Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-июлу № 407
"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын жаңы чек араларын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20, 84-беренелерине жана "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16-январындагы № 895-IV "Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 79-б "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш улуттук паркына Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жер запасынан жер бөлүп берүү жана "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш улуттук паркынын курамынан чыгаруу жөнүндө" буйругун эске алып, Чүй облусунун Кемин районундагы жергиликтүү элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, биологиялык жана ландшафттык өзгөчөлүктөрдү сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Кемин районундагы Кашкелең участогундагы 790 га, Кайынды участогундагы 278 га, жалпы аянты 1068 га жерлер "Запастагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Чүй облусунун Кемин районундагы Куран-Жайлоо капчыгайынын Ок-Торой участогундагы 487,5 га, Кама-Төр капчыгайындагы Ак-Түз участогундагы 580 га, жалпы аянты 1068 га "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында мөөнөтсүз пайдаланууда турган жерлер "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясынан Чүй облусунун Кемин районунун "Запастагы жерлер" категориясына которулсун.
3. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участоктор "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын карамагына өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын карамагынан чыгарылсын.
5. "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлеринин жаны чек араларынын сүрөттөлүшү жана экспликациясы ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зоналарга бөлүштүрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте бул токтомду аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 13-августундагы № 472 "Чүй облусунун Кемин районунда "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунда:
"126514" деген цифралар "123654" деген цифраларга алмаштырылсын;
"тиркемеге ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун 4-пункту жана тиркемеси күчүн жоготту деп эсептелсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 407 токтомуна 1-тиркеме |
"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларынын СҮРӨТТӨЛҮШҮ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
I. ''Кемин" участоктору
1. "Хутор" участогу
Чек араларынын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити катары түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан, райондук жол-эксплуатациялык жана куруу башкармасынын (РДЭСУ) участогунун жанындагы, айланма каналга жанаша тилкедеги чекит кабыл алынган. Бул чекиттен тартып чек ара түштүк-чыгышка, айланма каналга жанаша тилке менен 1825 м узундукта өтөт, андан кийин түштүк-батышка бурулат жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жерлери менен чектешип, каксоо линия менен Б каналына чейин 304 м созулат. Андан ары чек ара Б каналы менен түндүк-батышты көздөй Кемин шаарынын жерлери менен чектешип 1880 м өтөт, каксоо линия менен 160 м узундукта түндүк-чыгышка бурулат, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жерлери менен чектешип, сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине жетет.
2. "Жел-Арык" участогу
Чек аранын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити катары түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан, суу чыгаруучу жердин жанындагы лотоктуу каналдагы көпүрөнүн жанындагы чекит кабыл алынган. Андан ары чек ара түштүк-чыгышты көздөй сугат каналы менен Кызыл-Булак айыл аймагынын жерлери менен чектешип, 990 м узундукта, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жерлери менен чектешип өтөт. Андан кийин чек ара Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жерлери менен чектешип, ошол эле түштүк-чыгышты көздөй каксоо линия менен 90 м өтөт, түштүк-батышка бурулат жана Бишкек-Торугарт автожолун кесип 264 м өтөт.
Андан ары чек ара Бишкек-Торугарт автожолуна жанаша тилке менен түштүк-чыгышка 70 м өтөт, бурулат жана түштүк-батышка темир жолго жанаша тилкеге чейин каксоо линия менен 40 м өтөт. Чек ара темир жолго жанаша тилке менен Жел-Арык акиташ заводунун чек арасына чейин түндүк-батышты көздөй 950 м өтөт. Чек ара Жел-Арык акиташ заводу менен чектешип, түндүк-чыгышка 176 м өтөт, андан кийин түндүк-батышка 380 м арыкка чейин кетет, ал арык менен түндүк-чыгышты көздөй сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин 526 м созулат.
