Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-июлу № 434
Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин жана "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин талаптарын эске алып, эркин экономикалык зоналарда товарларды бажылык контролдоонун тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускама бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускама 2014-жылдын 1-январына чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирге үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эркин экономикалык зоналарда товарларды бажылык контролдоонун тартибин аныктоо бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |