Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июлу № 427
"Камкордук кеңеш жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Р.Б.Жээнбеков, Ч.А.Турсунбеков, Ж.К.Кудайбергенов, Д.Д.Бекешев, Ө.Абдырахманов, Б.А.Мамырова, У.Т.Кочкоров, М.А.Султанов, Б.И.Сулейманов, И.И.Исаков, У.С.Чолпонбаев демилгечилери болушкан "Камкордук кеңеш жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 427 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Р.Б.Жээнбеков, Ч.А.Турсунбеков, Ж.К.Кудайбергенов, Д.Д.Бекешов, Ө.Абдырахманов, Б.А.Мамырова, У.Т.Кочкоров, М.А.Султанов, Б.И.Сулейманов, И.И.Исаков, У.С.Чолпонбаев демилгечилери болушкан "Камкордук кеңеш жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна жана 31-беренесине таянуу менен төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Камкордук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун кириш сөзүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, анткени анда ченемдик көрсөтмөлөр бар, ал эми "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кириш сөзгө ченемдик көрсөтмөлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Долбоордун 1-беренесинин үчүнчү абзацында социалдык чөйрөнүн мамлекеттик же муниципалдык мекемелери деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн тийиштүү мекемелер айтылып жатат.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 227-беренесине ылайык муниципалдык менчик жергиликтүү коомчулуктун казынасынан, ошондой эле жергиликтүү коомчулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка юридикалык жактарга бекитип берген мүлктөн турат. Юридикалык жак катары иштөөчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы муниципалдык мүлктү тескөөнү жана башкарууну жүзөгө ашырат.
Андан тышкары, аталган Кодекстин 87-беренесине ылайык юридикалык жакты уюштуруучу мүлктүн менчик ээлери же алар ыйгарым укук берген органдар же жактар мыйзамда атайын каралган учурларда башка уюмдар же граждандар боло алышат.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинде мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз экендиги айтылган.
Ушул айтылгандардын негизинде долбоордун 1-беренесинин үчүнчү абзацынын редакциясын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Долбоордун 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн баяндалышын тактоо зарыл, анткени сунушталып жаткан редакция боюнча Кеңеш социалдык чөйрөнүн баардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринде бирдей иштейби же айтылып жаткан мекемелердин ар биринде Кеңеш түзүү керек болобу, аныктоого мүмкүн эмес.
Андан тышкары, долбоордун 3-беренесинин айтылып жаткан бөлүгүндө "башкаруу" деген сөздү "кошо башкаруу" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Кеңешке коюлуп жаткан максаттардан улам мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коомдун уюмдары жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу эриш-аркак иштешүүсүн жолго коюуну аталган Кеңештин милдеттерине киргизүүгө мүмкүн болбогондуктан долбоордун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун алып салууну, же Кеңеш мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун уюмдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен натыйжалуу эриш-аркак иштешүүгө кандайча жардамдашаарын караштырууну сунуш кылабыз.
Социалдык чөйрөнүн мекемелеринде ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна демилге көтөрүүгө укуктары жок болгондуктан Кеңеш билим берүү, маданият, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо жааттарындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды кайсы органга киргизээрин такташтырууну же долбоордун 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "жана билим берүү, маданият, социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин жобосун эске алып долбоордун 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана мыйзам менен корголуучу" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
5-берененин 2-бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттарын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, анткени мыйзамды жана финансылык тартипти бузгандык фактыларын тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныктоого жана далилдөөгө тийиш, ошондон кийин гана уюмдун кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени коюуга болот. Ушуга байланыштуу камкордук кеңеш долбоордун 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунда айтылгандай кандайдыр бир эреже бузуу жөнүндө маалыматты же материалдарды гана бере алат деп эсептейбиз.
Долбоордун 4-беренесине ылайык камкордук кеңештин милдеттеринин бири каржылоонун кошумча булактарын тартуу экендигин эске алып, долбоордун 5-беренесинин 3-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толуктоону сунуш кылабыз:
"7) социалдык чөйрөдөгү мекемелерге каржылоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча булактарын тартууга;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча өзүнүн иши жөнүндө отчетторду берүүгө.".
Долбоордун 1-беренесине ылайык социалдык чөйрөдөгү мекемелер деп билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтүүчү мекемелер эсептелет.
Мында ченемдик укуктук актылар менен бул айтылган чөйрөлөрдөгү саясатты иштеп чыгуу аткаруучу бийликтин бир топ органдарына берилгенин айта кетүү керек. Ага байланыштуу, ошондой эле Кеңештер социалдык чөйрөнүн ар бир мекемесинде түзүлөөрүн эске алып, ар бир Кеңештин иши жөнүндө маалыматты социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу органдын сайтында жайгаштыруунун ылайыктуулугун караштырууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле долбоордун текстиндеги "социалдык чөйрөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жана "социалдык чөйрө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөз айкаштарына көңүлдү бурабыз. Мында, долбоордо пайдаланылган терминология бирдей болууга тийиш.