3. "Ок-Торкой" участогу
Сүрөттөлүштүн баштапкы чекити катары Чүй жана Кемин райондорунун ортосундагы административдик чек арада жайгашкан чекит кабыл алынган, чек ара түндүк-чыгышка - 1130 м, түндүккө - 765 м, түштүк-чыгышка - 2690 м, түндүккө - 1100 м, түндүк-батышка - 3220 м, түштүк-батышка - 2014 м, түштүккө - 1062 м, батышка - 2043 м, түндүккө - 370 м, батышка - 1283 м, түштүк-батышка - табигый карагайлардын чети менен 2074 м, түштүккө - 1000 м, батышка - 1251 м, Чүй районунун административдик чек арасына чейин созулат жана тоо кыркасы боюнча түшөт. Андан ары Чүй районунун чек арасы боюнча сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин жетет.
4. "Көк-Жар-Суу" участогу
Участоктун чек арасынын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити катары Чүй районунун административдик чек арасынын жана Алмалуу айыл аймагынын жерлеринин кесилишинде жайгашкан чекит кабыл алынган.
Бул чекиттен тартып чек ара Алмалуу айыл аймагынын жерлери менен чектешип, түштүк-чыгышка каксоо линия менен 2175 м узундукта, Коңорчок суусунун нугуна чейин, андан кийин Коңорчок суусунун нугу менен Чым-Коргон айыл аймагынын жерлери менен чектешип, түштүк-батышты көздөй Алмалуу айыл аймагынын жерлери менен чектешип отот.
Андан ары чек ара Алмалуу айыл аймагынын жерлери менен чектешип, түндүк-батышка каксоо линия боюнча Чүй району менен административдик чек арасына чейин 2660 м узундукта өтөт, аны менен сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин созулат.
5. "Муздак-Суу" участогу
Чек аранын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити болуп темир жолго жанаша тилкенин жана Чолок айылынын түштүк четиндеги Бишкек-Торугарт автожолуна жанаша тилкенин кесилишкен чекити эсептелет. Бул чекиттен тартып чек ара Бишкек-Торугарт автожолун кесип өтүп, чыгышка темир жолго жанаша тилке менен 44 м өтөт, түштүк-чыгышка бурулат жана Бишкек-Торугарт автожолуна жанаша тилке менен 128 м өтөт. Андан кийин чек ара түндүк-чыгышка бурулат жана Чу суусунун жайылмасы боюнча талаадагы жолдун жээгинде 300 м өтөт. Андан кийин Чу суусунун нугу боюнча чек ара түштүк-батышты көздөй насостук станцияга чейин барат.
Насостук станциядан чек ара каксоо линия менен батышка - 76 м, түндүк-батышка - 30 м, түштүк-батышка - 96 м, Бишкек-Торугарт автожолунун тилкесине чейин кетет. Чек ара Бишкек-Торугарт автожолун кесип өтүү менен чек ара түштүк-батышка - 190 м өтөт жана темир жолго жанаша тилкеге чыгат, аны менен түндүк-батышты көздөй 2520 м узундукта сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин жетет.
II. Кичи-Кемин участоктору
6. "Карагайлуу" участогу
Чек аралардын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити катары Карагайлуу суусунун нугунда жайгашкан, булактардын 480 м түндүк-чыгышындагы чекит кабыл алынат. Бул чекиттен тартып чек ара Карагайлуу суусунун нугу боюнча түндүк-чыгышты жана чыгышты көздөй талаа жолунун жана сайдын 185 м чыгышында жайгашкан чекитке чейин жетет. Андан ары чек ара каксоо линия менен түштүк-чыгышка - 400 м, түштүк-батышка - 330 м, батышка - 550 м өтөт. Андан кийин чек ара тоо кыркасы боюнча жалпы багыт менен түштүк-батышка - 3220 м узундукта, каксоо линия менен ошол эле түштүк-батышты көздөй - 1170 м узундукта жана тоо кыркасы менен 846 м узундукта өтөт, түндүк-батышка бурулат жана каксоо линия боюнча 605 м узундукта Карагайлуу суусуна сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чыгат.
