Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-ноябры № 577
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын натыйжалуу жана сапаттуу ишин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз. Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Ведомстволор аралык комиссия үчүн мамлекеттик ишканаларды иштетүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун аныктоо боюнча методикалык сунуштама 3-тиркемеге ылайык.";
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"монополияга каршы органдардан мамлекеттик ишканаларды иштетүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн конкреттүү товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаш чөйрөнүн абалы жөнүндө корутундуну сурап алат;";
8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдетин орун басары аткарат.";
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Коомдук кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
коммерциялык эмес уюмдардын өкүлү (макулдашуу боюнча);
бизнес-коомдоштуктун өкүлү (макулдашуу боюнча);
көз карандысыз эксперттер (2 адам, макулдашуу боюнча).".
2-тиркеме
Акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия үчүн мамлекеттик ишканаларды иштетүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун аныктоо боюнча МЕТОДИКАЛЫК СУНУШТАМА
1. Акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) мамлекеттик ишкананын мындан ары иштешинин максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароодо төмөнкүлөрдү изилдеши жана көңүлгө алышы керек:
1) мамлекеттик ишкананын уставдык жана иш жүзүндө аткарылып жаткан функциялары;
2) ведомстволук карамагында турган мамлекеттик органдын милдеттерине мамлекеттик ишкананын иш жүзүндө аткарылып жаткан функцияларынын шайкештиги;
3) мамлекеттик ишканада иштин белгилүү түрлөрүн жүргүзүүгө лицензиялардын жана уруксаттардын болушу;
4) мамлекеттик ишкана өндүргөн (сунуштаган/көрсөткөн) товарлардын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) жана акыркы керектөөчүлөрдүн мүнөзү;
5) мамлекеттик ишкана өндүргөн (сунуштаган/көрсөткөн) товарлардын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда атаандаштык чөйрөсүнүн абалы;
6) мамлекеттик ишкана өндүргөн товарларды (жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү) алмаштырууга жөндөмдүү товарлардын рынокто болушу;
7) мамлекеттик ишкананын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларга катышуусу;
8) мамлекеттик ишкананын стратегиялык маанилүүлүгү;
9) Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерине киргизилген мүлктүн мамлекеттик ишкананын балансында (чарбалык карамагында/ыкчам башкаруусунда) болушу;
10) мамлекеттик ишкананын балансында (чарбалык карамагында/ыкчам башкаруусунда) тармактык мыйзамдар менен менчиктештирүүгө тыюу салынган же үчүнчү жактарга сатуу үчүн башка чектөөлөр белгиленген мүлктүн болушу;
11) балансында (чарбалык карамагында/ыкчам башкаруусунда) турган мамлекеттик мүлктүн мамлекеттик ишкана тарабынан пайдалануунун натыйжалуулугу;
12) жалпы республикалык стратегиялык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга мамлекеттик ишкананын катышуусу;
13) мамлекеттик ишкананын ишин каржылоо булактары;
14) мамлекеттик ишканада мамлекеттик преференциялардын болушу.
2. Мамлекеттик ишканалардын ишин талдоонун жыйынтыгы боюнча анын мындан аркы иштешинин максатка ылайыктуулугу Ведомстволор аралык комиссия тарабынан төмөнкүдөй критерийлердин бирине мамлекеттик ишкана ылайык келгенде аныкталат:
1) мамлекеттик ишкананын иштеши тармактык мыйзамдарда түздөн-түз каралган;
2) мыйзамдарда товарлардын белгилүү түрүн өндүрүүгө, аткарылган жумуштарга жана көрсөтүлгөн кызматтарга мамлекеттик монополия белгиленген;
3) мамлекеттик ишкана өндүргөн (сунуштаган/көрсөткөн) товарлардын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда. башка чарбакер субъекттер болбойт;
4) ишкана тарабынан стратегиялык маанидеги товарларды (жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү (аткаруу/көрсөтүү), аларды жеке секторго аутсорсингге өткөрүп берүү улуттук коопсуздуктан, коргонуу жөндөмүн коргоодон, укуктук тартибин сактоодон, курчап турган чөйрөнү коргоодон улам максатка ылайыксыз болуп эсептелет;
5) мамлекеттик ишкананын мүлктүк комплексин жеке менчикке сатууга мыйзамдар тарабынан тыюу салынат;
6) товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча жогору турган мамлекеттик органдан түз мамлекеттик заказдын, эгерде мындай мамлекеттик заказды жеке сектордо аткаруу өтө көп чыгымдар (финансылык, убакыттык чыгымдар) менен коштолсо, мамлекеттик ишкана тарабынан аткарылышы;
7) ишке ашыруусу жеке секторго коммерциялык жактан жагымдуу болбогон, социалдык багытталган, бирок алдын ала чыгымдуу, рентабелдүү эмес жалпы республикалык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу.
