Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш мамлекеттикилим-изилдөө долбоорлоо институту жөнүндө ЖОБО
2. Максаты
3. Милдеттери
4. Функциялары
5. Укуктары
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш мамлекеттик илим-изилдөө долбоорлоо институту (мындан ары - Институт) өз ишин архитектура жана курулуш жаатында ишке ашырат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Институт юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, өзүнө бекитилген мүлктөргө оперативдүү башкарууну ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жана аларды тескөө укугуна ээ.
4. Институт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Кыргыз шаар куруу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Кыргыз жер титирөөгө туруктуу илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
5. Институттун иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Курулуш агенттиги), министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун программаларына жана илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук, инженердик-техникалык, технологиялык, окутуу жана башка иштер боюнча тематикалык пландарына (мындан ары - илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер) ылайык, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, ишканалар жана жеке жактар менен түзүлгөн чарбалык келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
Илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин программалары жана тематикалык пландары табыштамачынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Институт тарабынан иштелип чыгат жана Мамкурулуш менен алдын ала макулдашылгандан кийин Институттун жетекчилиги тарабынан бекитилет.
6. Институттун толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш мамлекеттик илим-изилдөө долбоорлоо институту";
расмий тилде: "Государственный научно-исследовательский проектный институт архитектуры и строительства Государственного агентства архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве".
7. Институттун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 172.
2. Максаты
8. Институттун ишинин максаты болуп шаар куруу, архитектура, курулуш, жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш материалдары жана буюмдары жаатында бирдиктүү илимий-изилдөө, долбоорлоо ишин жүргүзүүдөн өткөрүү, ошондой эле имараттар менен курулмаларды инженердик текшерүүдөн өткөрүү, колдонулуудагы жана жаңыдан курулуп жаткан имараттар менен курулмалардын жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
3. Милдеттери
9. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- архитектура, шаар куруу жана курулуш багыттары боюнча илим-изилдөө, долбоорлоо иштерин аткаруу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуштун келечектүү багыттары боюнча илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук, инженердик-техникалык, технологиялык, окутуу жана башка эксперименттик иштерди жүргүзүүдө бирдиктүү илимий-техникалык стратегияны камсыз кылуу;
- курулуш конструкцияларын, материалдарды, буюмдарды, айрым түйүндөрдү, курулуш конструкциялар менен буюмдардын, ошондой эле бүтүндөй алганда имараттардын, инженердик тарамдардын жана курулмалардын элементтерин иштеп чыгуу, сыноо жана инженердик текшерүү;
- жер титирөөгө туруктуу турак жай-жарандык, коомдук жана өнөр жай курулушу, инженердик тарамдар, системалар жана курулмалар, ошондой эле айлана чөйрөнү коргоо (курулуш экологиясы) боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди аткаруу.
4. Функциялары
10. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча, ошондой эле шаар куруу жана архитектура иши жаатында ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу;
- архитектуралык-шаар куруу документтерин, техникалык регламенттердин, стандарттардын жана башка техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле архитектуралык-шаар куруу кадастрын түзүү;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатында теориялык жана эксперименттик изилдөөлөр, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгуу;
- архитектура, шаар куруу, жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш конструкциялары, материалдары жана буюмдары, инженердик тарамдар, системалар жана курулмалар, ошондой эле курулушта айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы илимий-маалыматтык иш жана жетишкендиктерди илимий-техникалык пропагандалоо;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын, инженердик тарамдарды, системаларды жана курулмаларды чыгаруу жаатындагы илимдин жана техниканын жетишкендиктерин курулуштук долбоорлоо аркылуу өнөр жай-жарандык курулушка киргизүү;
- шаар куруу жана архитектура ишинин ар кандай багыттары боюнча илимий-практикалык семинарларды, конференцияларды, семинар-тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле чет өлкөлөрдө жана КМШ өлкөлөрүндө ушундай иш-чараларга катышуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча заманбап ченемдерге жооп берген курулуш материалдарын жана буюмдарын сериялык чыгаруу боюнча жаңы технологияларды өздөштүрүү жана пайдалануу долбоорлоруна катышуу;
- архитектура жана шаар куруу жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышуу;
- калктуу конуштарды майда-чүйдөсүнө чейин пландоонун башкы пландарын жана долбоорлорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү;
- Институт иштеп чыккан долбоордук документтер боюнча ишке ашырылуучу курулушка белгиленген тартипте автордук көзөмөл жүргүзүү;
- курулуш конструкцияларына, материалдарына жана буюмдарына сыноолорду, ошондой эле сертификаттоо жана стандартташтыруу максатында сыноолорду өткөрүү;
- курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө ниеттенген лицензиялоо субъектилерине экспертиза жүргүзүү, имараттарды жана курулмаларды инженердик текшерүү, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын чыгаруу, ошондой эле шаар куруу жана архитектура обьекттерин профилдик өзгөртүү, кайра пландоо жана кайра конструкциялоо;
- архитектура, шаар куруу жана инженердик курулуш жаатында илим жана техниканын жетишкендиктерин киргизүү;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана курулуш экспертизасы жаатында инженердик-техникалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- ар кандай багыттагы жана жоопкерчилик деңгээлиндеги имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун, эскирүү деңгээлин жана техникалык абалын аныктоо максатында аларды инженердик текшерүү.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат.
5. Укуктары
11. Институт төмөнкү укуктарга ээ:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды суроого жана алууга;
- сотто доогер жана же жооп берүүчү катары өзүнүн атынан чыгып сүйлөөгө;
- Институттун компетенциясына кирген, өз ишинде колдонуу үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- иштин толук көлөмүн, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык конструктордук иштердин айрым баскычтарын же бөлүмдөрүн, иштин башка түрлөрүн аткарууга өз алдынча подряддык жана субподряддык келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ара пайда жана тең укуктуулук принциптеринде өзүнүн өндүрүштүк-экономикалык ишин жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуу сабактарынын багытына ылайык келген кафедралардын филиалдарын уюштурууга;
- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткарууда убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүүгө же айрым иштерди аткаруу үчүн Институт негизги аткаруучу катары аныкталган эмгек келишимдери боюнча адистерди тартууга;
- Мамкурулуш менен макулдашуу боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүгө (илимий-изилдөө, долбоордук институттар, Институттун филиалдары, борборлор);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Институттун ишин уюштуруу
12. Институтту Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана жана кызматтан бошотуучу башкы директор жетектейт.
13. Башкы директордун орун басарлары болот. Башкы директордун орун басарларын Институттун директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору кызматка дайындайт. Башкы директор жок учурда анын милдеттерин башкы директордун оруп басарларынын бири аткарат.
14. Башкы директор:
- Институттун ишине жалпы жетекчилик кылат жана анын милдеттерин жана функцияларын аткаруу боюнча жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Институттун финансы-экономикалык абалына жараша кызматкерлердин эмгек акыларына үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү белгилейт;
- айрым иштерди аткарууга эмгек келишимдерин жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Институттун жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, буюрмаларды чыгарат, ошондой эле алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо белгиленген функцияларды ишке ашырууга керектүү документтерге кол коет;
- Институттун атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарына жана уюмдарына Институттун атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- мүлктөрдү, финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди чыгарат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Институттун алдында түзүмдүк бөлүмдөр түзүлгөн учурда алар жөнүндө жоболорду Мамкурулушка бекитүү үчүн киргизет.
15. Илимий, долбоордук иштеп чыгууларды, изилдөөлөрдүн натыйжаларын, курулуш объекттерин инженердик изилдөөнүн натыйжалары боюнча техникалык корутундуларды, долбоордук документтерди, инженердик жана экономикалык маселелерди кароо жана талкуулоо, ошондой эле шаар куруу жана архитектуралык иш жаатындагы диссертациялык иштерди рецензиялоо үчүн Институтта коллегиялык орган катары Институттун жана башка уюмдардын жогорку квалификациялуу адистеринен турган Илимий-техникалык кеңеш (мындан ары - ИТК) түзүлөт.
Институттун ИТКсын башкы директор жетектейт.
ИТКнын курамын жана санын Мамкурулуш менен макулдашуу боюнча башкы директор бекитет.
7. Институттун мүлкү
16. Институттун мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Институттун балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
17. Институттун негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
18. Институтту кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Институт жоюлган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.