7. "Ак-Түз" участогу
Чек аралардын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити катары Ак-Түз айыл аймагы менен чектешип, Кичи-Кемин суусундагы көпүрөдө жайгашкан чекит кабыл алынган. Бул чекиттен тартып чек ара каксоо линиялар менен: түштүк-чыгышка - 280 м, батышка - 250 м, түштүккө - 880 м, чыгышка - 560 м, түштүк-чыгышка - 660 м жана - 1250 м, түндүккө - 936 м, чыгышка - 844 м, түндүккө - 1046 м, батышка - 760 м, түндүк-батышка - 490 м Ак-Түз айыл аймагынын чек арасына чейин созулат. Андан ары Ак-Түз айыл аймагынын жерлери менен чектешип, чек ара түндүк-чыгышка 1580 м жана түндүк-батышка 700 м өтөт, Кичи-Кемин суусунун нугуна чейин жетет. Чек ара Кичи-Кемин суусунун нугу менен түндүк-чыгышты көздөй Тегирменти-Суу суусуна чейин жетет. Чек ара андан ары каксоо линия менен түндүк-батышка - 1262 м өтөт, андан кийин батышка - 1430 м, түштүккө - 447 м, түштүк-батышка - 1484 м, түштүк-чыгышка - 767 м, чыгышка - 1619 м, түштүккө - 1005 м, чыгышка - 318 м, түштүккө - 308 м, батышка 607 - м, түштүккө 646 - м, батышка - 378 м, түштүккө - 507 м бурулат жана Чоң-Кемин тоо кыркасына чыгат. Чек ара Чоң-Кемин тоо кыркасы боюнча түштүк-батышты көздөй 10900 м өтөт, андан кийин ошол эле багытта каксоо жер менен 720 м өтөт жана 3002,3 м бийиктикке чыгат. Андан кийин чек ара кайрадан 2830,0 м, 2810,0 м, 2675,1 м, 2812,7 м, 2402,3 м, 2323,4 м, 2000,8 м бийиктик аркылуу тоо кыркасы менен 8750 м узундукта өтөт жана кашар менен короолордун жанынан Кичи-Кемин суусундагы көпүрөгө түшөт. Бул көпүрөдөн тартып чек ара Кичи-Кемин суусунун нугу менен түндүк-чыгышты көздөй сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин кетет.
8. "Бүркүт" участогу
Чек аралардын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити катары эки жолдун айрылышынын түндүгүндөгү талаадагы жолдо 82 м жайгашкан чекит кабыл алынган. Бул чекиттен тартып чек ара каксоо жер менен Орловка шаар тибиндеги кыштагынын жерлери менен чектешип, эки сайдын ортосу менен түндүк-чыгышка - 384 м узундукта, андан ары тоо кыркасы менен түштүккө, 690 м узундукта, сайдын башына чейин кетет. Андан ары чек ара сай менен түштүк-батышка - 240 м талаадагы жолго чейин кетет, аны менен түштүккө 104 м өтөт, андан кийин чек ара Чым-Коргон айыл аймагынын жерлери менен чектешип, каксоо линия менен: түштүк-батышка - 90 м, түндүк-батышка - 76 м, түндүк-батышка - 650 м, түштүк-батышка - 37 м талаадагы жолго чейин созулат. Талаадагы жол менен чек ара Орловка шаар тибиндеги кыштагынын жерлери менен чектешип, түндүккө 826 м отот, андан кийин каксоо линия менен чыгышка 690 м узундукта талаадагы жолго чейин сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин бурулат.
9. "Капчыгай" участогу
Чек аранын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити катары Кемин-Шабдан жолунда 300 м жайгашкан, Чоң-Кемин суусунун Чу дарыясына кошулган жердин чыгышында жайгашкан чекит кабыл алынган. Бул чекиттен тартып чек ара Кемин-Шабдан жолунун жээги менен (жолдун түштүк тарабы менен) чыгышка жалпы багытта жолдогу көпүрөгө чейин 7500 м узундукта өтөт. Андан ары чек ара Чоң-Кемин суусунун оң жээгине өтөт жана аны менен түндүк-чыгышка 540 м өтөт. Андан кийин чек ара каксоо линиялар менен ар кандай багыттарда кетет: түндүк-чыгышка - 440 м, 504 м, 632 м, 464 м, 672 м, түштүк-чыгышка - 240 м жана 460 м, түндүк-чыгышка - 500 м, 572 м, 948 м, 518 м, 270 м, 474 м, 456 м, 360 м, 334 м, чыгышка - 380 м, түштүк-батышка - 458 м, 728 м, 260 м, түштүк-чыгышка - 102 м арыкка чейин кетет, аны менен түштүк-батышка 540 м өтөт.
Андан ары чек ара кайрадан каксоо линиялар боюнча кетет: түштүк-батышка - 67 м, 660 м, 396 м, 540 м, 500 м, 420 м, 324 м, 870 м, 288 м, 516, 694 м, түндүк-батышка - 400 м жана Чоң-Кемин суусунун сол жээгине чыгат. Чоң-Кемин суусунун сол жээги менен чек ара түштүк-батышка бадалдуу токойдун топографиялык контуруна чейин жетет, аны айланып өтөт жана жарга чыгат. Андан кийин чек ара жар менен өтөт жана кайрадан Чоң-Кемин суусунун сол жээгине чыгат, аны менен Боожетпес суусуна чейин барат. Мында чек ара Боожетпес суусу менен отот жана жарга чыгат, аны менен түштүк-батышка аскалуу жердин батыш тарабына чейин кетет. Андан кийин чек ара аскалуу жердин батыш тарабы менен сайдын башына көтөрүлөт жана түштүк-батышты көздөй 1060 м өтөт, андан кийин сай менен батышка жана түндүк-батышка, токойлуу аянттардын топографиялык контурун айланып, Чу жана Чоң-Кемин суулары кошулган жерге чейин өтөт.
Чек ара андан ары Чоң-Кемин суусунун оң жээгине өтөт жана түндүк-чыгышка сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин созулат.
10. "Ак-Таш-Короо" токой питомниги
Чек аралардын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити катары участоктун батыш тарабындагы эки талаа жолунун кесилишиндеги чекит кабыл алынган. Бул чекиттен тартып чек ара талаа жолунун жээги менен түндүккө, түндүк-чыгышка жана түштүк-чыгышка - 320 м өтөт, андан кийин каксоо линия менен 392 м, түштүк-чыгышка, түштүк-батышка, батышка, түштүк-батышка - талаадагы жолго чейин кетет, аны менен түндүк-батышка, 225 м узундукта, сүрөттөлүштүн баштапкы чекитиндеги эки жолдун кесилишине чейин жетет.
11. "Калмак-Ашуу" токой кордону
Баштапкы чекит катары участоктун түндүк-батыш бөлүгүндөгү эки талаа жолунун кесилиши кабыл алынган. Бул чекиттен тартып чек ара талаа жолу менен түндүк-чыгышка - 192 м узундукта өтөт, андан кийин түштүк-чыгышка бурулат жана 500 м адегенде жол менен, андан кийин сугат каналы менен башка сугат каналдары менен кошулганга чейин созулат, аны менен түштүк-батышка - 400 м узундукта өтөт жана талаадагы жолго чыгат, аны менен түндүк-чыгышты көздөй сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин 30 м созулат.
12. "Карагайлуу" участогу
Бул участоктун чек арасы токойлуу аянттын топографиялык контуру боюнча өтөт.
III. "Жогорку кемин" участоктору
13. "Көк-Ойрок" участогу
Чек аралардын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити Торайгыр суусунун түштүк-батышындагы Чоң-Кемин суусундагы көпүрө болуп эсептелет. Бул чекиттен тартып чек ара Чоң-Кемин суусунун нугу менен түндүк-чыгышты көздөй Жая булагына чейин өтөт, андан кийин Жая булагы менен түндүк-чыгышка сайга чейин жана сай менен түндүк-чыгышты көздөй 312 м өтөт, андан кийин чек ара каксоо линия менен 2225 м батышка Көк-Булак суусунун кургак нугуна чейин созулат, аны менен түндүк-батышты жана түндүк-чыгышты көздөй Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арага чейин жетет.