Расмий тилдеги тексттеги "весь состав" жана "общий состав" деген сөз айкаштары боюнча да ушундай эле пикир бар.
Социалдык чөйрөнүн мекемелери жергиликтүү кеңештерге ведомстволук баш ийүүдө болушу мүмкүн эместигине байланыштуу долбоордун айрым жоболорун кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Долбоордун 6-беренесинин 1-бөлүгү Кеңешке мүчө болуучу адамдардын тизмесин аныктайт. Ушул берененин 2-бөлүгү болсо Кеңеш 15 адамдан ашык эмес санда түзүлөөрүн белгилейт. Ошону менен бирге долбоордун бул беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кеңештеги адамдардын сандык катышы аныкталган эмес. Комиссиянын курамы боюнча да ушундай эле доомат бар.
Долбоордун 6-беренесинин 4-бөлүгүндө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата пайдаланылган "өкүлдөр" деген терминди аныктоону сунуш кылабыз (өкүлдөр деп ушул органдардын кызматкерлери түшүнүлөбү же мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныктаган башка адам түшүнүлөбү?).
Долбоордун 6-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Комиссия социалдык чөйрө мекемесинин кеңешин түзүү жөнүндө кулактандырууну массалык маалымат каражаттарына жарыялайт. Ага байланыштуу ал кулактандыруу кайсы массалык маалымат каражаттарына жарыяланаарын жана жарыялоо мөөнөттөрүн аныктоо керек деп эсептейбиз.
Коррупциялык ыңгайларга жол бербөө үчүн долбоордун 6-беренесинин 6-бөлүгүндө "сапаттык" деген сөздү кайра кароону сунуш кылабыз, анткени аны колдонуу Комиссияга Кеңешке мүчөлөрдү тандоо жана түзүү боюнча кеңири укук берет.
Долбоордун 6-беренесинин 7-бөлүгүндө долбоордун ушул беренесинин 4 жана 7-бөлүктөрүнө шилтемелерди кайра карап чыгыш керек анткени айтылып жаткан бөлүктөр Кеңештин курамыма өкүлдөрдү кошуусунун тартибин аныкташпайт. Мындан тышкары, долбоордун 6-беренесинин 7-бөлүгүндө ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдардын өкүлдөрү "өкүлдөрүн өкүлдөшөөрү" жөнүндө айтылып жатат. Ал эми долбоордун 6-беренесинин 1-бөлүгүндө Кеңешке өкүлдөрүн кошууга укуктуу уюмдардын тизмеси 1-пунктунда гана айтылган. Аталган берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында Кеңешке мүчө болууга укуктуу жеке адамдар саналат. Долбоордо Кеңешке субъекттерди көрсөтүүнүн тартиби ачып берилген эмес.
Долбоордун 6-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, жарандык коомдук уюм ошол эле бир талапкерди кайталап сунуштаган учурда, Комиссия аны Кеңештин мүчөсү кылып бекитүүгө тийиш. Мындай учурда долбоордун 6-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген Кеңештин мүчөлөрүнүн санынын лимити ашып кетүү тобокели бар.
Долбоордун 6-беренесинин 8-бөлүгүндө социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү кеңеш Кеңештин мүчөлүгүнө жарандык коомдун уюму көрсөткөн талапкерден кайсыл учурларда жана кандай тартипте жүйөлүү баш тартууга укуктуу экенин тактоону сунуш кылабыз.
Долбоордун 7-беренесинин 3-бөлүгүндө "милдеттерди ак ниеттүү жана акыл эстүү аткаруу" деген сөз айкашы эмнени түшүндүрөөрүн тактоону сунуш кылабыз. Мында аталган бөлүктүн жоболорун ушул беренеде Кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттерин караштыруучу 2-бөлүгүндө чагылдырууну сунуш кылабыз.
7-берененин 4-бөлүгүнүн жоболору практикада Кеңештин мүчөлөрүнүн тигил же бул маселе боюнча добуш берүүгө катышпай коюусуна алып келиши мүмкүн, бул Кеңештин иши натыйжасыз болушуна алып келет.
Долбоордун 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пункту боюнча Кеңештин мүчөсү жүрүм-турум этикасын бузган учурда контролдоо механизми так эмес экендигин белгилейбиз.
Долбоордун 8-беренесинин 3-бөлүгүндө "Кеңештин курамындагы бош орун" деген түшүнүктү конкреттештирүүнү сунуш кылабыз. Мында долбоордо Кеңештин мүчөлөрү мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен учурда Кеңештин курамындагы бош орундарды ээлөө механизмин аныктоо керектигин айтмакчыбыз.
Долбоордун 9-беренесинин 4-бөлүгүнүн жоболору ушул берененин Кеңештин төрагасы бир жыл мөөнөткө шайланат деген 2-бөлүгүнө каршы келет.
Долбоордун 10-беренеси боюнча Кеңеш тарабынан тартылган акча каражат эмнеге жумшалаарын аныктоого мүмкүн эмес.