3. Мамлекеттик ишкананын ишин талдоонун жыйынтыгы боюнча аны жоюунун максатка ылайыктуулугу Ведомстволор аралык комиссия тарабынан мамлекеттик ишкана төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келгенде аныкталат:
1) мамлекеттик ишкана акыркы беш жылдын ичинде экономикалык (финансы-чарбалык) ишти жүргүзбөсө;
2) мамлекеттик ишкана салыктык, статистикалык жана башка отчеттун түрлөрүн тапшырбаса;
3) мамлекеттик ишкананын уюштуруучусу же анын укук мураскору (ишкана ведомстволук карамагында турган мамлекеттик орган) акыркы беш жылдын ичинде мамлекеттик ишкананын ишин калыбына келтирүү же жандандыруу аракеттерин көрбөсө;
4) мамлекеттик ишканада активдер (мүлктөр) жок же активдердин (мүлктөрдүн) болушу жөнүндө маалымат жок;
5) жумушчулар менен ишкананын эмгектик укук мамилелери токтотулган же мындай укук мамилелердин болушу жөнүндө маалымат жок.
4. Мамлекеттик ишкананын ишин талдоонун жыйынтыгы боюнча аны менчиктештирүүнүн (акциялаштыруунун) максатка ылайыктуулугу Ведомстволор аралык комиссия тарабынан мамлекеттик ишкана төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келгенде аныкталат:
1) мамлекеттик ишкана атаандаштык чөйрөдө иштейт;
2) өндүрүлгөн товарлардын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) жалпы көлөмүндө мамлекеттик заказдардын үлүшү 50% кем эмести түзөт;
3) мамлекеттик ишкана өзүн-өзү каржылоо (чарбалык эсеп) принциптеринде иштейт;
4) мамлекеттик ишкананын функцияларын жеке секторго аутсорсингге өткөрүп берүү мүмкүндүгү бар;
5) мамлекеттик ишкана уставда каралбаган иштин түрлөрү менен алектенет жана мамлекеттик мүлктү үчүнчү жактарга ижарага берип пайдаланат;
6) мамлекеттик ишкана ушул Методикалык сунуштаманын 2, 3, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлерге туура келбесе.
5. Мамлекеттик ишкананын ишин талдоонун жыйынтыгы боюнча аны муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн жана муниципалдык ишкана кылып кайра уюштуруунун максатка ылайыктуулугу Ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталат, эгерде мамлекеттик ишкананын иши жергиликтүү маанидеги маселелерге түздөн-түз байланышта болсо төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок чектелбестен:
1) калкты ичүүчү суу менен камсыздоо;
2) калктуу пункттарда канализация системасынын жана тазалоо курулмаларынын ишин камсыз кылуу;
3) калктуу пункттарда муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
4) жалпы колдонуудагы жерлердин жарыктандыруусун уюштуруу;
5) көрүстөндөрдүн иштешин камсыз кылуу жана ритуалдык кызмат көрсөтүү;
6) жалпы пайдаланган жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
7) сейил бактардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
8) тиричилик калдыктарын чогултууну, чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу;
9) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу пункттардын чектеринде коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу;
10) тийиштүү калктуу пункттун аймагында жарнамаларды жайгаштыруу.
6. Мамлекеттик ишкананын ишин талдоонун жыйынтыгы боюнча аны мамлекеттик мекеме кылып кайра уюштуруунун максатка ылайыктуулугу Ведомстволор аралык комиссия тарабынан мамлекеттик ишкана төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келгенде аныкталат:
1) толугу менен же жарым-жартылай республикалык бюджеттен каржыланышы;
2) анын иши башкаруучулук, социалдык-маданий жана башка коммерциялык мүнөздөгү функциялардын ишке ашырылышына байланыштуу;
3) аткарган жумуштардын (көрсөткөн кызматтардын) мүнөзү "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аныктамасына дал келет.
7. Окшош же чектеш функцияларды аткарган эки же андан көп мамлекеттик ишкана болгон учурда, Ведомстволор аралык комиссия тарабынан башкаруучулук жана технологиялык процесстерди оптималдаштыруу, финансы агымдарын борборлоштуруу максатында бириктирүү же кошуу формасында аларды кайра уюштуруунун максатка ылайыктуулугу таанылышы мүмкүн,
8. Мындан аркы иштешинин же мамлекеттик менчикте сакталышынын максатка ылайыктуулугу Ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталган бардык мамлекеттик ишканалар бир түргө - чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишканага келтирилүүгө тийиш.".