Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-2014-жылдары медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер ПРОГРАММАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 706, 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 229 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - бул Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам берүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары, алар менчигинин түрүнө карабастан, бул программага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катышкан саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын медициналык-санитардык жардам алуу укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат.
2. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн көлөмү төмөнкү каражаттардан саламаттык сактоону каржылоо чегинде аныкталат:
- республикалык бюджеттин;
- жергиликтүү бюджеттин;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруунун.
3. Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоону башкарууну төмөнкүлөр жүргүзөт:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- амбулаториялык деңгээлде жарандардын айрым категорияларын дары менен жеңилдиктүү камсыз кылуу жана Жогорку технологиялар фондунан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо бөлүгүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
4. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөр милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын аткарууга келишим түзгөн дарыкана мекемелери жана саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.
5. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз жана жеңилдетилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттары болуп жеңилдиктерге укукту күбөлөгөн документтин болушу, ошондой эле лабораториялык-диагностикалык текшерүүгө, стационарга жаткырууга төмөнкү адистер жазып берген жолдомолор саналат:
- үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун;
- үй-бүлөлүк медицина борборлорунун;
- жалпы дарыгердик практика борборлорунун;
- ведомстволук медицина кызматынын адистери;
- аскердик-дарыгердик комиссиянын адистери;
- стационарлардын консультациялык-диагноздук бөлүмдөрүнүн.
2. Медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү
6. Мамлекеттик кепилдиктер программасы медициналык-санитардык жардамдын төмөнкү түрлөрүн камсыз кылат:
- алгачкы медициналык-санитардык жардамды;
- шашылыш медициналык жардамды;
- амбулаториялык шарттарда адистештирилген медициналык-санитардык жардамды;
- стационардык жардамды;
- Жогорку технологиялар фондунун эсебинен көрсөтүлүүчү медициналык жардамды;
- стоматологиялык жардамды;
- дары жана вакцина менен камсыздоону;
- иммунопрофилактиканы.
§ 1. Алгачкы медициналык-санитардык жардам
7. Амбулаториялык шарттарда алгачкы медициналык-санитардык жардамды төмөнкүлөр көрсөтүшөт:
- фельдшердик-акушердик пункттардын фельдшерлери;
- үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун дарыгерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер;
- үй-бүлөлүк медицина борборлорунун адистери;
- жалпы дарыгердик практика борборлорунун адистери.
8. Алгачкы медициналык-санитардык жардам үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталган (тейленүүчү) Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкү көлөмдө акысыз көрсөтүлөт:
1) алдын алуу:
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо, сергек жашоону калыптандыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- алдын алуучу эмдөөлөрдү Улуттук календардын алкагында жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык иммундаштырууну жүргүзүү;
- эпидемияга каршы иш (жугуштуу оорулар очокторунда);
- оорулууларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн өзүн өзү контролдоого, өзүнө жана бири-бирине жардам көрсөтүүгө үйрөтүү;
2) диагностика:
- дарыгердин кабыл алуусу;
- адистен жолдомо болсо, базалык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр:
- кандын жалпы анализи;
- зааранын жалпы анализи жана анын тунмасынын микроскопиясы;
- уретралдык мазоктун микроскопиясы;
- вагиналдык мазоктун микроскопиясы;
- какырыктын анализи (мазоктун микроскопиясы);
- кандагы канттын өлчөмүн аныктоо;
- заарада канттын өлчөмүн аныктоо;
- электрокардиограмма;
3) дарылоо:
- кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;
- иммобилизация;
- медикаменттик дарылоону дайындоо;
- медициналык ийне саюу (ички көк кан тамырга, булчуңга, тери астына).
9. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралардан сырткары лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) дарыгердин жолдомосу болгондо акысыз:
- ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн Медициналык-санитардык жардамды акысыз алууга укуктары бар жарандардын категорияларынын тизмесинин I жана II бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн жарандарга;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдү өз алдынча төлөгөндөргө;
- 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарга (жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары - окуусун бүткөнгө чейин, бирок алар 18 жашка чыкканга чейин гана);
- 70 жашка чейинки пенсионерлерге;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар жарандарга;
- ай сайын социалдык жөлөкпул алган адамдарга;
2) баалар прейскуранты боюнча медициналык кызматтын толук наркын төлөө менен - калган жарандарга.
Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранты саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча бекитилет.
§ 2. Шашылыш медициналык жардам
10. Шашылыш медициналык жардам - бейтаптарга жашоо көрсөткүчтөрү боюнча тез медициналык кийлигишүү талап кылынган акыбалда (кырсык, кокустук, уулануу, башка ооруларда жана оор акыбалында) төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрү:
- шашылыш медициналык жардам кызматы;
- менчигинин түрүнө карабастан дарылоо-алдын алуучу уюмдарга кайрылганда.
11. Шашылыш медициналык жардам Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына акысыз көрсөтүлөт.
§ 3. Амбулаториялык шарттарда адистештирилген медициналык-санитардык жардам
12. Амбулаториялык шарттарда адистештирилген медициналык-санитардык жардамды:
- стационарлардын амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдөрүнүн;
- стационарлардын консультациялык диагностикалык бөлүмдөрүнүн;
- үй-бүлөлүк медицина борборлорунун;
- жалпы дарыгердик практика борборлорунун адистери көрсөтүшөт.
13. Амбулаториялык шарттарда адистештирилген медициналык-санитардык жардам үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталган (тейленүүчү) Кыргыз Республикасынын жарандарына ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 8-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн көлөмдө акысыз көрсөтүлөт.
14. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 16-пунктунда келтирилген кымбат баалуу изилдөөлөрдү жана манипуляцияларды кошпогондо, консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрдө лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 8-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн иш-чаралар жолдомо болгондо:
1) Тизменин I жана II бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн жарандарга - акысыз;
2) калган жарандарга - медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранты боюнча көрсөтүлөт.
15. Бейтапта үй-бүлөлүк медицина борборлорунан/үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунан, жалпы дарыгердик практика борборлорунан керектүү анализдери жана стационардык дарыланууга жолдомосу болсо бейтап стационарлардын консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрүндө кошумча текшерүүсүз ооруканага жаткырылат.
16. Жарандар жеңилдиктерге укуктарынын бар-жоктугуна карабай, кымбат баалуу изилдөөлөрдүн жана манипуляциялардын наркын баалар прейскуранты боюнча төлөшөт:
- перифериялык тамырлардын, баш мээсинин жана ички органдардын тамырларынын ангиографиясы;
- жүрөк кемтигинде ангиокардиография;
- гемосорбция;
- гемодиализ;
- компьютердик томография;
- коронарография;
- плазмоферез;
- ядролук-магниттик-резонанстык томография;
- литотрипсия.
Кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарындагы манипуляциялар тиешелүү адистен жолдомо болгон учурда Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына акысыз көрсөтүлөт.
§ 4. Стационардык жардам
17. Стационарларга шашылыш көрсөткүчтөрү боюнча түшкөн бардык жарандарга стационардык жардам өмүрүнө коркунуч туудурган акыбалынан чыгарылганга, дем алуу жана гемодинамика көрсөткүчтөрү турукташканга чейин бекер көрсөтүлөт. Андан ары бейтаптар:
- ооруканага жаткырууга жолдомосу бар катары пландуу стационардык жардам көрсөтүү шартында тейленүүгө которулат;
- же амбулаториялык шарттарда дарыланууга жиберилет.
18. Пландуу стационардык жардам ооруканага жаткырууга жолдомо болгондо гана төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
1) төмөндө көрсөтүлгөн жарандарга - акысыз:
- Тизменин I бөлүмүндө, бирок жылына эки жолу пландуу ооруканага жаткыруудан ашык эмес (5 жашка чейинки балдарды кошпогондо);
- Тизменин II бөлүгүндө, негизги оорусу боюнча;
2) минималдуу деңгээлде кошумча төлөө шарты менен төмөнкү жарандарга:
- 70 жашка чейинки пенсионерлерге;
- "Эмгек ардагери" медалы менен сыйланган адамдарга;
- социалдык жөлөкпул алган адамдарга;
3) орточо деңгээлде кошумча төлөө шарты менен төмөнкү жарандарга:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн өз алдынча төлөгөндөргө;
- 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарга (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - окуусун бүткөнгө чейин, бирок алар 18 жашка чыкканга чейин);
- айыл чарбасында эмгектенген жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн төлөгөн адамдарга;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн өз алдынча: төлөгөн адамдарга;
- аскер кызматчыларына жана аларга теңештирилген адамдарга;
- пландуу стационардык дарылоого бир жылда үчүнчү жана андан көп жолу түшкөн, Тизменин I бөлүмүндө көрсөтүлгөн (5 жашка чейинки балдарды кошпогондо) жарандарга;
4) ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 18-пунктунун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлбөгөн калган жарандарга максимум деңгээлде кошумча төлөө шарты менен.
19. Кошумча төлөмдүн өлчөмү ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 2-тиркемесинде берилди жана жеңилдиктерге укуктарына, оорунун профилине жана көрсөтүлгөн кызматка жараша бөлүштүрүлөт. Оорунун профилине жана көрсөтүлгөн кызматка жараша:
- терапиялык профилдеги кошумча төлөм;
- хирургиялык профилдеги кошумча төлөм белгиленет.
20. Бейтаптар төлөгөн төмөнкү медициналык кызмат көрсөтүүлөр терапиялык профилдеш кошумча төлөөгө теңештирилет:
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен, аз чыгымдуу хирургиялык жана гинекологиялык операциялар жана манипуляциялар тизмеси боюнча операциялар жана манипуляциялар;
- гинекологиялык жана хирургиялык профилдеги бөлүмдөрдө операция жасоосуз дарылоо.
21. Стационардык дарылоодо керектүү консультациялар, лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн кошумча акы алууга жол берилбейт (ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 16-пунктунда келтирилген кымбат баалуу изилдөөлөр менен манипуляцияларды кошпогондо).
22. Ооруканага жаткырууга жолдомосу бар жана ооруканага чейинки этапта алдын ала текшерүүдөн өткөн бейтаптарды ооруканага жаткыруу стационарлардын амбулаториялык-диагностикалык жана консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрүндө кошумча текшерүүсүз жүргүзүлөт.
23. Кыргыз Республикасынын аз камсыз болгон категорияга кирген, кепилденген минимум кирешеден төмөн кирешеси бар, белгилүү бир жашаган жери жок, документсиз келип түшкөн жарандар, мөөнөттүү аскер кызматчылары социалдык коргоо органдары же айыл өкмөтү, аскердик бөлүктүн командири берген маалымкатты бергенде, ушул саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин ички буйругу менен түзүлгөн саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдоо комиссиясынын чечими боюнча кошумча төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.
Кошумча төлөөдөн бошотулган жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү саламаттык сактоо уюмунун бириктирилген бюджетинин эсебинен жүзөгө ашырылат.
§ 5. Жогорку технологиялар фондунун каражаттарынын эсебинен көрсөтүлүүчү медициналык жардам
24. Дарылоонун жогорку технологиялык жана кымбат баалуу методдоруна муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Жогорку технологиялар фондунун каражаттарынын эсебинен жарым-жартылай же толук төлөө менен дарыланышы мүмкүн.
§ 6. Стоматологиялык жардам
25. Стоматологиялык жардамды үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жана жалпы дарыгердик практика борборлорунун стоматологиялык поликлиникалары жана стоматология бөлүмдөрү (кабинеттери) көрсөтөт.
26. Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына стоматологиялык жардамдын төмөнкү түрлөрү акысыз көрсөтүлөт:
- ооз көңдөйүнүн былжырлуу кабыкчасын жана тиштерди таза күтүү боюнча санитардык-гигиеналык көндүмдөргө калкты үйрөтүү;
- мектепке чейинки билим берүү балдар уюмдарында балдардын, жалпы орто билим берүүчү уюмдардын окуучуларынын, эсепке алынган кош бойлуу аялдардын ооз көңдөйүн алдын ала кароо;
- кечиктирилгис стоматологиялык жардам, керектүү медикаментоздук камсыз кылуу менен;
- 10 жашка толгон балдардын, 70 жаштагы жана андан улуу пенсионерлердин, кош бойлуулугу боюнча катталган жеринде эсепке алынган аялдардын ооз көңдөйүн санациялоо.
27. Амбулаториялык шарттарда адистештирилген стоматологиялык жардам жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Баалардын прейскурантына ылайык көрсөтүлөт.
§ 7. Дары жана вакцина менен камсыздоо
28. Мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууну дары менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасынын жашоого маанилүү дары каражаттарынын тизмесине ылайык мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн калктын кошумча төлөм каражаттарынан саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо көлөмдөрүндө аныкталат.
29. Дары менен камсыздоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- кечиктирилгис/шашылыш медициналык жардам көрсөткөндө;
- антирабикалык жардам көрсөткөндө;
- иммунопрофилактикада;
- айрым оорулар учурунда клиникалык көрсөткүчтөр боюнча амбулаториялык деңгээлде;
- стационардык жардам көрсөткөндө.
30. Бардык жарандарга кечиктирилгис/шашылыш медициналык жардам көрсөтүүдө дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар акысыз берилет.
31. Медициналык кабыл алуунун жүрүшүндө зарыл болгон манипуляциялар, текшерүүлөр үй-бүлөлүк медицина борборлору/үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору сатып алган медикаменттерди эске алуу менен жүргүзүлөт.
32. Кутурма жугуу коркунучунда бейтапка эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча антирабикалык жардам көрсөтүү акысыз жүргүзүлөт.
33. Бейтапка антирабикалык жардам үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда, стационарларда көрсөтүлөт.
§ 8. Иммунопрофилактика
34. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен, Алдын алуучу эмдөөлөр жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөр улуттук календарынын алкагында иммунопрофилактика/вакцинациялоо Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына акысыз жүргүзүлөт.
35. Алдын алуучу эмдөөлөр жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөр улуттук календарынын алкагындагы иммунопрофилактика/вакцинациялоону мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, үй-бүлөлүк медицина, жалпы дарыгердик практика борборлору, стационарлар көрсөтүшөт.
3. Айрым ооруларда амбулаториялык деңгээлде Кыргыз Республикасынын жарандарын дары менен акысыз жана жеңилдетилген камсыздоо
36. Дары каражаттарын узак жана дайыма колдонууну талап кылган өнөкөт оорулуу бейтаптар үчүн дары менен жардам төмөнкү ооруларда акысыз көрсөтүлөт:
- инсулинге көз каранды кант диабети;
- инсулинге көз каранды эмес кант диабети;
- кантсыз диабет;
- гемофилия;
- кургак учук.
Гемофилия менен ооруган 16 жашка чейинки балдар амбулаториялык деңгээлде үй-бүлөлүк медицина борборлору/үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, жалпы дарыгердик практика борборлору аркылуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан, 3-тиркемеде көрсөтүлгөн берүү ченемдерине ылайык VIII, IX кан факторлору концентраттары менен акысыз камсыздалат.
Муктаждык эсепте турган оорулардын санына жана учурдагы жылды каржылоого жараша белгиленген ченемдерге ылайык аныкталат. Кан факторлорунун концентраттарын бөлүштүрүүнү милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган оорулуулардын арыздарына, саламаттык сактоо уюмдары берген табыштамаларга ылайык жүргүзөт.
Гемофилия менен ооруган балдарга кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн кан факторлору концентраттарын саламаттык сактоо уюмдарынын стационардык адистештирилген бөлүмдөрү аркылуу берүүгө жол берилет.
37. Дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн берүү ченемдерине ылайык үй-бүлөлүк медицина борборлору/үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, жалпы дарыгердик практика борборлору аркылуу, Бишкек шаарында - шаардык эндокринологиялык диспансер аркылуу акысыз берилет.
Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды эсепке алуу, сактоо жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
38. Фельдшердик-акушердик, пункттардын фельдшерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун дарыгерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, жалпы дарыгердик практика борборлорунун жана Республикалык психикалык ден соолук борборунун адистери жазып берген жеңилдетилген рецепттер боюнча дарыкана тарамдары аркылуу дары каражаттары менен ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн берүү ченемдерине ылайык төмөнкүлөр камсыз кылынат:
- паранойялык шизофрения менен ооругандар;
- ар кандай генездеги аффективдик бузулуулар менен ооругандар;
- талма менен ооругандар;
- бронхалык астма менен ооругандар;
- терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулар.
Көрсөтүлгөн оорулар боюнча дары-дармек жагынан жеңилдиктер менен камсыз болууга үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда да эсепке алынган жана катталган, Социалдык фонддун 14-маанилүү идентификациялык номерине ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары укуктуу. Онкологиялык оорулуулар үчүн бейтаптын ким экендигин тастыктаган документин көрсөтүүгө жол берилет. Мындай учурда бейтапты Социалдык фонддо жекелештирүү саламаттык сактоо уюму берген суроо-талаптын/табыштамалардын негизинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери тарабынан тездетилген тартипте жүргүзүүгө тийиш. Жеңилдиктер дары каражатынын белгиленген базистик баасынын 100 пайыз өлчөмүндө көрсөтүлөт.
Өзгөчө учурларда, баңги заттарын, психотроптук жана таасири күчтүү препараттарды сатууга укуктуу дарыкана мекемелери айыл жергесинде жок болсо, үй-бүлөлүк медицина борборлору же жалпы дарыгердик практика борборлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен макулдашуу боюнча терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулуулар, паранойялык шизофрения, ар кандай генездеги аффективдик бузулуулар, талма, бронхалык астма менен ооругандар дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен үй-бүлөлүк медицина борборлорунун же жалпы дарыгердик практика борборлорунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен акысыз камсыздалышы мүмкүн (ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемеси).
39. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дары каражаттары менен дарыканалар тарамы аркылуу камсыз кылынат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дары каражаттарынын тизмеги Жашоого маанилүү дары каражаттарынын тизмегинин негизинде түзүлөт. Жашоого маанилүү дары каражаттарынын тизмегине кирбеген 10% генерикалык аталыштар чегинде дары каражаттары бул Тизмекке кошумча киргизилиши мүмкүн.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дары каражаттарына рецепттерди үй-бүлөлүк дарыгерлер, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери, өзгөчө учурларда фельдшердик-акушердик пункттардын фельдшерлери алардын камсыздандыруу макамын текшергенден кийин милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга гана жазып берет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 706 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 38 жана 39-пунктунда көрсөтүлгөн жеңилдиктерге ылайык дары каражаттарын берүүнү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзгөн дарыкана мекемелери жүргүзөт.
Дары каражатына жеңилдетилген рецеби бар жарандар дары каражатынын чекене баасы менен медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген ордун толтуруу баасынын ортосундагы айырманы төлөшөт.
Жеңилдетилген рецепт боюнча дары каражаттарын оорулуунун тапшырмасы боюнча анын тууганы, ошол рецептти жана туугандык мамилесин далилдеген документти көрсөткөндө алышы мүмкүн.
41. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 38, 39-пункттарында көрсөтүлгөн жеңилдиктер категорияларынын рецепттерин жазып берүү, дары каражаттарын берүү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Стационардык жардам көрсөтүүдө дары каражаттары, медициналык багыттагы буюмдар менен камсыздоо
42. Жарандарды стационардык шарттарда дары менен камсыздоо республикалык бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын, атайын каражаттардын жана кошумча төлөөлөрдүн, ошондой эле гуманитардык жардамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардын эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси бекиткен, Жашоого маанилүү дары каражаттарынын тизмесинин негизинде түзүлгөн дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын ооруканалык тизмесинин алкагында жүргүзүлөт.
43. Дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын ооруканалык тизмесине стационардын профилине жана өзгөчөлүгүнө ылайык Жашоого маанилүү дары каражаттарынын тизмегине генерикалык дары каражаттарынын санынын 20 пайызына чейинки дары каражаттары кошумча киргизилиши мүмкүн. Ооруканалык тизме Жашоого маанилүү дары каражаттарынын тизмеги кайра каралгандыгына жараша кайра каралып турат.
44. Генерикалык аталыштары боюнча дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды дайындоо стационардык оорулуунун медициналык картасында чагылдырылат.
45. Саламаттык сактоо уюму дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын бар экендиги жөнүндө маалыматты бейтап үчүн көрүнүктүү жерде камсыздайт.
46. Эгерде бейтапты дары менен камсыздоого жумшалган иш жүзүндөгү чыгым медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен дарылоонун орточо наркынан үч эсе ашып кеткен учурда, стационардын дарылоо-контролдук комиссиясы бейтапты андан ары дарылоо үчүн, анын жеңилдиктерге укуктары бар экендигине карабай дары каражаттарга кошумча чыгашаларды бейтаптын каражаттарынын эсебинен төлөө жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 706 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
47. Мамлекеттик кепилдиктер программасына мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын жана натыйжалуулугун ишке ашырууну баалоо медициналык кызматтын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жөнүндө бейтаптардын пикирин иликтөө үчүн клиникалык колдонмолордо/протоколдордо чагылдырылган, саламаттык сактоо уюмдары менен келишимдердин аткарылышынын индикаторлорунун негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
|
| Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-2014-жылдары медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 1-тиркеме |
2013-2014-жылдары Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардамды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда алууга укуктуу жарандардын категорияларынын ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 706 токтомунун редакциясына ылайык)
I бөлүм Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардамды амбулаториялык деңгээлде жана стационарларда социалдык макамы боюнча акысыз алууга укуктуу жарандардын категориялары
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын майыптары.
3. Эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө аскердик аракеттердин жүрүшүндө жабыркаган жана майып болгон жарандар.
4. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы күжүрмөн эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жарандар.
5. Концлагерлердин мурдагы туткундары.
6. Ленинград шаарынын блокадасында болгон адамдар.
7. 70 жаштан ашкан эмгек ардагерлери.
8. "Баатыр эне" ордени жана "Мать героиня" ордени менен сыйлангандар.
9. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушу колонналарына (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлоо менен мобилизацияланып, кийин реабилитацияланган жарандар.
10. Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин 3 даражасы менен сыйланган адамдар.
11. Социалисттик Эмгектин Баатырлары.
12. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмачылык даражасы ыйгарылган, I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган жарандар.
13. Башка мамлекеттердин аймагындагы болгон согуштук аракеттерге катышкандар.
14. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жапа чеккен жарандар (радиациялык авариялардын кесепетинен пайда болгон оорулар менен ооруган адамдар; 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу иштерине катышкан адамдар, ошондой эле майыптыгы Чернобыль кыйроосу менен байланышы аныкталган майыптар; 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар; Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуда каза тапкандардын жана Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттеринен пайда болгон оорулардан каза тапкандардын үй-бүлөлөрү; Кыргыз Республикасына 1986-жылы көчүрүү зонасынан эвакуацияланган (өз ыктыяры менен келген) же көчүрүп келинген адамдар, ошондой эле 1986-жылы жана андан кийинки жылдары көчүрүү зонасынан өз ыктыяры менен келген адамдар; Чернобыль АЭСиндеги авариядан кийин көчүрүү укугу менен жашаган жеринен Кыргыз Республикасына өз ыктыяры менен келген адамдар; көчүрүү зонасында, көчүрүү укугу менен жашаган жеринде кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы аскер кызматчылары жана адамдар; көчүрүү зонасынан жана көчүрүү укугу менен жашаган жеринен Кыргыз Республикасына эвакуацияланган жана көчүп келген 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр, анын ичинде эвакуация учурунда энесинин боюнда бар балдар, ошондой эле ЧАЭСтеги аварияга катышкан жарандардын биринчи жана кийинки муундардагы балдары).
15. Аскердик кызмат милдетин аткарууда жаракат жана мертинүү алып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
16. Курман болгон жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлө мүчөлөрү (эгерде курман болгон адам жалгыз баласы болсо, ата-энеси (атасы, энеси) пенсиялык куракка жеткенге чейин, он сегиз жашка чейинки балдары), ошондой эле ден соолугуна оор, анча оор эмес жана жеңил зыян келтирилген соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу менен ырасталган адамдар, ошондой эле 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусунда, 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек жана Нарын шаарларында, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусунда жана 2010-жылдын июнь окуяларында Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад облустарында алган жаракаттарынан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген деп таанылган адамдар.
17. Эмгектик мертинүүнүн, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
18. Угуусу жана көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
19. Бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
20. 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.
21. 5 жашка чейинки балдар.
22. Мамлекеттик балдар үйлөрүндө, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө (асырап алган үй-бүлөдө), жетим балдар үчүн интернаттарда жашаган жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар.
23. Карылар жана майыптар үчүн интернат үйлөрдө жашаган жарандар.
24. Амбулаториялык деңгээлде медициналык текшерүүгө же стационардык шартта дарыланууга аскердик-врачтык комиссиялар тарабынан жиберилген анык аскердик кызматка чакырылууга тийиштүү болгон жарандар.
25. Ведомстволук саламаттык сактоо уюмдарында квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү мүмкүн болбогон учурларда мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары аскер кызматын өтөгөн мезгилде.
26. АИВ/ЖИТС менен жашаган адамдар.
27. 4 жана андан ашык жашы жетпеген балдары бар көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдары (билим берүүчү уюмдардын окуучулары - окууну бүткөнчө, бирок 18 жашка толгонго чейин), социалдык өнүктүрүү органдарынын маалымкатын көрсөткөндө.
28. 70 жаштагы жана андан ашкан пенсионерлер.
II бөлүм Амбулаториялык жана стационардык деңгээлдерде негизги оорусунун клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча медициналык-санитардык жардамды акысыз алууга укуктуу жарандардын категориялары
1. Кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган аялдар.
2. Стационардык дарыланууда кош бойлуулугунун патологиясы менен келген аялдар (негизги диагнозу боюнча).
3. Социалдык жана медициналык көрсөткүчтөрү боюнча боюнан алдырууга келген аялдар.
4. Төрөткө келген аялдар.
5. Төрөттөн кийин 10 жуманын ичинде төрөттөн кийинки кошумча оорулар менен түшкөн аялдар.
6. Кургак учук менен ооругандар.
7. Бронхалык астма менен ооругандар.
8. Терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулуулар.
9. Психикалык оорулуулар (паранойялык шизофрения, өнөкөт жөөлүү, ар кандай генездеги аффекттик бузулуулар).
10. Талма менен ооругандар.
11. Кант диабети менен ооругандар.
12. Кантсыз диабет менен ооругандар.
13. Өтө кооптуу жана карантиндик инфекциялар менен ооруган адамдар жана алар менен байланышта болгондор (ич келте, бөртмө келте, күйдүргү, кара тумоо).
