КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июну № 3212-V
"Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-мартында кол коюлган, "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү россия программасынын" (READ) долбоорунун экинчи фазасын каржылоо боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 3-майындагы № 237 токтому) "Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-мартында кол коюлган, "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү россия программасынын" (READ) долбоорунун экинчи фазасын каржылоо боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков
|