Долбоордун 14-беренесинин 1-бөлүгүндө Кеңеш өз иштерин координациялоо үчүн Кеңештердин коомдук бирикмесине ыктыярдуу биригүүгө укуктуу экени айтылган. Ал эми "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-пунктуна ылайык мамлекеттик кызматчыга өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат учурунда саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишин кандайдыр бир түрдө түзүүгө, катышууга же көмөк көрсөтүүгө тыюу салынат. "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинде да ушундай эле чектөөлөр караштырылган.
Долбоордун 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболорун эске алганда долбоордун 13-беренесинин 2-бөлүгүн алып салуу керек. Мында долбоордун 3-беренеси менен 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн ортосунда карама-каршылыктар бар.
Ушуну менен бирге эле, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актылардын мазмуну шайкеш, логикалуу ыраатта жана ченем чыгаруу техникасына ылайык болууга тийиштигин билдиребиз. Ченемдик укуктук актынын текстин баяндоодо адегенде жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор берилет.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
Долбоордун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мекеменин башкаруу органдарынын маселесин жөнгө салуучу 34-беренесиндеги "Граждандык кодексине" деген сөздөрдү "мыйзамга" деген сөзгө алмаштыруу сунушталат.
Мында юридикалык жактардын ишинин маселелери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жөнгө салуучу предмет болуп эсептелет жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кодекс мыйзамга караганда жогорураак юридикалык күчкө ээ.
Ошентип, ар кандай деңгээлдердеги ченемдик укуктук актыларда юридикалык карама-каршылыктар болгон учурда жогору турган ченемдик укуктук актынын ченемдери колдонулууга тийиш.
Долбоордун 2-беренесин "Мыйзамдан" деген сөздөн мурда "конституциялык" деген сөз менен толуктоо зарыл.
Долбоордун 6-беренесинде кошумча (бюджеттен тышкаркы) акча каражаттарды тартууну, акча каражаттардын пайдаланылышын контролдоону, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан каржылоонун кошумча булактарын тартууну Камкордук кеңештин ыйгарым укугунан алып салуу сунушталат ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүгү).
Ал эми "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши (мындан ары - камкорчулук кеңеши) - мамлекеттик билим берүү уюмунун уставдык максаттарына жетүүсү үчүн, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкары) каражаттарды тартуу жана алардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча көмөк көрсөтүү функцияларын жүзөгө ашыруучу, юридикалык жак статусу жок мамлекеттик билим берүү уюмунун тең башкаруусунун шайлануучу органы болот.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 44-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттен билим берүү уюмдарына бөлүнүп берилген каражаттар казыналык тарабынан контролдонот. Билим берүү уюму иштеп тапкан калган бардык каражаттарды камкорчулар кеңеши жана коомдук институттар контролдойт.
Ошондой эле "Камкордук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамымын долбоорунун 4-беренесинде социалдык чөйрө мекемелерине каржылоонун кошумча булактарын тартуу Кеңештин максаттарынын бири деп көрсөтүлгөн. Аталган долбоордун 5-беренесинде Кеңешке социалдык чөйрө мекемесине тартылган бюджеттик эмес каражаттардын сметасынын аткарылышын кароо жана көзөмөлдөө, социалдык чөйрө мекемелеринин өнүгүүсү үчүм донорлорду жана башка финансы булактарын издөө жана тартуу тапшырылган. Буга байланыштуу долбоордун 6-беренесинин 1-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун жөн-жайы боюнча.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мыйзамдарды кабыл алууга укуктуу. Мында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган же Конституциянын өзүнөн келип чыгуучу мыйзамдарды гана кабыл ала алат. Мисалы, мамлекет мыйзамда белгиленген ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлинде өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзөт (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 5-бөлүгү); ар бир адам ден соолугун сактоого укуктуу. Акысыз медициналык тейлөө, ошондой эле жеңилдик шарттарындагы медициналык тейлөө мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин чегинде жүзөгө ашырылат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесинин 3-бөлүгү); жарандарга улгайганда, ооруп, же эмгектенүүгө жараксыз болуп калганда, багып-көрөөрүнөн ажыраганда мыйзамда каралган тартипте жана жагдайларда социалдык жактан камсыз кылуу кепилдиги берилет (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 53-беренесинин 1-бөлүгү).
"Камкордук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган эмес, ошондой эле өлкөнүн эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз таасир этүүчү, ошондой эле анын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынуучу негизги мыйзамынан келип чыкпайт. Ушуга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши чечимдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык кабыл алаарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо тармагындагы мыйзамдарды ишке ашырууда камкордук кеңештердин ишинин маселелерин өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча жөнгө салса болот.
Мында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, мыйзам - белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт.
Ушул айтылгандарга байланыштуу, ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө, билим берүү саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндө бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн камсыздоо Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын компетенциясына берилгендигине байланыштуу камкордук кеңештерди уюштуруу жана алардын иштеши жөнүндө маселелерди мыйзамдык акты кабыл алуу менен жөнгө салуу зарыл эместигин белгилейбиз.
Ушуларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорун кабыл алуунун ылайыгы жок деп эсептейт.
|
|