Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 15-июнундагы № 320 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июлу № 422
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерин социалдык коргоону жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 2-пункту "Мектептен тышкаркы балдар мекемелери" деген сөздөрдөн кийин дене тарбия жана спорт мекемелери (балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептер, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери, дене тарбия даярдыгынын балдар-өспүрүмдөр клубдары)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |