Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 24-июну № 369
"2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары, кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|
|
|
Долбоор
1-берене.
2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бул макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына маалымдасын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|