Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 2-июну № 339 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-июлу № 435
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына толуктоо киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына Мамлекеттин менчигинде турган жана менчиктештирүүгө жатпаган уюмдардын жана объекттердин тизмегин төмөнкү мазмундагы 19-пункт менен толуктоо боюнча өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын:
"
┌────┬───────────────┬───────────┬───────────┬────────────────────────┐
│19 │"Кыргызтелеком"│ 620009 │ 90,35 │Кыргыз Республикасынын │
│ │ачык акционер- │ │ │Өкмөтүнө караштуу │
│ │дик коому │ │ │Мамлекеттик мүлктү │
│ │ │ │ │башкаруу боюнча фонд, │
│ │ │ │ │Кыргыз Республикасынын │
│ │ │ │ │Транспорт жана │
│ │ │ │ │коммуникациялар │
│ │ │ │ │министрлиги │
└────┴───────────────┴───────────┴───────────┴────────────────────────┘
".
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына толуктоо киргизүү жөнүндө маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |