Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-июлу № 397
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко, А.А.Сасыкбаева, Э.С.Иманалиева, Д.Д.Бекешов, Б.С.Кадыров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 397 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко, А.А.Сасыкбаева, Э.С.Иманалиева, Д.Д.Бекешов, Б.С.Кадыров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкү корутундуга келди.
Сунушталган Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатка ылайык, мыйзамдын бул долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн билим алууда укуктарын жана кепилдиктерин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүүгө багытталган, тактап айтканда, инклюзивдик билим берүүнүн кепилдиктери киргизилет, ошондой эле сырттан жана дистанциялык окутуу формаларын жөнгө салган ченемдер алып салынат.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен "жекече окутуу", "инклюзивдик билим берүү" жана "окутуунун (тарбиялоонун) атайын шарттары" сыяктуу терминдердин түшүндүрүү аппараттарын ачып көрсөтүү сунуш кылынат. Алсак, тактап айтканда жекече окутуу деп, ден соолугунун абалына байланыштуу билим берүү уюмуна туруктуу же убактылуу бара албаган адамдын жалпы билим берүү жана кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүү процесси түшүнүлөт, бул көрсөтүлгөн билим берүү программаларын үй-шартында тиешелүү билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын катышуусунда, анын ичинде дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу менен өздөштүрүүдө турат.
Ошону менен бирге "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды окутуу, кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ар кандай формада, анын ичинде күндүзгү, күндүзгү-сырттан жана дистанттык формада, экстернат, атайын топтордо, класстарда окутуу аркылуу жана жекече окуу планын, үйдө окутууну кошо алганда жүзөгө ашырылаарын белгилеп кетүү керек.
Өз кезегинде үйдө окутуу формасы көрсөтүлгөн Мыйзамдын 39-беренеси менен регламенттелет, ага ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды жалпы типтеги билим берүү уюмдарында же атайын билим берүү уюмдарында тарбиялоону жана окутууну жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ата-энелердин каалоосун эске алуу менен тарбиялоо жана окутуу үйүндө жүргүзүлөт. Билим берүүнүн башкаруу органдары жана билим берүү уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды жалпы билим берүүчү же жекече программа боюнча үйүндө окутууну камсыз кылат.
Мына ошентип, жогоруда баяндалгандарды көңүлгө алып, "үйдө окутуу" термини мааниси боюнча "жекече окутуу" түшүнүгүн камтый тургандыгын белгилеп кетебиз.
Мындан тышкары, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын текстинде жана сунушталган мыйзам долбоорунда "жекече окутуу" түшүнүгү колдонулбагандыгына көңүлдү бурабыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз: "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин жетинчи абзацындагы "инклюзивдик билим берүү" түшүнүгү деп балдардын аялуу категориялары, анын ичинде атайын муктаждыктагы балдар үчүн, аларды окутуу үчүн шарттарды түзүүнү эске алганда билим алууга алардын жеткиликтүүлүгү түшүнүлөт.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз: "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин отузунчу абзацында "атайын билим берүү" түшүнүгү каралган, мында дене бою же психикалык өсүүсүндө кемчилиги бар балдарды атайын же демейки окуу жайларында окутуу түшүнүлөт.
Долбоордун 1-беренесинин 4-пунктунда баяндалган 24-1-берененин сунушталган редакциясынын 6-бөлүгү менен жалпы типтеги билим берүү уюмдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды окутууну каржылоо мамлекеттин бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылаары каралат.
Бирок, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, мамлекеттин атынан иш жүргүзгөн Өкмөт жарандардын билим алууга укугун, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга акысыз баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын бекитүүчү квотанын чегинде берүү жолу менен камсыз кылат.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана алардын балдарын тарбиялоо жана окутуу акысыз жана жаш курагы чектелбестен жүргүзүлөт. Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу үчүн төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди белгилөөгө укуктуу.
Муну менен бирге, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-40-беренелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим алууга жана кесиптик жактан даярдоого жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелери жетиштүү түрдө чагылдырылганын белгилейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүнүн алтынчы абзацына ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү педагогикалык кызматкерлер өз кесиптик милдеттерин толук көлөмдө аткарууга жардамдашуучу адамдар менен камсыз болушу керек.
Ошону менен бирге, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү педагогикалык кызматкерлер аларга өз кесиптик милдеттерин толук аткарууга жардам бере турган өздөрүнүн жардамчыларына ээ болушу керек деген жобону караштыруу максатка ылайыктуураак.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгү менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 2-бөлүгүн жалпы республикалык тестирлөөнү уюштурууда жана өткөрүүдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын тестирлөөдөн өтүшү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүшү керек деген сүйлөм менен толуктоо сунуш кылынат. Мында "зарыл шарттар" деген термин баа берүүчү болуп саналат, бул ченемди чечмелөөгө ашыкча кеңири мүмкүнчүлүк берет жана коррупциогендик мүнөзгө ээ. Ушуга байланыштуу жогоруда айтылган шарттардын толук тизмесин баяндоо зарыл же алардын так мүнөздөмөсү менен чектелүү керек.