Андан ары чек ара Казакстан Республикасынын жерлери менен чектешип, Ысык-Көл облусунун чек арасына чейин созулат. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жерлери менен чектешип, чек ара түштүк-батышка жалпы багытта Чоң-Кемин айыл аймагынын жерлерине чейин созулат. Андан кийин Чоң-Кемин айыл аймагынын жерлери менен чектешип, чек ара түндүк-батышка деңиз деңгээлинен 3347 м бийик чекитке түшөт, андан ары 3400 м узундуктагы каксоо линия менен деңиз деңгээлинен 3020 м бийик чекитке чейин созулат. Андан кийин чек ара каксоо линиялар боюнча өтөт: түштүк-чыгышка - 349 м, батышка - 183 м, түндүк-батышка - 295 м, түштүк-батышка - 302 м, батышка - 596 м, түндүк-чыгышка - 658 м, түндүк-батышка - 588 м, түндүк-чыгышка - 702 м, түндүк-батышка - 1048 м, түштүк-чыгышка - 2739,3 м бийиктикке 960 м, түштүк-чыгышка - 624 м; түштүккө - 698 м; түндүк-чыгышка - 632 м, түштүк-чыгышка - 1350 м, түндүк-чыгышка - 316 м сайга чейин жана сай менен Торайгыр суусуна чейин 2080 м узундукта түндүк-батышка өтөт. Чек ара Торайгыр суусу менен түндүк-батышка токой курулмаларына өтөт. Андан ары каксоо линиялар менен 620 м Чоң-Кемин суусунун нугуна чейин жана суунун нугу менен түндүк-чыгышка көпүрөгө чейин -сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин созулат.
14. "Жогорку-Кемин" участогу
Чек аралардын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити катары "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын турак жай курулуштарынын түндүк-батышындагы талаа жолдорунун айрылышында жайгашкан чекит кабыл алынган. Бул чекиттен тартып чек ара талаа жолу менен түштүк-чыгышка 96 м, андан кийин түндүккө сай менен 37 м өтөт. Андан ары чек ара каксоо линиялар менен түндүк-чыгышка жана түштүк-чыгышка, жалпысынан 460 м узундукта; түштүк-чыгышка - 744 м жана 905 м, түндүк-чыгышка - 1010 м, 1009 м, 1439 м, 751 м, түндүк-батышка 2181,0 м бийиктикке 731 м өтөт; ал аркылуу түндүк-чыгышка - 1265 м, белгиге чейин 2070,8 м созулат. Бул белгиден тартып чек ара каксоо жер менен Чоң-Кемин суусунун нугуна чейин түндүк-чыгышты көздөй 1493 м созулат.
Чоң-Кемин суусунун нугу боюнча түштүк-чыгышка - 685 м өтөт жана андан кийин каксоо линиялар менен: түштүк-чыгышка - 620 м, түндүк-чыгышка - 1154 м, түндүккө Торайгыр суусуна чейин 774 м созулат. Андан кийин Торайгыр суусу менен чек ара түндүк-чыгышка сайга чейин кетет, аны менен түштүк-чыгышты көздөй 2080 м өтөт. Андан ары чек ара каксоо линиялар менен ар кандай багыттар боюнча өтөт: түштүк-батышка - 316 м, түндүк-батышка - 1350 м, түштүк-батышка - 632 м, түндүккө - 698 м, түндүк-батышка - 624 м, белгиге чейин - 2739,3 м; түндүк-батышка - 960 м, түштүк-чыгышка - 1048 м, түштүк-батышка - 702 м, түштүк-чыгышка - 588 м, түштүк-батышка - 658 м, батышка - 174 м жана 422 м, түштүк-батышка - 302 м, түндүк-батышка - 295 м, батышка - 183 м, түштүк-чыгышка - 349 м, түштүк-батышка - 1334 м, 710 м, 580 м, 900 м, түндүк-батышка - 550 м, түштүк-батышка - 625 м, 695 м, түндүк-батышка - 550, түштүк-батышка - 300 м, түндүк-батышка - 825 м, түштүк-батышка - 405 м, түштүк-чыгышка - 1000 м, түндүк-батышка - 340 м, 545 м, түштүк-батышка - 655 м, 585 м, 1055 м, 530 м, түндүк-батышка - 2460 м, 3170 м, түндүк-чыгышка - 590 м, түштүк-чыгышка - 2090 м, түндүк-чыгышка - 665 м, 920 м, 541 м аталышы жок булакка чейин өтөт, аны менен түндүктү көздөй көпүрөгө чейин созулат. Чек ара көпүрөдөн түндүккө өтөт, адегенде бул булак менен, андан кийин талаадагы жолго өтөт, аны менен айрылышка чейин - сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин созулат.
