Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-июну № 320
Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө
Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 380-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-февралындагы № 58 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 478 "Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын тармактарынын абалы жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
Менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы
№ | Билим берүү уюмдары | Өргүүнүн узактыгы | Педагогикалык кызматкерлердин кызмат орундарынын аталышы |
1 | Мектепке чейинки билим берүү уюмдары, жалпы билим берүү уюмдары, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар, санаториялык мектептер жана мектеп-интернаттары, дене түзүлүшүнүн жана акыл-эсинин өнүгүшүндө кемчилиги бар балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын мектептер жана мектеп-интернаттар. Балдарга психологиялык-педагогикалык консультация берүүчү уюмдар. Балдардын искусство мектептери, балдардын музыкалык, көркөм өнөр мектептери жана мектеп-интернаттары. Аскердик лицейлер жана башка аскердик атайын орто лицейлер жана окуу жайлары. Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн балдар үйлөрү жана мектеп-интернаттар. Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо мекемелери (балдар клиникалары, бейтапканалары, ооруканалары жана балдар үйлөрү). | Окутуучулар, мугалимдер, методисттер, музыкалык кызматкерлер, музыкалык жетекчилер, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучулар, социалдык педагогдор, психологдор, дефектологдор, сурдологдор, кружоктордун жана класстан тышкаркы дене тарбялык иштердин жетекчилери, концертмейстерлер жана иллюстраторлор үчүн - 56 календардык күн; 10 жылга чейинки иш стажысы бар жетекчилер жана жетекчилик кылуучу кызматкерлер үчүн - 35 календардык күн, 10 жылдан ашык иш стажысы болгон учурда - 49 календардык күн, 15 жылдан ашык иш стажысы болсо - 56 календардык күн | Окутуучу, мугалим, методист, музыкалык кызматкер, музыкалык жетекчи, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу, социалдык педагог, психолог, дефектолог, сурдолог, кружоктун жана класстан тышкаркы дене тарбиялык иштердин жетекчиси, концертмейстер, иллюстратор, логопед, логопед мугалим, дефектолог мугалим, директор, директордун орун басары, тарбиячы |
2 | Мектептен тышкаркы балдар мекемелери, дене тарбия жана спорт мекемелери (балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептери, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери, республикалык адистештирилген олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектептери, балдар-өспүрүмдөрдүн дене тарбиялык даярдоо клубдары), облустук методикалык билим берүү борборлору (бөлүмдөрү), билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттер | 5 жылга чейинки иш стажысы бар жетекчилер, ошондой эле педагогикалык жана окуу-методикалык иштерди аткаруучу кызматкерлер үчүн - 35 календардык күн, 5 жыл жана жогору иш стажысы болгон учурда - 42 календардык күн | Башчы, окутуучу, тарбиячы, методист, кружоктун жетекчиси, методикалык иштерди жүзөгө ашыруучу башка адистер |
3 | Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү окуу жайлары жана кадрларды даярдоо боюнча башка окуу жайлар | Окутуучулар жана мастерлер үчүн - 56 календардык күн; 10 жылга чейинки иш стажысы бар жетекчилер жана жетекчилик кылуучу кызматкерлер үчүн - 35 календардык күн, 10 жылдан ашык иш стажысы болгон учурда - 49 календардык күн, 15 жылдан ашык иш стажысы болсо - 56 календардык күн | Окутуучу, өндүрүштүк окутуу мастери, директор, башчы жана алардын орун басарлары |
4 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларынан башка жогорку окуу жайлары Жогорку жана орто аскердик окуу жайлары Билимин өркүндөтүү, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институттары Мамлекеттик жана коомдук башкаруунун жогорку мектеби | Окутуучулар үчүн - 56 календардык күн, 10 жылга чейинки иш стажысы бар жетекчилер жана жетекчилик кылуучу кызматкерлер үчүн - 35 календардык күн, 10 жылдан ашык иш стажы болгон учурда - 49 календардык күн, 15 жылдан ашык эмгек стажы болсо - 56 календардык күн | Доцент, окутуучу, профессор, концертмейстер, ректор (директор, начальник) Декан жана алардын орун басарлары Окутуучу начальник жана анын орун басарлары Окутуучу, директор, башчы жана алардын орун басарлар |
Эскертүү:
1-пунктундагы саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо мекемелеринде (балдар клиникалары, бейтапканалары, ооруканалары жана балдар үйлөрү) аталган узартылган өргүү педагогикалык кызматты жүзөгө ашырган кызматкерлерге гана берилет.
Жыл сайын негизги узартылган өргүүгө укук берүүчү иш стажыга билим берүү уюмдарында жетекчилер, жетекчилик кылган кызматкерлер, педагогикалык кызматкерлер, тарбиячылар, методисттер жана окутуу-методикалык иштерди жүзөгө ашыруучу башка адистер катары иш жүзүндө иштеген убактысы кирет.
Узартылган өргүүлөр менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине берилет.