Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415, 2015-жылдын 19-январы № 12, 2017-жылдын 10-майындагы № 265 токтомдорунун редакциясына ылайык)
N | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булактары | Ишке ашыруу чаралары | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Жооптуу аткаруучулар |
1-этап. Санариптик берүүнү ишке киргизүү үчүн платформаларды түзүү жана контентти өнүктүрүү | ||||||
1 | Жыштыктарды ыйгаруу пландарын иштеп чыгуу | 2013-2015-жылдар | МТБМКнын каралган каражаттарынын чегинде | "Женева-06" планына ылайык жыйынтыктарды ыйгаруу планын иштеп чыгуу | Санариптик берүү үчүн жыштыктарды ыйгаруунун макулдашылган планы | МТБМК |
2 | Жер бетиндеги санариптик эфирдик берүүнү ишке киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо | Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинин ичинде | Талап кылынбайт | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо | Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жаңы ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу же тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | МТБМК, ММТМ |
3 | Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу (SТВ) сет-топ-бокстар менен камсыздоону контролдоо | Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде | Талап кылынбайт | SТВ тастыктамасын минималдык техникалык талаптарга шайкеш уюштуруу | Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу SТВ менен камсыз кылуу | МТБМК, "Экотехинспекция" жана Экономминдин алдындагы СМБ |
4 | Контентпровайдерлерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу | Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде | Талап кылынбайт | Зарыл болгон учурда телекөрсөтүү программаларынын контентин жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Телекөрсөтүү программаларынын контентин өнүктүрүүгө шарттарды түзүү | ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭлТР (макулдашуу боюнча) |
5 | Улуттук аудиовизуалдык продуктуга мамлекеттик заказды мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштыруу | Санариптик берүүлөргө өтүүнүн бардык мезгилинде | ММТМнын, КТРКнын, ЭлТРнын, "МИР" МТРКнын, "Ынтымак" КРТРКнын жана облустук, жеке телерадиокомпаниялардын каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле инвестициялардын, гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен | Ата мекендик аудиовизуалдык продуктуну мамлекеттик жана расмий тилдерде түзуү | Ата мекендик контентти өнүктүрүү | ММТМ, КТРК, ЭлТР, "МИР" МТРК, "Ынтымак" КРТРК |
6 | Балдардын маданий- агартуу, музыкалык, спорттук, илимий-билим берүү телеканалдарын мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүү | Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде | ММТМнын, КТРКнын жана ЭлТРнын, облустук жана жеке телерадиокомпаниялардын каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле инвестициялардын, гранттык жана спонсордук каражаттардын эсебинен | Ата мекендик аудиовизуалдык продуктуну мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүү | Ата мекендик контенттин көлөмүн мамлекеттик жана расмий тилдерде көбөйтүү | ММТМ, КТРК, ЭлТР |
2-этап. Сынакты өткөрүү | ||||||
7 | Санариптик берүү үчүн радиожыштыктарды алууга сынак | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Катышуучулардын каражаттарынын эсебинен | Санариптик берүү үчүн радиожыштыктарды алууга сынак өткөрүү | Санариптик берүү үчүн радиожыштыктарды алууга талапкерлерди аныктоо | МТБМК |
8 | Телекөрсөтүү программаларынын социалдык пакетин аныктоо | Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде | Талап кылынбайт | Социалдык пакетти түзүүчү телекөрсөтүү программала- рынын тизмегин аныктоо жана бекитүү | Социалдык пакетти түзүүчү телекөрсөтүү программаларынын тизмеги | ММТМ |
3-этап. Санариптик берүү тарамын өнүктүрүү | ||||||
9 | Кыргыз Республикасы- нын санариптик телерадиоберүү тарамын түзүү жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагын санариптик берүү менен камтууну камсыз кылуу | 2013-2015-жылдар | "Кыргыз- телеком" ААКнын каралган каражатта- рынын чегинде | Санариптик берүү тарамын өнүктүрүүнү жана модернизациялоону камсыздоо | Кыргыз Республикасынын аймагын санариптик эфирдик берүү менен камтуу | МТБМК, "Кыргызтелеком" ААК |
9-1 | Параллель берүүнүн механизмин (аналогдук жана санариптик), ошондой эле аналогдук берүүнү өчүрүүнүн мөөнөтүн аныктоо | Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде | Параллель берүүлөрдүн мезгилиндеги трансляциянын кызматын төлөө үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды алдын ала караштыруу | Каржылоонун бюджетин аныктоо жана бекитүү | Паралель берүүлөрдү каржылоонун булактары жана мөөнөтү белгилүү | ММТМ, ФМ, ''Кыргызтелеком" ААК (макулдашуу боюнча) |
9-2 | Республикалык бюджеттен каржыланган телерадиокомпанияларды, ошондой эле республикалык бюджеттен каржыланбаган, бирок мамлекет (мамлекеттик органдар) катышуучу (уюштуруучусу) болуп эсептелген телекөрсөтүү жана радиоуюмдарды техникалык кайра жабдууну өткөрүү | Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде | 370 млн. сом талап кылынат | Техникалык кайра жабдуу боюнча техникалык иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Санариптик телерадиоберүүнү камсыздоо | ММТМ, ФМ, ТРК (макулдашуу боюнча) |
10 | КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту | |||||
11 | КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту | |||||
4-этап. Санариптик берүүгө өтүүнү аяктоо | ||||||
12 | Учурдагы абалды талдоо жана санариптик берүүнү ишке киргизүүнү аяктоо боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2017-жыл | Талап кылынбайт | Учурдагы абалга баа берүү жана санариптик берүүнү ишке киргизүүнү өз убагында аяктоо боюнча чараларды иштеп чыгуу | Санариптик берүүгө өтүү аяктайт | МТБМК, ММТМ, "Кыргызтелеком" ААК |
13 | Кыргыз Республикасынын социалдык жактан аялуу катмарларына колдоо көрсөтүү боюнча маселени иштеп чыгуу | Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде | Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын чегинде, Инвестициялар, гранттар жана башка тартылган каражаттар | Калктын аялуу катмарына санариптик берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө колдоо көрсөтүү боюнча механизмдерди жана чараларды аныктоо | Өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыздоо | ММТМ, МТБМК, ЭСӨМ |
14 | Аналогдук берүүдөн санариптик берүүгө өтүүнү аяктоо | 2017-жылдын декабры | МТБМКнын жана байланыш жаатындагы ишкердик субъекттердин каралган каражаттарынын чегинде | Аналогдук берүүлөргө жыштыктарды ыйгарууну токтотуу | Аналогдук берүүлөр өчүрүлөт | МТБМК, байланыш жаатындагы ишкердик субъекттер |
Эскертүү:
Кыскартуулардын жана аббревиатуралардын тизмеси:
''МИР" МТРК - "МИР" Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясы;
"Ынтымак" КРТРК - "Ынтымак" коомдук регионалдык телерадиокомпаниясы;
КТРК - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы;
"ЭлТР" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;
ТРК - телерадиокомпаниялар;
ММТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
ФМ - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
ЭСӨМ - Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
Экотехинспекция - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
"Экономминдин алдындагы СМБ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору;
МТБМК.