Мыйзамдын сунушталган долбоору менен азыркы учурда болуп жаткан окутуунун 2 формасы - дистанциялык жана сырттан окутуу иш жүзүндө алып салынат. Мында, азыркы учурда дистанциялык жана сырттан окутуу формалары боюнча окуп жаткан адамдардын андан ары окушуна тиешелүү проблемаларды чечүү механизмдери сунушталган эмес.
Азыркы этапта "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан сырттан окуу формасын алып салуу эртелик кылат, анткени жогорку кесиптик билим берүү системасында 2012-жылдан тартып гана кесиптик жана жогорку кесиптик билимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын бекитүүчү квотанын чегинде берүү жолу менен камсыз кылат.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана алардын балдарын тарбиялоо жана окутуу акысыз жана жаш курагы чектелбестен жүргүзүлөт. Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу үчүн төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди белгилөөгө укуктуу.
Муну менен бирге, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-40-беренелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим алууга жана кесиптик жактан даярдоого жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелери жетиштүү түрдө чагылдырылганын белгилейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүнүн алтынчы абзацына ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү педагогикалык кызматкерлер өз кесиптик милдеттерин толук көлөмдө аткарууга жардамдашуучу адамдар менен камсыз болушу керек.
Ошону менен бирге, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү педагогикалык кызматкерлер аларга өз кесиптик милдеттерин толук аткарууга жардам бере турган өздөрүнүн жардамчыларына ээ болушу керек деген жобону караштыруу максатка ылайыктуураак.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгү менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 2-бөлүгүн жалпы республикалык тестирлөөнү уюштурууда жана өткөрүүдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын тестирлөөдөн өтүшү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүшү керек деген сүйлөм менен толуктоо сунуш кылынат. Мында "зарыл шарттар" деген термин баа берүүчү болуп саналат, бул ченемди чечмелөөгө ашыкча кеңири мүмкүнчүлүк берет жана коррупциогендик мүнөзгө ээ. Ушуга байланыштуу жогоруда айтылган шарттардын толук тизмесин баяндоо зарыл же алардын так мүнөздөмөсү менен чектелүү керек.
Мыйзамдын сунушталган долбоору менен азыркы учурда болуп жаткан окутуунун 2 формасы - дистанциялык жана сырттан окутуу иш жүзүндө алып салынат. Мында, азыркы учурда дистанциялык жана сырттан окутуу формалары боюнча окуп жаткан адамдардын андан ары окушуна тиешелүү проблемаларды чечүү механизмдери сунушталган эмес.
Азыркы этапта "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан сырттан окуу формасын алып салуу эртелик кылат, анткени жогорку кесиптик билим берүү системасында 2012-жылдан тартып гана биринчи курска кабыл алууда сырттан окуу формасынан дистанциялык окутууга этап-этабы менен өтүү башталды. Бирок, жогорку курстарда 3-4 жыл аралыгында студенттерди бүтүрүп чыгарганга чейин сырттан окуу формасын жүзөгө ашыруу улантылат.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацында баяндалган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин төртүнчү абзацына ылайык, билим берүү уюму дистанциялык билим берүү технологияларын Кыргыз Республикасынын билим берүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте толук же жарым-жартылай көлөмдө билим берүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн колдоно алат.
Ушуга байланыштуу, "колдоно алат" термини коррупциогендик факторду түзөт жана субъекттерге бул же тигил кырдаалды так мыйзамдык критерийлерди жетекчиликке албастан, өз ыгына жараша чечмелөөгө укук берээрин билдиребиз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн жетинчи абзацында баяндалган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин бешинчи абзацы боюнча да ушундай эле доомат бар.
Экстернат жана күндүзгү-сырттан (кечки) окутуу формасында билим алуу жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмеси, ошондой эле дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу тартиби адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана бир нече жолу колдонууга эсептелген жүрүш-туруштун жалпы милдеттүү эрежелерин камтыган ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөсүнө ээ болушу керек, демек "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси менен аныкталган ченем чыгаруучу органдар тарабынан гана бекитилиши мүмкүн, алардын катарына билим берүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кирбейт. Ушуга байланыштуу, билим берүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугун берген долбоордун көрсөтүлгөн беренесин кайра карап чыгуу керек.
Ушулар менен бирге эле сунушталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды жаратаарын белгилейбиз. Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, ишке ашырылышы мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келген ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булактары аныкталганга чейин кабыл алынууга жатпайт. Аталган Мыйзамдын 25-беренесине ылайык, сунушталган Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкат каржылоо булактары жөнүндө маалыматтарды милдеттүү тартипте камтышы керек. Тийиштүү маалымат, ошондой эле аталган мыйзам долбоорунун финансылык-экономикалык эсептери берилген эмес.
Жогоруда айтылган сын-пикирлерди эске алып, ошондой эле аталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык жана укуктук кесепеттерге алып келээрин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун кабыл алууну колдобойт.
|
|