу трансферттер төмөнкү учурларда берилет:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттик кирешелердеги кошумча чыгымдоолорду же жоготууларды компенсациялоого;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик органдардын айрым ыйгарым укуктарын берүүдө жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоону камсыз кылуу үчүн;
3) аралашкан чыгымдык милдеттенмелерди кошо каржылоону камсыз кылуу үчүн.".
6. 37-статьянын 4-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр "жергиликтүү кеңештердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 40-статьянын 6-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
8. 42-статьянын 2-бөлүгүнүн "а" пунктунун бешинчи абзацындагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
9. 47-статьяда:
- 1-бөлүгүндөгү "тийиштүү аймактык бөлүмдөр аркылуу" деген сөздөр алып салынсын;
- "айыл өкмөтүнүн, шаар башкармаларынын" деген сөздөр "райондордун" деген сөзгө алмаштырылсын.
6-статья. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 65-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуласындагы "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөр "айылдык аймактын, шаардын жана райондун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статьяда:
- 3-бөлүгүндөгү "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөр "айылдык аймактын, шаардын жана райондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
- 11-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"11. Максаттуу трансферттер - Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин бир түрүнөн башкасына белгилүү максатка берилүүчү каражаттар.".
3. 7-статьяда:
- 1-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "өзүнүн аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөр "райондун финансы органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Максаттуу трансферттер - Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин бир түрүнөн башкасына белгилүү максатка берилүүчү каражаттар.
Максаттуу трансферттер төмөнкү учурларда берилет:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттик кирешелердеги кошумча чыгымдоолорду же жоготууларды компенсациялоого;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик органдардын айрым ыйгарым укуктарын берүүдө жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоону камсыз кылуу үчүн;
3) аралашкан чыгымдык милдеттенмелерди кошо каржылоону камсыз кылуу үчүн.".
4. 15-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрүндөгү "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы" деген сөздөр "айыл өкмөтүнүн башчысы" деген сөздөргө алмаштырылсын.".
2. Бул токтом, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 351 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |