Загрузка документа…
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 577 токтомунун редкциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканаларды жана акционердик коомдорду башкаруу маселеси боюнча тармактар арасында натыйжалуу өз ара байланышта иш жүргүзүү үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык координациялоочу орган.
2. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого таянат.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоону, анын жыйындарын даярдоону жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд (мындан ары - жумушчу орган) камсыз кылат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты жана милдети
4. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн алардын финансылык-чарбалык ишине комплекстүү талдоо жүргүзүү болуп саналат.
5. Аталган максатты ишке ашыруу үчүн Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болот:
- бухгалтердик-финансылык жана башкаруучулук отчеттун документтерин изилдөөнүн негизинде мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишине комплекстүү талдоо жүргүзүү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд берген маалыматтын негизинде акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун профилдик эмес активдерин - экономикалык иштин негизги түрүнө кирбеген, чектеш жана көмөкчү өндүрүштөрдө пайдаланылбачу мүлкүн, анын ичинде чарбакер коомдордун уставдык капиталдарындагы акциялардын пакетин жана катышуу үлүштөрүн инвентаризациялоо;
- төмөнкүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү:
а) мамлекеттик ишканалардын уюштуруу структуранын оптималдаштыруу боюнча;
б) натыйжасыз мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп түзүү, жоюу боюнча;
в) мамлекеттик ишканаларды башкарууну андан ары өркүндөтүү боюнча;
г) акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун профилдик эмес активдерин андан аркы натыйжалуу башкаруу, анын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатуу боюнча;
д) акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканаларда жана акционердик коомдордо эсеп жүргүзүүнүн борборлошкон автоматташтырылган информациялык системасын киргизүү боюнча.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын функциялары
6. Тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
төмөнкүлөргө талдоо жүргүзөт:
- акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны талдайт жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- мамлекеттик ишканалардын ишинин финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө;
- инвестициялык иштин натыйжалуулугуна;
- өндүрүштүк ресурстардын, активдердин жана капиталдын натыйжалуу пайдаланылышына;
- оптималдаштыруу максатында ички уюштуруу структурасына;
- ички контроль жана аудит системасына, маалыматты ачыкка чыгаруунун механизмдерине жана акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишинин ачык-айкындыгына талдоо жүргүзөт;
- башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна;
төмөнкүдөй сунуштарды иштеп чыгат:
- мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп түзүү, жоюу, акциялаштыруу, боюнча;
- мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун арттыруу, пайдасын жана кирешесин болушунча көбөйтүү боюнча;
- натыйжасыз мамлекеттик ишканалардын карыздарын жоюу же реструктуралоо боюнча;
- профилдик эмес активдерин натыйжалуу башкаруу, анын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатуу боюнча;
монополияга каршы органдардан мамлекеттик ишканаларды иштетүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн конкреттүү товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаш чөйрөнүн абалы жөнүндө корутундуну сурап алат;
тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 577 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ведомстволор аралык комиссиянын укуктары
7. Функцияларын натыйжалуу аткаруу максатында Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик бийликтин органдарынан, акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардан жана акционердик коомдордон өзүнүн иши үчүн керектүү документтерди, материалдарды жана маалыматтарды талап кылууга;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жооптуу адистерин, көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды тартуу менен жумушчу топторду түзүүгө;
- Ведомстволор аралык комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, бийликтин аткаруучу органдарына, акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканаларга жана акционердик коомдорго сунуштарды жана рекомендацияларды берүүгө;
- Ведомстволор аралык комиссияга тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн керектүү башка иштерди жүргүзүүгө.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу
8. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына төрага, анын орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү, Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органынын өкүлү болуучу жооптуу секретары кирет.
Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн анын курамына макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ар бир фракциясынан депутаттар, коммерциялык эмес уюмдардын, мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин жана бизнес-жамааттын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдетин орун басары аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 577 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы:
- Ведомстволор аралык комиссиянын ишин жетектейт;
- Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарын башкарат жана Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынынын протоколуна кол коет;
- Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басарына жана анын мүчөлөрүнө Ведомстволор аралык комиссиянын ишине байланыштуу тапшырмаларды берет, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнөн Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалыматты сурайт.
10. Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу секретары:
- Ведомстволор аралык комиссиянын протоколдорун жана башка документтерин даярдоо боюнча ишти уюштурат;
- кезектеги жыйынды өткөрүүчү күн, убактысы жана орду, анын күн тартиби жөнүндө баардык мүчөлөргө кабарлоо менен Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарын уюштурат, боло турган жыйын үчүн керектүү материалдарды таратат;
- Ведомстволор аралык комиссиянын протоколуна кол коет.
11. Ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин жыйындарды өткөрүү жолу менен жүргүзөт. Ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны жумушчу орган тарабынан чакырылат.
12. Ведомстволор аралык комиссиянын иши Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарында бекитилген пландар боюнча жүргүзүлөт. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны ага мүчөлөрүнүн жарымынан аз эмеси катышса жарактуу болуп эсептелет.
13. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жыйындарга алмашуу укугусуз, өздөрү катышышат. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү жыйынга келбей калса, ал каралып жаткан маселе боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
Аткаруу бийлигинин органдарынын, мамлекеттик жана башка уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарына Ведомстволор аралык комиссия аныктаган тартипте катышышат.
Ведомстволор аралык комиссия кээ бир маселелерди жабык жыйындарда карашы мүмкүн.
14. Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна коюлчу маселелер боюнча материалдарды жумушчу орган даярдайт жана Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө жыйынды өткөрүүгө чейин беш иш күндөн мурда берилет.
15. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет. Добуштар тең болуп калган учурда Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынат.
16. Жыйындын протоколун жооптуу секретарь жыйын өткөндөн кийин үч күндүн ичинде тариздеп, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жана жооптуу секретары кол коюшат.
17. Ведомстволор аралык комиссиянын ишине зарыл учурларда мамлекеттик бийлик органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары тартылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| Н.Момуналиев |