Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-июну № 366
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылдык аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20, 25, 31 жана 32-беренелерине, "Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, этностук кыргыздарга - Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районунан көчүп келгендерге жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылдык аймагынын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү жана алардын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Ош облустук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 19-августундагы № 48 токтомун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылдык аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 18,0 га кайрак айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жогорку вольттуу чубалгыларды чыгаруу зарыл болгон учурда каржылоо булагын жана тартибин, ошондой эле электр берүүнүн жогорку вольттуу чубалгылары болгон учурда курулуштун мүмкүн болгон чегин аныктоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|