Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-июлу № 409
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана агромаркетинг боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги көрүүчү чаралар жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, өндүрүлүүчү айыл чарба продукциясынын сапатын жана аны иштетүү даражасын жогорулатуу, айыл чарба продукциясынын жана аны иштетүүдөн алынуучу продуктулардын экспорттук потенциалын арттыруу, калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын иштерине токтоп турган, курулушу бүтпөй калган жана/же банкроттук стадиясында тургандарын аныктоо максатында талдоо жүргүзсүн, болгон жана бошогон өндүрүштүк кубаттуулуктарды натыйжалуу пайдалануу үчүн чакан өндүрүштөрдү уюштурууга, токтоп турган ишканалардын иштерин алардын негизги профилдерине карата жандандыруу боюнча сунуштарды иштеп чыксын;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайына, айыл чарба продукциясынын маркетингине финансылык-насыялык ресурстарды, тикелей чет өлкөлүк, ата мекендик инвестицияларды максаттуу тартууну камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын жана турмушка ашырсын;
- айыл чарба продукциясын жана аны кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды сатып алуу, сактоо жана сатуу боюнча соодалык-логистикалык борборлорду, жабдуучу кооперативдерди түзүү үчүн гранттык негизде каражаттарды тартуу маселесин эл аралык донор уюмдар менен иштеп чыксын;
- чарбакер субъекттерге технологиялык жабдууларды лизингге берүүнүн механизмдери боюнча сунуштарды республиканын финансылык-насыялык мекемелеринин катышуусунда иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте тамак-аш азыктарына техникалык регламенттерди иштеп чыгуу боюнча ишти улантсын, тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк товарларын чыгаруучу чарбакер субъекттерге тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун менеджменти тутумун же коопсуздукту контролдоо тутумун (ХАССП) киргизүү боюнча көмөк көрсөтсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелер менен бирдикте бир айлык мөөнөттө тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына зайымдык каражаттардын төлөнбөй калуу коркунучун минималдаштыруучу насыя берүүнүн натыйжалуу механизмин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |