Редакцияот 04.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 4-июлу № 400

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерин социалдык жактан колдоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктта:

биринчи абзацындагы "2005-жылдын 1-январынан баштап" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;

экинчи абзацында:

"276" цифрасы "800" цифрасына алмаштырылсын;

", жакшы жана эң жакшы баалары бар студенттер - 257 сом, жалаң жакшы баалары бар студенттер үчүн - 239 сом" деген сөздөр алып салынсын;

үчүнчү абзацында:

"239" цифрасы "720" цифрасына алмаштырылсын;

", жакшы жана эң жакшы баалары бар студенттер үчүн - 221 сом, жалаң жакшы баалары бар студенттер үчүн - 203 сом" деген сөздөр алып салынсын;

бешинчи абзацында:

"166", "148" жана "130" цифралары тиешелүү түрдө "500","400" жана "300" цифраларына алмаштырылсын;

", канааттандырарлык баалары бар окуучулар үчүн - 110 сом" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын";

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"окутуу мөөнөтү 2 жана 3 жылдан өйдө, тамак-аш менен камсыз болгон, эң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 300 сом, жакшы жана эң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 250 сом, жалаң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 200 сом белгиленсин.";

- 2-пунктта:

төртүнчү, онунчу жана он биринчи абзацтарындагы "208", "500" жана "400" цифралары тиешелүү түрдө "624", "1450" жана "1200" цифраларына алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап колдонулат.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев