Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлунда № 434 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускама (мындан ары - Нускама) өзгөчө бажы режимин, товарларды өзгөчө бажы режимине киргизүүнүн тартибин, өзгөчө экономикалык зоналардын аймагында бажы контролун жүргүзүүнүн жана товарларды пайдалануунун өзгөчөлүгүн, өзгөчө бажы режиминин таасиринин аяктагандыгын аныктайт. Ошондой эле өзгөчө экономикалык зоналарда товарларды өткөрүүдө бажы режимдерин колдонуунун тартибин жана жүктүн бажы декларациясын толтуруу өзгөчөлүгүн белгилейт.
2. Бул Нускамада төмөнкү түшүнүктөр, терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) эркин экономикалык зонанын субъекти - бул "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте катталган юридикалык жак (мындан ары - ЭЭЗ субъекти);
2) бул Нускамада колдонулган башка терминдер Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде жана "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мааниде колдонулат.
2. Өзгөчө бажы режиминин мазмуну
3. Өзгөчө экономикалык зонанын (эркин экономикалык зона) тосулган аймагына же анын аймагынын бөлүгүнө (мындан ары - ЭЭЗ аймагы) товарларды өткөрүүдө өзгөчө бажы режими колдонулат.
4. Өзгөчө бажы режиминде товарлар ЭЭЗ аймагына бажы алымдары, салык төлөнбөстөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана бул Нускамада каралган учурлардан тышкары чет элдик товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулбастан жана ата мекендик товарларга карата тыюу салуу жана чектөө коюлбастан жайгаштырылат жана пайдаланылат.
5. ЭЭЗ аймагы Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын бөлүгү болуп саналат.
6. Өзгөчө бажы режимин колдонуу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) эл аралык ташууну ишке ашырууга байланыштуу товарларды ЭЭЗ аймагына ташып кирген/ташып чыккан эл аралык ташуунун транспорт каражаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы аймагы боюнча товарларды ички ташууну жүргүзүүгө арналган транспорт каражаттарына;
2) ЭЭЗ субъекти болуп саналбаган жана аймактын коопсуздугун жана инфраструктура объектин эксплуатациялоо коопсуздугун камсыз кылуу боюнча функцияны аткарган жактар тарабынан ЭЭЗ аймагына ташылып кирген ата мекендик товарлар;
3) ЭЭЗдин иштешин камсыз кылууга байланышкан ЭЭЗдин башкы дирекциясы тарабынан ЭЭЗ аймагына ташылып кирген ата мекендик товарлар;
4) ЭЭЗ субъектинин дарегине келген жана ЭЭЗдин аймагына ташылып киргенге чейин ЭЭЗдин аймагынан тышкары жайгаштырылган чет элдик товарлар;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ташып кирүүгө, ташып чыгууга жана транзитке тыюу салынган товарлар.
7. Өзгөчө бажы режими колдонулган ЭЭЗдин аймагы бажы контролунун зонасы болуп саналат.
8. Өзгөчө бажы режими колдонулган ЭЭЗдин аймагында бажы контролу Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Өзгөчө бажы режими колдонулган ЭЭЗдин аймагы бажы контролун жүргүзүү максатында жабдылышы керек.
10. Өзгөчө бажы режими колдонулган ЭЭЗдин аймагын жабдууга карата талаптар тосмолоо, ал аймактын периметрин видео байкоо тутуму менен жабдуу боюнча талаптарды кошкондо бажы контролун жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
11. ЭЭЗ аймагына/аймагынан товарларды өткөрүү ЭЭЗнын башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан аныкталган контролдоо-өткөрмө пункттары (мындан ары - КӨП) аркылуу жүргүзүлөт. Эгерде ЭЭЗ аймагынын чек арасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы дал келип калса, анда КӨПтү аныктоо жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен ага тиешелүү бөлүктө жүргүзүлөт.
12. Өзгөчө бажы режими колдонулган ЭЭЗдин аймагында контролдоо-өткөрмө режимин камсыздоо ЭЭЗдин башкы дирекциясы тарабынан жүргүзүлөт.
13. Өзгөчө бажы режимине киргизилген чет элдик товарлар чет элдик товарлар макамын сактап калат, ал эми өзгөчө бажы режимине киргизилген ата мекендик товарлар ата мекендик товарлар макамын сактап калат.
14. Өзгөчө бажы режимине киргизилген чет элдик товарлардан жасалган товарлар, ошондой эле ата мекендик товарларды колдонуу менен чет элдик товарлардан жасалган, өзгөчө бажы режимине киргизилген товарлар (мындан ары - ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарлар) эгер Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык жетиштүү иштеп чыгуунун/кайра иштетүүнүн критерийлерине жооп бербесе, чет элдик товарлар макамына ээ болот.
Эгер мындай товарлар Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык жетиштүү иштеп чыгуунун/кайра иштетүүнүн критерийлерине жооп берсе, анда алар ата мекендик товарлардын макамына ээ болот.
15. Өзгөчө бажы режимине киргизилген, ата мекендик товарларды колдонуу менен даярдалган жана өзгөчө бажы режимине киргизилбеген, ата-мекендик товарларды колдонуу менен даярдалган товарлар ата мекендик товарлар макамына ээ болот.
16. ЭЭЗдин аймагына киргизилген товарлар аларды өзгөчө бажы режимине киргизгенден тартып өзгөчө бажы режими аяктаганга чейин бажы контролунда болот.
17. Өзгөчө бажы режимине киргизилген ата мекендик товарлар эгерде товарлар жок кылынса же кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктун натыйжасында кайтарылгыс жок болсо, ошондой эле табигый эскирүүнүн же сактоонун жана колдонуунун (эксплуатациялоонун) кадимкидей шарттарында азаюунун натыйжасында товарлардын саны же абалы өзгөрсө, бажы контролу алдында турган товар катары саналбайт. Жогоруда аталган учурларда декларант бажы органына ата мекендик товарлардын кайтарылгыс жоготулган же жок кылынган фактысы тууралуу анык, санын аныктаган жана документтик түрдө ырастаган маалыматты бериши керек.
3. Товарларды өзгөчө бажы режимине киргизүү шарттары
18. Өзгөчө бажы режимине ЭЭЗдин аймагына ЭЭЗ субъекттери тарабынан алынып келген жана ЭЭЗ аймагындагы алардын ишин каттоого ылайык ЭЭЗ субъекттери тарабынан ишкердик же башка ишти жүргүзүү максатында ЭЭЗ аймагына жайгаштыруу же колдонуу үчүн арналган товарлар киргизилет.
19. Өзгөчө бажы режимине ЭЭЗ субъекттери тарабынан мурда башка бажы режимдерине киргизилген товарлар киргизилиши мүмкүн.
20. Өзгөчө бажы режимине киргизилген товарлар Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген тартипте бажылык декларациялоого жатат.
21. Өзгөчө бажы режимине киргизилген товарлардын декларанты болуп ЭЭЗ субъекти саналат.
ЭЭЗ аймагынан товарларды өткөрүүдө жак ЭЭЗ субъекти макамын жоготкон учурда, бул товарларга жеке менчик укугу бар адам товарлардын декларанты катары чыгат.
22. Өзгөчө бажы режими аяктаганда товарлардын декларанты катары товарларды өзгөчө бажы режимине киргизген ЭЭЗ субъекти менен катар товарларды ЭЭЗ аймагынан өткөргөн жак дагы чыга алат.
23. Тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу товарларды ЭЭЗ аймагынан алып чыгууда өзгөчө бажы режимин колдонуу аяктаганда товарлар киргизилип жаткан бажы режими үчүн белгиленген талаптарды эске алуу менен жүргүзүлөт.
24. ЭЭЗ аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин түзүү үчүн ЭЭЗ субъекттери же ЭЭЗдин башкы дирекциясы тарабынан ата мекендик товарларды алып келүү бул товарларды өзгөчө бажы режимине милдеттүү түрдө киргизбестен, бажы органына бериле турган отчеттуулукта мындай ташып келүүнү милдеттүү чагылдыруу менен ал товарларды бажы органына кабарлоо аркылуу жүргүзүлөт.
25. ЭЭЗ аймагына чет элдик товарларды ташып кирүү аларды милдеттүү түрдө өзгөчө бажы режимине киргизүү менен жүргүзүлөт.
4. Акциздик товарларды өзгөчө бажы режимине киргизүүнүн өзгөчөлүгү
26. ЭЭЗ субъекттерине алардын катталган күнүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы алымдарын төлөбөстөн ЭЭЗ аймагына акциздик товарларды ташып кирүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.
27. Чет элдик акциздик товарларды өзгөчө бажы режимине киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы алымдары төлөнгөн жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган шартта жүргүзүлөт.
28. ЭЭЗ аймагынан чет элдик акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып чыгуу бул товарларды мурда өзгөчө бажы режимине киргизүүдө тиешелүү бажы алымдарынын жана салыктардын төлөнгөндүгү тастыкталган шартта бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөстөн "Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу" бажы режимине киргизүү менен жүргүзүлөт.
29. Чет элдик акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары алып чыгуу Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык "Реэкспорт" бажы режимин колдонуу менен жүргүзүлөт.
5. Товарлардын өзгөчө бажы режиминде болуу мөөнөтү
30. Товарларды өзгөчө бажы режимине киргизген жак ЭЭЗ субъекти макамын жоготкон же Кыргыз Республикасынын бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан өзгөчө бажы режими колдонулган ЭЭЗдин аймагында өзгөчө бажы режимин колдонууну токтотуу тууралуу чечими чыгарылган учурлардан тышкары товарлар ЭЭЗ иштеген мөөнөттүн чегинде өзгөчө бажы режиминде боло алат.
6. Өзгөчө бажы режими колдонулган ЭЭЗдин аймагында бажы контролун жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
31. Өзгөчө бажы режими колдонулган ЭЭЗдин аймагында товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролунан өткөрүү бул Нускамада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
32. Товарлар жана транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенде жана аларды өзгөчө бажы режими колдонулган ЭЭЗ аймагына алып киргенде ЭЭЗ субъекти мындай ташып келүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органына билдирет.
33. Бажы органдары өзгөчө бажы режими колдонулган ЭЭЗ аймагына ташылып кирген товарларга Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген тартипте идентификация жүргүзүүгө укуктуу.
34. ЭЭЗдин товарларын өткөрүүгө карата контролдоону жакшыртуу максатында бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, ЭЭЗдин башкы дирекциясы жана ЭЭЗ субъекттери (катышуучулары) бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган заманбап автоматташтырылган тутумду киргизе алышат.
35. ЭЭЗ субъекти тарабынан өзгөчө бажы режимине киргизилген товарларды жана ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларды эсепке алуу мындай товарлар жөнүндө отчетту бажы органдарына берүү аркылуу жүргүзүлөт. Өзгөчө бажы режимине киргизилген товарларда болуучу ар кандай өзгөрүүлөр эсепке алуу документтеринде чагылдырылышы керек.
Бажы органына отчет берүү мөөнөттөрү бажы органы тарабынан аныкталат, бирок кварталына бир жолудан көп эмес.
7. Өзгөчө бажы режимине киргизилген товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялар
36. Өзгөчө бажы режимине киргизилген товарларга карата каалаган операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилет, эгер мындай операцияларды жүргүзүү ЭЭЗ субъекттерин ЭЭЗ аймагында каттоо шарттарына ылайык келсе, анын ичинде:
1) кайра иштетүү (иштеп чыгуу) боюнча операцияларды, аларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында товарлар кайра иштетүүгө жетиштүү критерийлерге ылайык өздөрүнүн жеке мүнөздөмөлөрүн жоготкондо;
2) чогултууну, ажыратууну, монтаждоону, эпке келтирүүнү кошкондо товарларды даярдоо боюнча, ошондой эле товарларды оңдоо боюнча операциялар;
3) товарлардын сакталышын камсыздоо жана аларды иреттүү кармоо же партияларга бөлүүнү, жөнөтүүлөрдү түзүүнү, сорттоону, таңгактоону, кайра таңгактоону, маркалоону кошкондо товарларды сатыкка жана ташууга даярдоо боюнча зарыл болгон операцияларды жүргүзүү;
4) ЭЭЗ аймагында товарларды убактылуу колдонуу, мында ташуунун (транспорттоонун), сактоонун же колдонуунун (эксплуатациялоонун) кадимкидей шарттарында табигый эскирүүнүн же азаюунун натыйжасындагы өзгөрүүлөрдөн тышкары убактылуу ташылып келген товарлар өзгөрүүсүз абалда калышы керек;
5) бажы органдарына алдын ала кабарлоо шартында аларга карата колдонуу, ээ болуу же ээлик кылуу укуктарын берүү менен товарларды ЭЭЗ аймагына алуу;
6) товарларды кампага коюу (сактоо, топтоо), ошондой эле товарларды жүктөө (түшүрүү) боюнча операциялар жана сактоого байланышкан башка жүк операциялары;
7) товарларды керектөө.
