Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-июлу № 410
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 "Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 "Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускамада:
5-пунктунда:
төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- атайын каражаттарды сатып алууга, сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга байланышкан учурда жекече детективдик жана жекече күзөт ишин жүргүзүүгө;";
сегизинчи абзацындагы "курал-жарак оңдоочулук, пиротехникалык, штемпельдик-гравердук ишканаларды" деген сөздөр алып салынсын;
26-пункттун "а" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"а) тиешелүү тосмолордун, күзөт-өрт сигналдарынын, өрткө каршы жабдуулардын болушу;".
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |