Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 386
"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилгелеген "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 386 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесиндеги "карын энелик туурасында келишим" жана "репродуктивдик ден соолук" терминдерин Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин жоболоруна ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин үчүнчү абзацын Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 5-беренесинин экинчи абзацына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз, анткени аталган Кодекс балдардын укуктарынын негизги кепилдиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын регламенттештирген жана "балдар" деген түшүнүктүн ордуна "жашы жетпегендер" деген аныктаманы белгилеген негиз салуучу документ болуп эсептелет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жоболору мыйзам долбоорунда пайдаланылган терминдердин түшүндүрмө аппараттарын ачууга багытталгандыктан, жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтардагы терминдердин маанисин ачууга багытталбаган сүйлөмдөрдү алып салууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун жоболору балалуу болууну каалаган (жубайлар же никеси жок адамдар) адамдар менен карын эненин ортосундагы карын энелик келишимди түзүү мүмкүндүгүн караштырат. Карын эне методун пайдалануу менен ата-эне болууга укуктуу жубайы жок жана никеси жок жалгыз бой адамдардын каалоосун эске алууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн он үчүнчү абзацындагы "19 жашка чейинки" деген сөздөрдү "18 жашка чейинки" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык жашы жетпеген болуп 18 жашка чыга элек бала эсептелет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси менен ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) укуктуу ченем чыгаруучу органдардын тизмеги аныкталган. Буга байланыштуу мыйзам долбоорунун 7-беренесинин бешинчи жана сегизинчи абзацтарынын, 16-беренесинин 6-бөлүгүнүн, 19-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 20-беренесинин 7-бөлүгүнүн, 21-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 22-беренесинин 4-бөлүгүнүн редакцияларын кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Мындан тышкары, коррупциялык жоболорду болтурбоо максатында мыйзам долбоорунун 7-беренесинде жарандардын, репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарынын толук тизмегин аныктоону сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин бешинчи абзацынын редакциясын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык келтирүүнү сунуштайбыз, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн ишин жергиликтүү маанидеги маселелерге ылайык ишке ашыра тургандары белгиленген.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн мазмуну мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболору менен бирдей болуп калган, буга байланыштуу алардын редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүн алып салууну сунуштайбыз, анткени тигил же бул тармактагы адистерди даярдоо маселелери "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу чөйрөгө тиешелүү.
Мыйзам долбоорунун 14-беренесинде 2-бөлүктүн уландысы жана 3-бөлүк жок.
Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин 3-бөлүгүндө көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануу менен тукумсуздукту дарылоо медициналык практиканын ушул түрүнө лицензиясы бар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлөөрү айтылган. Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 4-бөлүгүндө кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу медициналык практиканын ушул түрүнө лицензиясы бар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлөөрү белгиленген. Муну менен бирге, "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык бардык жеке медициналык практика иштин лицензиялануучу түрү болуп санала тургандыгын белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 1-бөлүгүн кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу операциясына медициналык каршы көрсөткүчтөрдүн тизмеги менен толуктоону сунуштайбыз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси бар, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча келип түшкөн сунуштар жөнүндө жыйынтык маалымат аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен, ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылууга тийиш.
Жалпысынан мыйзам долбоорунда өзүнүн дарек ээси жок шилтеме ченемдер көп камтылгандыгын белгилей кетебиз. Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнүн, 16-беренесинин 7-бөлүгүнүн, 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн, 22-беренесинин 6-бөлүгүнүн редакцияларын кайра карап чыгууну жана зарыл болгон учурда тиешелүү ченемдик укуктук актыларга оңдоолорду киргизүүнү сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кирүүсүнүн милдеттүү шарты болуп саналгандыгын эске алуу менен, мыйзам долбоорунун 26-беренесинин 1-бөлүгүн "жарыяланган күндөн" деген сөздөн мурда "расмий" деген сөз менен толуктоону сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорун ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун түзүмдүк тариздөөгө талаптарды аныктоочу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык келтирүү зарылдыгын белгилейбиз.
Ошондой эле сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, аны ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн талап кылат. Муну менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылган ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбайт. Аталган Мыйзамдын 25-беренесине ылайык долбоордун негиздеме-маалымкаты каржылоо булактары жөнүндө маалыматты милдеттүү түрдө камтууга тийиш. Бирок, аталган маалымат, ошондой эле финансы-экономикалык эсептер берилген эмес.