37. Өзгөчө бажы режимине киргизилген товарларга жана ЭЭЗ аймагында даярдалган товарларга карата Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык сынамыктарды жана үлгүлөрдү алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилет.
38. Өзгөчө бажы режимине киргизилген товарларга өзгөчө бажы режими колдонулган бир ЭЭЗ аймагынан өзгөчө бажы режими колдонулган башка ЭЭЗ аймагына "Ички бажы транзити" бажы жол-жобосуна ылайык өткөрүүгө жол берилет.
39. ЭЭЗ аймагында өзгөчө бажы режимине киргизилген товарларды бул товарлар толугу менен же жарым-жартылай товар даярдоо процессинде керектелсе да, товар даярдоого көмөктөшкөн же аны жеңилдеткен товар катары мындай товарлардын керектелгенин бажы органына берилүүчү отчетто милдеттүү түрдө көрсөтүү менен колдонууга жол берилет.
8. Өзгөчө бажы режимин колдонууну токтотуу
40. Өзгөчө бажы режимине киргизилген товарларга жана ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн товарларга карата өзгөчө бажы режимин колдонуу төмөнкү учурда аяктайт же аякташы керек:
1) аларды ЭЭЗ аймагынан алып чыгууда жана ал товарларды "Транзит" бажы режиминен тышкары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык башка бажы режимдерине киргизүүдө;
2) ЭЭЗдин иштөөсү токтотулганда же ЭЭЗдин аймагында өзгөчө бажы режимин колдонууну токтотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чечим чыгарылганда.
Мында өзгөчө бажы режимине киргизилген товарлар жана бул ЭЭЗдин аймагында өндүрүлгөн товарлар бажы мыйзамдарында каралган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык башка бажы режимине киргизилиши керек;
3) өзгөчө бажы режимине товарларды киргизген жак ЭЭЗ субъекти макамынан ажыраган учурда.
Мында, бул жактар тарабынан өзгөчө бажы режимине киргизилген товарлар келишимдин негизинде башка субъектке берилиши мүмкүн же транзит бажы режиминен тышкары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык башка бажы режимдерине киргизилиши мүмкүн.
41. Товарларды кайра иштетүү процессинде пайда болгон таштандыларды Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык бажы режимдерине киргизүүгө болбойт, эгерде аталган таштандылар алардын андан ары коммерциялык пайдалануусуна жараксыз болсо. Өндүрүштүн мындай таштандыларына карата өзгөчө бажы режими аларды башка бажы режимдерине киргизүүсүз жыйынтыкталат.
42. Өзгөчө бажы режимине киргизилген товарлардан пайда болгон жана операцияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында кайтарымсыз жоготулган өндүрүштүк жоготуулар Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде белгиленген башка бажы режимдерине киргизүүгө жатпайт. Мында өндүрүштүк жоготуулардын санына ылайык келген жана технологиялык процесс менен аныкталган жагы боюнча өзгөчө бажы режимине киргизилген товарлар бажы контролунда турган товар катары саналбайт. Мындай товарларга карата өзгөчө бажы режими аларды башка бажы режимдерине киргизүүсүз аяктайт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн өндүрүштүк жоготуулар: бул товардык продукцияны даярдоо учурунда өндүрүштүк процесстин жыйынтыгында пайда болгон жана/же кайтарымсыз жоготулган материалдар, заттар ж.б.у.с.
