Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 токтому менен бекитилген |
Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы N 410, 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын ишин уюштуруунун негизги милдеттерин, формаларын жана ыкмаларын аныктайт.
2. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууда ички иштер органдарынын милдеттерин пайдаланууда өзгөчө режим белгиленген буюмдар менен заттарды колдонууда (өндүрүү, сатуу, өткөрүп берүү, сатып алуу, оңдоо, эсебин алуу, алып жүрүү, ташуу, пайдалануу, алып коюу, жок кылуу, чогултуу, экспонаттоо), эрежелерди бузуулардын, ошондой эле жоготулган, уурдалган дайынсыз жана кылмыштуу максатка пайдаланылган учурлардын алдын алуу болуп эсептелет.
3. Ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу лицензиялык-уруксат берүү тутуму белгиленген буюмдарга жана заттарга төмөнкүлөр кирет: жарандык жана кызматтык курал жана анын ок-дарылары, жарылуучу (анын ичинде пиротехникалык) заттар жана буюмдар, атайын каражаттар жана күчтүү таасир берүүчү уулуу заттар.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Уруксат берүү системасынын объектиси төмөнкүлөр болуп эсептелет: буюмдар (ок атуучу куралдар жана ок-дарылар, жардыруу каражаттары) жана заттар (жарылуучу, пиротехникалык, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар) жайгашкан сактоочу жайлар, кампалар, базалар, уюмдар, ошондой эле тирлер, мергенчилик-спорттук стенддер, курал-жарак-оңдоо, пиротехникалык устаканалар (ишканалар), сатып өткөрүүчү уюмдар жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарга анализ жүргүзүүчү лабораториялар, ок атуучу куралдарды, анын ок-дарыларын жана мергенчилик бычактарын сатуучу дүкөндөр, куралдарды, ок-дарыларды чыгаруучу жана миздүү куралдарды жана сувенир бычактарын жасоочу объекттер, чет өлкөлүк турист мергенчилери менен иштөөчү уюмдар, ошондой эле жекече күзөт ишканалары жана жекече детективдер.
5. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу менен ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
төмөнкүлөргө лицензия берет:
- куралдарды жана ок-дарыларды өндүрүүгө, оңдоого, сатууга;
- жарылуучу (анын ичинде пиротехникалык) заттарды жана буюмдарды сатууга;
- (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
төмөнкүлөргө уруксат берет:
- жарандык жана кызматтык куралдарды, алардын ок-дарыларын сатып алууга, сактоого, ташууга, алып жүрүүгө, чогултууга, экспонаттоого;
- атайын каражаттарды сатып алууга, сактоого, ташууга, алып жүрүүгө, ташып келүүгө жана ташып кетүүгө;
- (9-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (10-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- өндүрүштүк багыттагы жарылуучу материалдарды сактоо укугу;
- пиротехникалык буюмдарды сактоо укугуна;
- пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө;
- жарылуучу заттарды сатып алуу укугуна;
- күчтүү таасир берүүчү уулуу заттарды сатып алууга жана сатууга.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы N 410, 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Ички иштер органдарына төмөнкү эрежелерди сактоону контролдоо жүктөлгөн:
- ок атуучу куралдарды, анын ок-дарыларын, жарылуучу каражаттарды, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды, пиротехникалык буюмдарды сатып алуу, сактоо, эсебин алуу жана ташуу;
- дүрмөтсүз куралдарды даярдоо;
- тирлерди жана атуучу жайларды, мергенчилик-спорттук стенддерди, пиротехникалык, курал-жарак-оңдоочу устаканаларды (ишканаларды), ок атуучу куралдарды жана анын ок-дарыларын сатуучу дүкөндөрдү, сатып өткөрүүчү уюмдарды жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарга анализ жүргүзүүчү лабораторияларды иштетүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ички иштер органдары ишканалардын жана уюмдардын администрациясынын күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды дайыма сакталуучу жеринде сакташын камсыздоону контролдоону жүзөгө ашырат.
8. Ички иштер министрлигине (мындан ары - ИИМ) жана жер-жерлердеги ички иштер органдарына жарандарга таандык мергенчилик куралдарды каттоо (кайра каттоо), аларды сактоо, пайдалануу тартибине, ошондой эле аларды сатып алууга жана сактоого уруксат берүүгө контролдукту жүзөгө ашыруу жүктөлгөн.
9. Ички иштер органдары лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын объекттерди дыкат, дайыма изилдөө, уруксат системасы белгиленген буюмдар менен заттарды сатып алууга, сактоого, ташууга, кайтарууга жана пайдаланууга байланышкан иштерге адамдарды текшерүү менен киргизүү кийин контролдоо менен тиешелүү лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо, ошондой эле лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасынын эрежелерин бузууларды эскертүү жана бөгөт коюу боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жолу менен жүзөгө ашырат.
10. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жер-жерлерде жүзөгө ашыруу боюнча ишти коомдук коопсуздук бөлүмдөрү лицензия-уруксат берүү иши боюнча улук инспекторлор, инспекторлор уюштурушат.
11. Милициянын участоктук инспекторлору участоктордо милициянын инспекторлорунун иши жөнүндө Нускамага ылайык лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасынын багыты боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышат.
12. Ички иштер органдарындагы лицензия-уруксат берүү ишин жүзөгө ашыруучу кызматкерлер өздөрүнүн ишинде башка кызматтар менен, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенет.
13. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу ички иштер органынын бардык иши мыйзамдуулукту так сактоого негизделет. Бул милдеттерди аткаруучу кызматкерлер өздөрүнүн ишин колдонуудагы мыйзамдарга, ИИМдин буйруктарына жана көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле ушул Нускамага ылайык уюштурушат.
2. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасы таралган буюмдарды жана заттарды колдонууга байланышкан иштерге кирүүгө адамдарга жол берүү
14. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасы белгиленген, буюмдар менен заттарды колдонууга түздөн-түз байланыштуу иштерге жарандарды кабыл алуу ички иштер органдары менен алдын ала макулдашуу боюнча гана ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин же окуу жайларынын администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.
15. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасы белгиленген, буюмдар менен заттарды колдонууга түздөн-түз байланыштуу иштерге адамдарды киргизүү ички иштер органдарына зарыл маалыматтарды (аты-жөнүн, туулган датасын жана жерин, жашаган жерин, мурдагы эмгек иши жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен адамдардын тизмесин ошол адамдын көрсөтүлгөн иш түрүнө жарандуулугун күбөлөгөн медициналык документтер) берген ишканалардын, уюмдардын, окуу жайлардын администрацияларынын катынын негизинде ар тараптуу жана дыкат текшергенден кийин ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Ички иштер органы кат келип түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөткө чейин көрсөтүлгөн адамдын жашаган жери, соттуулугу жана башка жаманатты кылуучу материалдары, психоневрологиялык, наркологиялык диспансерлердеги эсепте туруусун текшерет.
16. Ички иштер органы лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасын колдонуу таралган буюмдар менен заттарды колдонууга байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүдөн төмөнкү жагдайларда баш тартат:
а) бул адам ден соолугунун абалы боюнча мындай иштерге пайдаланылышы мүмкүн эместиги жөнүндө күбөлөндүргөн медициналык мекеменин корутундусу (маалымкаты) болсо;
б) текшерилип жаткан адамдын коомдук тартипти дайыма бузгандыгы, спирт ичимдиктерин ашыкча ичкендиги, баңгизаттарын пайдалангандыгы жөнүндө маалыматтар болсо;
в) кылмыш кылгандыгы айыбы коюлса, ошондой эле сотко берилсе;
г) соттуулугу болсо.
17. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасы таралган буюмдар менен заттарды колдонууга байланыштуу ишке адамдарга уруксат берүүгө тоскоол болгон жагдайлар болсо, ички иштер органы бул жөнүндө мекеменин, уюмдун, ишкананын администрациясына себебине таянбай туруп билдирет.
3. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасынын объекттерин контролдоону уюштуруу
18. Лицензиялык-уруксат берүүчү контролду лицензиаттын лицензиялоо-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамда жана иштин айрым түрлөрүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда белгиленген лицензиялык талаптарды аткарганын текшерүү максатында ИИББнын, ИИБнын, ШИИБнын, РИИБнын жетекчилери уюштурушат.
Мурда өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн убактысына карабастан объект ар бир жолу: буюмдарды же заттарды сактоого уруксаттын узартылышын тариздөөдө; буюмдарды же заттарды сактоочу жай, уруксат наамына таризделген жетекчи алмашканда, буюмдардын саны, кампалардын көлөмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу уруксатты кайра тариздөөдө текшерүүдөн өтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасы колдонулган буюмдар менен заттарды сактоо үчүн бардык кампаларды, сактоочу жайларды жана имараттарды алгачкы кабыл алуу кызыкдар уюмдардын, милициянын, өрт көзөмөлүнүн, ошондой эле объекттин түрүнө карата - санитардык, мамлекеттик шаардык техникалык көзөмөлүнүн өкүлдөрүнүн курамынан турган комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Изилдөөнүн жыйынтыгы тиешелүү лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо үчүн негиз боло турган акт менен таризделет (8, 9-тиркемелер).
21. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасынын объекттери бир жылда бир жолудан кем эмес, ал эми оперативдүү кырдаалга жараша көбүрөөк лицензиялык-уруксат берүү ишин жүзөгө ашыруучу кызматкерлер тарабынан кызыкдар уюмдар менен бирге изилденүүгө тийиш.
22. Ок атуучу куралдар сарпталган жана пайдаланылган уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда төмөнкүлөр текшерилет:
а) ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын сакталышын камсыздоочу шарттардын сакталышы (сактоо үчүн жайдын жарандуулугу, эшиктердин, дубалдардын, шыптардын, полдордун, темир шкафтардын бекемдиги, бекиткичтердин ишенимдүүлүгү, жайды кайтарууну уюштуруу, күзөт сигналдарынын оңдугу);
б) курал-жаракты сактоого уруксаттын болушу, анын жарактуу мөөнөтү, уруксатта көрсөтүлгөн жооптуу адамдын ылайыктуулугу, уруксатта көрсөтүлгөндөй курал-жарактын номерлери, аталышы, саны, нормалары боюнча болушу;
в) атуулар, мелдештер үчүн курал-жарак жана ок-дарыларды берүүнүн жана чыгымдалган окторду эсептен чыгаруу тартибин сактоо, курал-жарактын туруктуу сакталган ордуна өз убагында кайтарылып берилиши, тирлердин, атуучу жайлардын жана мергенчилик-спорттук стенддердин мыйзамдуулугу, атууну өткөрүүдө жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу ж.б.;
г) сактоочу жайда башка уюмдарга тиешелүү ок атуучу куралдардын болушу, аны сактоонун жана пайдалануунун тартибинин сакталышы, көрсөтүлгөн сактоочу жайда сактоого уруксаттын болушу;
д) табылган кемчиликтерди жоюу боюнча мурда ички иштер органы берген көрсөтмөлөрдү объекттин администрациясынын аткаруусу, ошондой эле курал-жарактын сакталышына ведомстволук контролду уюштуруу.
23. Ок атуучу курал-жарак жана анын ок-дарылары сатылуучу дүкөндөрдө төмөнкүлөр текшерилет:
а) курал-жаракты, ок-дарыларды сактоо үчүн имараттын жарамдуулугу;
б) дүкөнгө келип түшкөн ок атуучу курал-жарактын жана ок-дарылардын эсебин алуунун абалы;
в) ок атуучу курал-жаракты жана ок-дарыларды сатуу укугуна лицензиянын болушу, лицензияны колдонуу мөөнөтү. Ок атуучу курал-жаракты сатуу эрежелеринин сакталышы (сатылып алынган жана сатылган курал-жарактын эсебин алуу журналынын болушу, ок-дарыларды сатуунун тууралыгы, сатылган курал-жаракка сертификаттын болушу).
24. Жарылуучу заттардын кампаларын изилдөөдө сактоочу жайлардын техникалык жабдууларына жана объекттерди сактоону уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат, анда төмөнкүлөр текшерилет:
а) объекттин техникалык жабдууларынын абалы (тосмолордун, күзөт мунараларынын болушу жана бекемдиги, тыюу салынган зоналардын жабдуусу, шам чырактардын оңдугу, аймактардын тазалыгы, күзөт сигналдарынын оңдугу, жакынкы посттор жана ички иштер органдарынын байланыш каражаттарынын болушу);
б) жарылуучу материалдарды жана жардыруу каражаттарын сактоо үчүн кампа жайларынын жарандуулугу, жүктөө нормаларын сактоо, астана жолдорун жана өрт өчүрүүчү каражаттардын абалы;
в) жарылуучу материалдарды ташууну уюштуруу (жарылуучу материалдарды ташуу үчүн пайдаланылган, жабдылган унаалардын болушу, жолдогу күзөт);
г) жарылуучу материалдарды сактоого, пайдаланууга, ташууга жана кайтарууга байланышкан адамдарга жол берүүнүн тууралыгы;
д) объектти кайтаруунун абалы (жекече курамдын комплектүүлүгү, посттордун дислокациясына күчтөрдү жайгаштыруунун ылайыктуулугу, кызмат өтөөгө жекече курамдын жарамдуулугу, аткычтар кызматын уюштуруу, аны өтөөнүн узактыгы, кезметтерди жана орун алмаштыруу тартиби), кызматтык документтерди жүргүзүүнүн тууралыгы, жекече курамдын өздөрүнүн милдеттерин билиши;
е) кампанын аймагына өткөрүү режимин жүзөгө ашыруу (өткөрмөлөрдү тариздөөнүн тууралыгы, жарылуучу материалдарды өткөрүү, ташып өтүү, алып чыгуу, алып келүү жана ташып чыгуу тартиби);
ж) ведомстволук ок атуучу куралдардын сакталышын камсыздоочу шарттарды сактоо, аны сактоочу жайдын жарамдуулугу, эсебин алуу, пайдалануу, анын ичинде постторго берүү тартибинин сакталышы;
з) жарылуучу материалдарды сактоого уруксаттын жана колдонуу мөөнөтүнүн болушу. Уруксатта көрсөтүлгөн аталыштардын жана сандардын факт жүзүндө болгон заттарга ылайыктуулугу.
25. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар бар объекттерди изилдөөдө төмөнкүлөр текшерилет:
а) күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын эсебин алуунун (киреше, чыгаша) абалы, аларды ташуу эрежелеринин сакталышы, керектөөчүлөргө сатуу жана берүү документтерин тариздөөнүн тууралыгы;
б) күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын сакталышын камсыздоочу эрежелердин сакталышы. Объектте табылган кемчиликтерди жоюу боюнча ички иштер органдары тарабынан мурда берилген көрсөтмөлөрдүн аткарылышы;
в) күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды сактоого уруксаттын жана колдонуу мөөнөтүнүн болушу. Уруксатта көрсөтүлгөн заттардын аталыштардын жана сандардын факт жүзүндө болгон заттарга ылайыктуулугу.
26. Пиротехникалык ишканаларды (устаканаларды) жана кампаларды изилдөөдө төмөнкүлөр текшерилет:
а) тиешелүү тосмолордун, күзөт-өрт сигналдарынын, өрткө каршы жабдуулардын болушу;
б) жарылуучу материалдарды пайдаланууга байланыштуу өндүрүш иштери үчүн устакананын жарамдуулугу (пиротехникалык буюмдарды өндүрүүнү уюштуруу белгиленген ченемге устакананын ылайыктуулугу, андагы жумушчулардын жана айлана-тегеректегилердин коопсуздугун камсыздоо, зарыл документтердин болушу);
в) пиротехникалык буюмдарды жана заттарды сактоо үчүн кампа жайларынын жарамдуулугу. Пиротехникалык буюмдарды жана заттарды сактоого ички иштер органынын уруксатынын болушу;
г) күнү-түнү күзөттүн болушу, өткөрүү тартибинин сакталышы.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы N 410 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасынын бардык объекттеринде лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасы колдонуу таратылган буюмдар менен заттардын сакталышына ведомстволук контролду уюштуруу милдеттүү түрдө текшерилет.
28. Объектти изилдөө учурунда укук бузуулар табылганда зарыл сандагы акт түзүлүп, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: текшерүү датасы, уюмдун аталышы, объекттин түрү, ички иштер органдарынын уруксатынын номери жана колдонуу мөөнөтү, сактоого уруксат берилген буюмдар менен заттардын саны, сактоо үчүн жайдын жана сыйымдуулуктардын мүнөздөмөсү, күзөт сигналдарынын болушу. Табылган кемчиликтердин маани-маңызы толук жазылып, аларды жоюу үчүн мөөнөт берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомунун редакциясына ылайык)
28-1. Текшерүү убагында лицензиялык-уруксат берүү тутуму белгиленген буюмдарды жана заттарды жүгүртүүнүн эрежелери бузулгандыгы аныкталса, административдик укук бузуу тууралуу протокол түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомунун редакциясына ылайык)
28-2. Лицензиянын жана (же) уруксаттын аракетин токтото туруу, кайра жаңылоо жана токтотуу Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамында каралган тартипте ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Объектте изилдөө учурунда эреже бузуулар табылбаса, ички иштер органынын начальнигине рапорт түзүлүп, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: текшерүү датасы, объекттин аталышы, текшерүүнүн жыйынтыгы.
30. Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо системасынын объекттерин текшерүү жөнүндөгү актылар жана рапорттор тиешелүү чечим кабыл алуучу ички иштер органдарынын жетекчилигине билдирилет.
4. Лицензиялоо-уруксат берүү тутумунун талаптары бузулгандыгы аныкталганда ички иштер органдарынын укуктары
(Глава КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ички иштер органдарына төмөндөгү укуктар берилет:
а) жарылуучу материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды, күчтүү таасир берүүчү уулуу заттарды жүгүртүү менен байланышкан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ишин токтотуп турууга ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы), куралды жана ок-дарыларды алып коюуга (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси);
б) куралды сактоонун жана пайдалануунун эрежелерин бузушкан жарандардын, ошондой эле бир жыл ичинде коомдук тартипке же башка башкаруу тартибине зыян келтирген администрациялык укук бузууну кайталап жасаган, спирт ичимдиктерин ашыкча ичкен, баңгизаттарды пайдаланган, психикалык оорулардан жабыркаган, куралды туура колдонууну камсыз кылууга тоскоолдук келтирген оорусу же болбосо дене боюнун кемтиги бар адамдардын дүрмөттүү куралды сактоого берилген уруксатын жокко чыгаруу, дүрмөттүү куралдарды жана ок-дарыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомунун редакциясына ылайык)