Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-июну № 368
"Бишкек шаарында 2013-жылдын 22-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 22-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары, кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
2013-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына маалымдасын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 368 токтому менен жактырылган
|
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы бул макулдашуу "Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу" долбоорун каржылоого багытталган.
Долбоор транспорттук коридорду өнүктүрүүнү жана товарларды чек ара аркылуу өткөрүүдө жеке жана институттук тоскоолдорду кыскартуу жолу менен Орто Азия региондук экономикалык кызматташтык (ОАРЭК) регионунда соодага көмөк көрсөтүүнү колдойт.
Долбоор Кыргыз Республикасында үч компоненттен турат:
- Карамык чек арасын кесип өтүү пунктун жакшыртуу, терминалдарды модернизациялоо жана жабдуу, үстүн жабуу менен жолдорду жана жөө адамдар жүрүүчү жолчолорду куруу менен, ошондой эле байланыш, электр менен жабдуу, суу менен жабдуу жана агын сууларды жыйноону камсыздоо;
- Кыргыз Республикасында улуттук бирдиктүү терезени түзүү;
- долбоорду камсыздоонун жана көзөмөлдөөнүн потенциалын бекемдөө.
Долбоорду ишке ашыруудан күтүлгөн акыркы жыйынтык - чек аралар аралык транспорт жана соода иштери үчүн тез, арзан жана алдын ала белгилүү процесстердин болуусу. Мында жыйынтык соодага жана транспортко тоскоол болуучу тар коридорлорду жоюунун, бирдиктүү документтик системаны киргизүүнүн, соода жана транспорттук агымдарды тариздөө процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуунун, тартипке салуунун эсебинен жетишилет.
Жогоруда аталган Макулдашууда Азиялык өнүктүрүү фондунан (АӨФ) 4,2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражатты жана 2748000 СДР эквиваленти менен (эки миллион жети жүз кырк сегиз миң атайын карыз алуу укугу (2748000 = 4200000 АКШ доллары) өлчөмүндө ар кандай валютадагы насыялык карызды бөлүү каралган. Насыя берүү шарттары: мөөнөтү - 31 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү - 8 жыл, пайыздык ставкасы - жылына 1% жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде жана жылына 1,5% кийинки мөөнөткө.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 67-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин 2013-жылдын 14-майындагы № 6-3792к/13, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 2013-жылдын 13-майындагы № 6-12005/13, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 2013-жылдын 16-майындагы № 12428/13 корутундулары менен макулдашылган жана жактырылган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт, кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, тиешелүү экспертизаларды жана коомдук угууларды өткөрүүгө муктаж эмес. Анын ратификацияланышы бюджеттен каржылоонун кошумча булактарын издөөнү талап кылбайт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу Жогорку Кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө ратификацияланууга тийиш.