43. Өзгөчө бажы режимин колдонуу аяктаганда:
1) өзгөчө бажы режимине киргизилген жана ЭЭЗдин аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин түзүү үчүн колдонулган курулуш материалдары бажы алымдарын, салыктарды төлөөсүз, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонуусуз жана аларды эркин айланууга чыгаруу бажы режимине киргизүүсүз бажы контролунда турбаган ата мекендик товарлар катары эсептелет;
2) өзгөчө бажы режимине киргизилген, эксплуатацияга киргизилген жана ЭЭЗдин аймагындагы каттоого ылайык ЭЭЗ субъекти тарабынан колдонулуп жаткан жабдыктар "Транзит" бажы режиминен тышкары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык башка бажы режимдерине туура келет.
44. ЭЭЗ аймагы аркылуу товарлардын транзити Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык жалпы тартипте жүргүзүлөт.
9. Өзгөчө бажы режимине киргизилип жаткан (киргизилген) товарларга карата бажы алымдарын жанам салыктарды төлөө, алардын төлөө мөөнөтү боюнча милдеттердин пайда болуусу жана токтотулуусу
45. ЭЭЗдин аймагына киргизилген (киргизилип жаткан) чет элдик товарларга карата тийиштүү ташып кирүү бажы алымдарын жана салыктарды төлөө жаатындагы декларанттын милдети товарларды өзгөчө бажы режимине киргизүү үчүн бажы декларациясын бергенден тартып пайда болот.
"Эркин жүгүртүүгө чыгаруу" бажы режимине киргизүү менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына чет элдик товарларды жана ЭЭЗдин аймагында өндүрүлгөн товарларды алып кирүүдө аларга карата тийиштүү алып кирүү бажы алымдары жана салыктарды төлөө мөөнөтү болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Нускамада каралган учурлардан тышкары ЭЭЗдин аймагынан ташып чыгарылган күн саналат.
46. Ташып кирүү бажы алымдарын жана салыктарды төлөө мөөнөтү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) өзгөчө бажы режимине киргизилген чет элдик товарларды же Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде аныкталган бажы режимдерине киргизбестен ЭЭЗдин аймагында өндүрүлгөн товарларды ЭЭЗдин аймагынан ташып чыгууда - ЭЭЗдин аймагынан ташып чыгарылган күн, эгер ал күн белгиленбесе ЭЭЗдин аймагынан мындай ташып чыгуу фактысы табылган күн;
2) өзгөчө бажы режимине киргизилген товарларды же ЭЭЗдин аймагында өндүрүлгөн товарларды бажы органын кабарлоосуз башка жакка бергенде товарлар берилген күн, эгер ал күн белгиленбесе - мындай берүү фактысы табылган күн;
3) өзгөчө бажы режимине киргизилген товарлар же ЭЭЗдин аймагында өндүрүлгөн товарлар жоголгондо кыйроо же күч жеткис тоскоолдуктун натыйжасында жоготууга учураса же ошондой эле табигый эскирүүнүн же сактоонун жана колдонуунун кадимкидей шарттарында азайса - товарларды жоготуу күнү, эгер бул күн белгиленбесе - мындай жоготуу табылган күн.
47. Өзгөчө бажы режимине киргизилген чет элдик акциздик товарларга карата ташып кирүү бажы алымдарын жана салыктарын төлөө боюнча деклараттын милдеттенмеси мындай товарларды өзгөчө бажы режимине киргизүү үчүн бажы декларациясы берилгенден тартып пайда болот.
Чет элдик акциздик товарларга карата бажы төлөмдөрү ал товарларды өзгөчө бажы режимине киргизүү үчүн бажы декларациясы берилгенге чейин же аны менен бир убакта төлөнөт.
48. Бул Нускаманын 50-пунктунда каралган учурларда өзгөчө бажы режимине киргизилген чет элдик товарларга же ЭЭЗдин аймагында өндүрүлгөн товарларга карата ташып кирүү бажы алымдары жана салыктар ал товарларды өзгөчө бажы режимине киргизүүдө же эгер товарларды өзгөчө бажы режимине киргизүү бажы декларациясыз жүргүзүлгөндө товарлар ташылып келген күнгө карата бажы алымдарын салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди эске алуусуз эсептелген, бул товарлар "Эркин жүгүртүүгө чыгаруу" бажы режимине киргизилгенде төлөнө турган ташып кирүү бажы алымдарын жана салыктардын тийиштүү суммаларынын өлчөмүндө төлөнөт.
