КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-февралы № 66
«Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик
жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 433 «Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 433 «Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|