15. "Кашкелең" участогу
Чек аранын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити деңиз деңгээлинен 2995 м суунун жээгинен Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасына чейинки Каскелең суусу менен жогору жана чыгышка чек ара боюнча өтүп, андан кийин деңиз деңгээлинен 3787 м бийик чекитке чейин түшөт, андан ары деңиз деңгээлинен 3644,8 м бийик чекитке чейин кетет жана булак суусу менен сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин созулат.
IV. Төмөнкү-Кемин участоктору
16. "Кара-Саз" участогу
Бул участоктун чек аралары токойлуу аянттардын топографиялык контурлары боюнча өтөт.
17. "Жалгыз-Тал" участогу
Чек аралардын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити катары 2613,1 м бийиктикте жайгашкан чекит кабыл алынган. Бул чекиттен тартып чек ара каксоо линиялар менен түндүк-батышка - 780 м, түндүк-чыгышка - 680 м Жалгыз-Тал булагына чейин кетет. Андан ары Жалгыз-Тал булагы менен чек ара түштүк-чыгышка - 1570 м сайга чейин жана сай менен түштүккө - 100 м созулат. Андан кийин чек ара каксоо линиялар менен түштүк-батышка - 860 м жана түндүк-батышка - 550 м, белгиге чейин 2613,1 м - сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин созулат.
18. "Төмөнкү-Кемин" участогу
Чек аралардын сүрөттөлүшүнүн баштапкы чекити катары участоктун батыш бөлүгүндө 2585,9 м бийиктикте жайгашкан чекит кабыл алынган. Бул чекиттен тартып чек ара токойлуу аянттардын топографиялык контуру боюнча түндүк-батышты жана түндүк-чыгышты көздөй өтөт. Андан ары чек ара каксоо линиялар менен ар кандай багыттар боюнча өтөт: түндүк-батышка - 980 м, түндүк-чыгышка - 6610 м, түндүк-чыгышка - 814 м, түндүк-чыгышка - 516 м, түндүк-чыгышка - 880 м, түндүк-чыгышка - 948 м, чыгышка - 1106 м, түндүк-чыгышка - 905 м, түштүк-чыгышка - 3170 м, түштүк-чыгышка - 1880 м, түштүк-батышка - 1270 м, түштүк-батышка - 890 м, түндүк-батышка - 1165 м, батышка - 800 м, түштүк-батышка - 1560 м, түштүк-батышка - 2315 м, батышка - 1335 м, түштүк-чыгышка - 700 м, түштүккө - 115 м, түштүк-батышка - 600 м, түндүк-батышка - 485 м, батышка - 1280 м, түндүк-чыгышка - 600 м, батышка - 870 м, түндүк-батышка - 2015 м, түндүк-батышка - 1105 м, түштүк-батышка - 630 м, түштүк-батышка - 280 м, түндүк-батышка - 330 м, түндүк-батышка - 1155 м, түндүк-батышка - 855 м, түндүк-чыгышка - 350 м өтөт, андан кийин талаа жолуна чыгат.
Чек ара талаадагы жол менен түштүк-чыгышка - 1375 м, түндүк-чыгышка - 250 м жана түштүк-чыгышка - 312 м, андан кийин каксоо линия менен түштүк-чыгышка - 250 м, түндүккө - 330 м, белгиге чейин 2585,9 м - сүрөттөлүштүн баштапкы чекитине чейин созулат.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы N 407 токтомуна 2-тиркеме |
"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлеринин ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
Жер категориялары | Жалпы аянты, га | Анын ичинде, га | ||
Токой жерлери | Токой эмес жерлер | Башка жерлер (суу, кум, мөңгү, аска-зоо) | ||
Өзгөчө корголуучу аймактардын жерлери | 123654 | 14522,4 | 61131,2 | 48000,4 |
Бардыгы: | 123654 | 14522,4 | 61131,2 | 48000,4 |