10. Өзгөчө бажы режими аяктаганда бажы төлөмдөрүн эсептөө өзгөчөлүгү
49. Товарларды ЭЭЗдин аймагына ташып кирүүдө жана аларды өзгөчө бажы режимине киргизүүдө алардын бажы наркы бажы мыйзамдарында белгиленген бажы наркын аныктоо методуна ылайык декларант тарабынан аныкталат.
50. ЭЭЗдин аймагынан товарларды өткөрүүдө бажы төлөмдөрүн эсептөө бул Нускаманын бөлүгүндө белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен алар киргизилген өзгөчө бажы режими аяктаганда, ал бажы режими үчүн белгиленген бажы төлөмдөрүн эсептөө эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
51. Өзгөчө бажы режимине киргизилген чет элдик товарларга карата өзгөчө бажы режими аяктаганда жана мындай товарларды "Эркин жүгүртүүгө чыгаруу" бажы режимине киргизүү менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгууда, эгер бажы алымдарын жана салыктарды төлөө боюнча тарифтик преференциялар, жеңилдиктер белгиленбесе ташып кирүү бажы алымдары төлөнөт.
52. Өзгөчө бажы режимине киргизилген чет элдик товарларга карата өзгөчө бажы режими аларды табигый эскирүүнүн же сактоонун жана колдонуунун кадимкидей шарттарында табигый азаюусунун натыйжасында өзгөргөндөн тышкары өзгөрүүсүз абалда Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташып чыгууда ал товарларды "Реэкспорт" бажы режимине киргизүү менен аяктайт.
53. Өзгөчө бажы режимине киргизилген чет элдик товарлардан ЭЭЗдин аймагында өндүрүлгөн жана ата мекендик товарлар катары таанылбаган товарлар "Реэкспорт" бажы режимине киргизүү менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары ташылып чыгат.
54. ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууда "Эркин жүгүртүүгө чыгаруу" бажы режимине киргизилет. Мында аталган товарларга бажы жыйымдары, акциздик салык, КНС салынат.
55. ЭЭЗ субъекти катары белгиленген тартипте алардын баштапкы катталган учурунда каралган ишинин жыйынтыгында ЭЭЗ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып чыгууда бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымы гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
56. ЭЭЗ субъекттерин каттоо шарттарына ылайык келген, ЭЭЗ субъекттери тарабынан кайра иштетүү (иштеп чыгуу) боюнча операцияларды жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн ЭЭЗдин аймагына ташылып келген, өзгөчө бажы режимине киргизилген ата мекендик товарларды кайрадан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып чыгууда көрсөтүлгөн кызматтардын наркынан КНС жана бажы жыйымы төлөнөт.
57. Бул Нускаманын 51, 54, 55-пункттарында көрсөтүлгөн товарларга карата тийиштүү бажы төлөмдөрүн эсептөөдө тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн ставкалары товарлардын бажы наркы жана алардын табигый физикалык мүнөздөмөсү (саны, массасы, көлөмү же башка мүнөздөмөсү), ошондой эле товарлардын саны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген валюта курсу товарларды "Эркин жүгүртүүгө чыгаруу" бажы режимине киргизүү үчүн берилген бажы декларациясын бажы органы кабыл алган күнгө карата аныкталат.
58. Өзгөчө бажы режимине киргизилген ата мекендик товарларга карата өзгөчө бажы режими ал товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына табигый эскирүүнүн же сактоонун жана колдонуунун кадимкидей шарттарында табигый азаюунун натыйжасында өзгөрүүлөрдөн тышкары өзгөрүүсүз абалда ташылып чыккан учурда, ал товарларды "Реимпорт" бажы режимине киргизүү менен аяктайт.
59. Өзгөчө бажы режимине киргизилген ата мекендик товарларга карата колдонулган өзгөчө бажы режими ал товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына табигый эскирүүнүн же сактоонун жана колдонуунун кадимкидей шарттарында табигый азаюусунун натыйжасында өзгөрүүлөрдөн тышкары өзгөрүүсүз абалда ташылып чыккан учурда, ал товарларды "Экспорт" бажы режимине киргизүү менен аяктайт. Мында ташып кирүү бажы алымдары жана бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымы төлөнөт.
