Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-январы № 12
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 “Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 “Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- 2015-жылдын 1-январына чейин чек арага жакын аймактарда социалдык пакеттерди кабыл алууну камсыздасын, 2015-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын калкынын 95 пайызынан аз эмесинин социалдык пакетти кабыл алуусун камсыздасын.”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүүнүн Программасында:
- 1-баптын он жетинчи абзацында “бекитип” деген сөз “конкурстан сырткары бөлүштүрүп” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-баптын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“социалдык пакет - бир жыштыктуу бөлүштүрүүдө калк үчүн акысыз жайылтылган жана мамлекеттик бюджеттен жана/же башка булактардан каржыланган теле жана радио уюмдарынын телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын пакети, анын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;”;
- 4-баптын 1-пунктунун бешинчи абзацында “Лицензиялоо жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-баптын 7-абзацындагы “кыргыз тилинде” деген сөздөр “мамлекеттик жана расмий тилдерде” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-бапта:
7-пункттун 6-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Социалдык пакетти түзүү маселелерин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте маалыматтык чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган иштеп чыгышы керек.”;
11-пункттун 12-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“ - 2015-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын калкынын 95 пайызынан аз эмесинин социалдык пакетти кабыл алуусун камсыздасын;”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында:
- 5 жана 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“
5 | Улуттук аудиовизуал-дык продуктуга мамлекеттик заказды мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштыруу | Сан- ариптик берүү-лөргө өтүүнүн бардык мезги-линде | ММТМнын, КТРКнын, ЭлТРнын, “МИР” МТРКнын, “Ынтымак” КРТРКнын жана облустук, жеке телерадиоком-паниялардын каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле инвестициялар-дын, гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен | Ата мекендик аудиовизу-алдык продуктуну мамлекет-тик жана расмий тилдерде түзүү | Ата мекендик контент-ти өнүктү-рүү | ММТМ, КТРК, ЭлТР, “МИР” МТРК, “Ын-тымак” КРТРК |
6 | Балдардын маданий-агартуу телеканалда-рын мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүү | Сан-ариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезги-линде | ММТМнын, КТРКнын жана ЭлТРнын, облустук жана жеке телерадиоком-паниялардын каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле инвестициялар-дын, гранттык жана спонсордук каражаттардын эсебинен | Ата мекендик аудиовизу-алдык продуктуну мамлекет-тик жана расмий тилдерде түзүү | Ата мекендик контент- тин көлөмүн мамле-кеттик жана расмий тилдерде көбөйтүү | ММТМ, КТРК, ЭлТР |
”;
- 7-пункттагы “2013-жылдын III кварталы” деген цифралар жана сөздөр “2015-жылдын I жарым жылдыгы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункттагы “2013-жылдын III кварталы” деген цифралар жана сөздөр “2014-жылдын IV кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 91, 92-пункттар менен толукталсын:
“
91 | ТБ программала-рын жайылтуунун санариптик жана аналогдук тутумдарынын бир мезгилде иштөө мөөнөтүн жана механизмдерин аныктоо | Сан-ариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезги-линде | Параллель берүүлөрдүн мезгилиндеги трансляциянын кызматын төлөө үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды алдын ала караштыруу | Каржылоо-нун бюджетин аныктоо жана бекитүү | Пара-лель берүү-лөрдү каржы-лоонун булакта-ры жана мөөнөтү белгилүү | ММТМ, ФМ, “Кыр-гызтеле-ком” ААК (макул-дашуу боюнча) |
|
92 | Республикалык бюджеттен каржыланган телерадиоком-панияларды техникалык кайра жабдууну өткөрүү | 2014-2015 -жылдар | 370 млн сом талап кылынат | Техникалык кайра жабдуу боюнча техникалык иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Санарип-тик телера-диобе-рүүнү камсыз-доо | ММТМ, ФМ, ТРК (макул-дашуу боюнча) |
”; |
- 10 жана 11-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пункттун “Жооптуу аткаруучулар” деген графасы “, СӨМ” деген аббревиатура менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
“Эскертүү:
Кыскартуулардын жана аббревиатуралардын тизмеси:
“МИР” МТРК - “МИР” Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясы;
“Ынтымак” КРТРК - “Ынтымак” коомдук регионалдык телерадиокомпаниясы;
КТРК - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы;
“ЭлТР” - “ЭлТР - Коомдук телекөрсөтүүсү” Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү компаниясы;
ТРК - телерадиокомпаниялар;
ММТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
ФМ - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
СӨМ - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |