Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын февралы № 66 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-июлу № 433
"Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79 жана 80-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул Мыйзам долбоорун кезексиз тартипте, кечиктирилбестен кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 8, 376-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
III глава төмөнкү мазмундагы 14-1-статья менен толукталсын:
"14-1-статья. Лицензиялоо
Тышкы соода жүгүртүү ишинде лицензиялоо "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
Лицензиялоо төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
1) товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна же импортуна убактылуу сандык чектөөлөрдү киргизүү;
2) мамлекеттин коопсуздугуна, жарандардын жашоосуна жана ден-соолугуна, жеке же юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоосуна же ден-соолугуна жагымсыз таасир тийгизе турган товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна уруксат берүү тартибин ишке ашыруу;
3) товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна айрыкча укук берүү;
4) Кыргыз Республикасынын уруксат берүү тартибин киргизүүнү талап кылуучу эл аралык милдеттерди аткаруу.
Товарларды экспорттоону жана (же) импорттоону лицензиялоо, киргизилген ушул чектөөлөрдү аткаруу максаттарына караганда, товарларды экспорттоого жана импорттоого чектөөчү таасирде болбошу керек.
Товарларды экспорттоо жана импорттоо учурунда башкы жана бир жолку лицензиялар берилет.
Башкы жана бир жолку лицензиялар аларда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө товарларды экспорттоого жана импорттоого берилген уруксат болуп эсептелет жана продукцияларды бажылык жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп кызмат кылат.
Тышкы соода ишинин катышуучусуна башкы лицензия бир же бир нече контракттын негизинде берилет жана эгерде бул товарлар бир объектте пайдалануу үчүн товарлардын бирдиктүү тобуна кирсе, лицензияда аныкталган санда товарлардын бир же бир нече түрүн экспорттоого жана импорттоого укук берет.
Тышкы соода ишинин катышуучусуна бир жолку лицензия товар предмети болуп саналган тышкы соода бүтүмүнүн негизинде берилет жана лицензия берүү үчүн негиз болуп эсептелген контрактка жана документке киргизилген белгилүү сандагы товардын бир түрүн экспорттоого жана импорттоого укук берет.
Лицензия бир жылдык мөөнөткө берилет. Эгерде лицензия берүү үчүн негиз болуп саналган контракттын же башка документтин мөөнөтү бир жылдан аз болсо, анда лицензия бул контракттын (документтин) колдонуу мөөнөтүнө берилет.
Арыз ээсинин жүйөлүү өтүнүчү боюнча лицензиянын колдонуу мөөнөтү бир жылдан ашпаган мөөнөткө узартылат.
Товарларды бир мамлекетке алып кетүүгө берилген лицензиялар ушул товарларды башка мамлекетке алып кетүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасында мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары сыяктуу эле шарттарда жана тартипте лицензияларды алышат.
Лицензия арыз ээси тарабынан лицензиялык жыйымды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана өлчөмдө төлөнгөндүгүн тастыктоочу документти көрсөткөндөн кийин берилет.
2-статья.
1. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
2. Ушул Мыйзам "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн баштап колдонууга киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|