60. Өзгөчө бажы режимине киргизилген чет элдик жана (же) ата мекендик товарлардан ЭЭЗдин аймагында өндүрүлгөн жана ата мекендик товарлар деп таанылган товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары экспорт бажы режимине киргизүү менен ташылып чыгат. Мында ташып чыгуу бажы алымдары жана бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымы төлөнөт.
61. Бул Нускаманын 59, 60-пункттарында көрсөтүлгөн ташып чыгуу бажы алымдарын эсептөөдө бажы алымдарынын ставкасы, товарлардын наркы, натуралык түрдөгү физикалык мүнөздөмөсү (саны, массасы, көлөмү же башка мүнөздөмөлөр), ошондой эле товарлардын саны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилене турган валюталар курсу товарларды "Экспорт" бажы режимине киргизүү үчүн берилген бажы декларациясы бажы органы тарабынан каттала турган күнгө карата аныкталат.
11. Товарларды ЭЭЗдин аймагына (аймагынан) өткөрүүдө жүктүн бажы декларациясын толтуруу өзгөчөлүгү
62. Товарларды ЭЭЗдин аймагына алып кирүү жана товарларды ЭЭЗдин аймагынан алып чыгуу жүктүн бажы декларациясын (мындан ары - ЖБД) тариздөө менен жүзөгө ашырылат.
ЖБДны толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускамага ылайык ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.
63. Товарларды ЭЭЗдин аймагына алып кирүүдө жана товарларды ЭЭЗдин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып чыгууда ЖБДнын "Декларациянын тиби" 1-графасынын биринчи бөлүмүндө "ИМ" деп жазылат.
64. Товарларды ЭЭЗдин аймагына ташып кирүүдө, ЖБДнын 1-графасынын экинчи бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Ведомстволук классификаторлордо аныкталган Бажы режимдеринин классификаторуна (мындан ары - Бажы режимдеринин классификатору) ылайык "Өзгөчө экономикалык зона" өзгөчө бажы режиминин коду коюлат.
65. Товарларды ЭЭЗдин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып чыгууда ЖБДнын 1-графасынын экинчи бөлүгүндө Бажы режимдеринин классификаторуна ылайык бажы режиминин коду коюлат.
66. Мурда Кыргыз Республикасынын аймагынан ЭЭЗдин аймагына алынып кирген жана кайрадан Кыргыз Республикасынын аймагына алынып чыгып жаткан товарлар үчүн ЖБДнын 1-графасынын экинчи бөлүкчөсүндө Бажы режимдеринин классификаторуна ылайык "Реимпорт" бажы режиминин коду коюлат.
67. ЭЭЗдин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу алынып чыгып жаткан товарлар үчүн ЖБДнын 1-графасынын экинчи бөлүгүндө Бажы режимдеринин классификаторуна ылайык "Убактылуу алып кирүү" бажы режиминин коду коюлат.
68. Товарларды ЭЭЗдин аймагынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууда ЖБДнын 1-графасынын биринчи бөлүгүндө "ЭК" деп жазылат. Экинчи бөлүгүндө "Экспорт" бажы режиминин коду коюлат:
1) ЭЭЗдин аймагында өндүрүлгөн товарларды алып чыгууда;
2) ата мекендик товарларды алып чыгууда же мурда ЭЭЗдин аймагына алынып кирген чет элдик товарларды алып чыгууда "Реэкспорт" бажы режиминин коду.
69. ЖБДнын 37-графасында төмөнкү элементтер жазылат:
ХХХХХХ
1 2 3 4 5 6, мында 1 2 - негизги режимдин коду;
3 4 - буга чейинки режимдин коду;
5 6 - товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн коду.
70. Буга чейинки бажы режими колдонулган учурда бажылык тариздөөдө буга чейинки бажы режиминин коду ЖБДнын 37-графасынын 3, 4-элементтеринде милдеттүү көрсөтүү талап кылынат.
71. Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгү болгон учурда ЖБДнын 37-графасынын 5, 6-элементтеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Ведомстволук классификаторлордо аныкталган Товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн классификаторуна ылайык товарларды өткөрүү өзгөчөлүгүнүн коду көрсөтүлөт.