14. Кутурма оорулуулар менен байланышта болуп, оору жугушу мүмкүн болгон адамдар.
15. Менингококк менингити менен ооругандар.
16. Гемофилия менен ооругандар.
17. Алдын ала тергөөдөгү адамдар, ошондой эле жазасын өтөп жаткан адамдар, бейтаптын өмүрүнө коркунуч туудурган, кечиктирилгис абал пайда болгондо пенитенциардык системанын медициналык кызматтарында, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө изоляторунда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоо изоляторлорунда жардам көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда.
|
| Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-2014-жылдары медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 2-тиркеме |
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча ТӨЛӨӨ ДЕҢГЭЭЛИ
Кошумча төлөөлөрдүн түрлөрү | Стационарлар, республикалык тарды кошпогондо (сом менен) | Республикалык стационарлар (сом менен) | ||
Терапиялык профилдеги кошумча төлөө | Ооруканага жаткырууга жолдомо болгондо | Минимум деңгээл | 330 | 330 |
Орточо деңгээл | 840 | 1160 | ||
Максимум деңгээл | 2650 | 2980 | ||
Хирургиялык профилдеги кошумча төлөө | Ооруканага жаткырууга жолдомо болгондо | Минимум деңгээл | 430 | 430 |
Орточо деңгээл | 1090 | 1510 | ||
Максимум деңгээл | 3440 | 3870 | ||
|
| Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-2014-жылдары медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 3-тиркеме |
Айрым оорулар учурунда дары каражаттарды берүү ЧЕНЕМДЕРИ
Оорулардын аталышы | Дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын аталышы | Жылына 1 орулууга берүү ченеми | Сатып алууга жооптуу |
Инсулинге көз каранды кант диабети | Инсулиндер, шприцтер | Муктаждыкка жараша | Саламатсакмин |
Инсулинге көз каранды эмес кант диабети | Глибенкламид 5 мг | 5 таңгак (600 таблетка) | Саламатсакмин |
Кантсыз диабет | Десмопрессин 5 мл | 20 флакон | Саламатсакмин |
Гемофилия | Криопреципитат 15 мг | 20 флакон | Саламатсакмин |
Кургак учук | DOTS программасы боюнча | Муктаждыкка жараша | Саламатсакмин |
Мурда кан факторлору менен дарыланган гемофилия менен ооруган 16 жашка чейинки жана андан улуу балдар | VIII, IX факторлордун концентраттары | 6500 ME | ММКФ |
Айрым оорулар учурунда жеңилдетилген шарттарда дарыкана тарамдары аркылуу дары каражаттарын берүү ЧЕНЕМДЕРИ
Оорунун аталышы | Дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын аталышы | Жылына 1 бейтапка берүү ченеми |
Терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулар | Кетопрофен, инъекциялар үчүн ампулалар | 36000 мг |
Тримеперидин гидрохлорид, инъекциялар үчүн ампулалар | 4800 мг | |
же морфин гидрохлорид, инъекциялар үчүн ампулалар, таблеткалар | 3000 мг | |
же трамадол, инъекциялар үчүн ампулалар | 36000 мг | |
Психикалык бузулуулары бар оорулуулар (талма, шизофрения, аффективдүү бузулуштар) | Галоперидол, таблеткалар, инъекциялар үчүн ампулалар | 2100 мг |
Тригексифенидил, таблеткалар | 720 мг | |
Клозапин, таблеткалар же хлорпромазин, таблеткалар | 9000 мг | |
Амитриптилин, таблеткалар | 13500 мг | |
Клоназепам, таблеткалар | 360 мг | |
Фенобарбитал, таблеткалар | 21000 мг | |
же карбамазепин, таблеткалар | 108000 мг | |
Бронхалык астма | Сальбутамол, ингаляциялар үчүн аэрозоль | 80 мг |
Бекламетазон, ингаляциялар үчүн аэрозоль | 60 мг/150 мг | |
Преднизолон, таблеткалар | 3600 мг |