Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-июну № 362
"Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2011-жылдын 21-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2011-жылдын 21-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2011-жылдын 21-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2011-жылдын 21-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарганы жөнүндө Россия тарапка билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 362 токтому менен жактырылган |
Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1995-жылдын 18-июлундагы Көчүп келүү процессин жөнгө салуу жана көчүп келүүчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү макулдашууну ишке ашыруу максатында 1996-жылы Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин алдында ачылган.
Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү миграция чөйрөсүндө кыргыз-россиялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында тараптардын мамлекеттик органдарынын өз ара байланышта иштешүүлөрүн камсыз кылат, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясын ортосунда миграция чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышат, маалымат алмашууну жана өз ара консультацияларды ишке ашырат.
Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин миграциялык органдарынын жетекчилеринин кеңешинин онунчу жыйынында 2011-жылдын 21-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы № 494-б буйругу менен жактырылган.
Бул Макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен чыгымдарды карабайт.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
|
|