Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2015-жылдын 2-июну № 339
2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы аталган Программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирге аталган Программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын аткарылышынын жыйынтыктары боюнча отчет берсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн 2012-2014-жылдарга карата программасынын долбоору жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү ПРОГРАММАСЫ
1. 2015-2017-жылдарга карата мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын максаттары жана милдеттери
1. 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү саясатынын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттин менчиктин түзүмдөрүн оптималдаштыруу;
- экономиканын мамлекеттик секторуна инвестицияларды тартуу;
- экономиканын мамлекеттик секторундагы ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
2. Алдыдагы мезгилде мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жаатындагы саясат төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталат:
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана баалоонун ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүүгө;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча тооруктарды электрондук форматта жүргүзүү практикасын киргизүүгө;
- мамлекеттик уюмдардын профилдик эмес активдерин кайра түзүмдөштүрүүгө;
- мамлекеттик ишканаларды чарбалык коомдорго кайра түзүү аркылуу алардын иштерине корпоративдүү башкаруу принциптерин киргизүү.
2. Менчиктештирүү методдору жана шарттары
3. Менчиктештирүү методдоруна төмөнкүлөр кирет:
- аукциондо сатуу;
- конкурста сатуу;
- кийин сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү;
- кийин сатып алуу менен ижарага өткөрүп берүү;
- чарбалык коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү;
- фонддук биржада акцияларды жайгаштыруу жана сатуу;
- түз сатуу методу.
Өзгөчө учурларда, объектти жогоруда аталган методдордун бири менен 3төн кем эмес жолу сатууга мүмкүн болбосо, түз сатуу методу колдонулушу мүмкүн.
Менчиктештирүүнүн методун тандоо менчиктештирүү объектисине жараша мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Менчиктештирүүнүн методун тандоо менчиктештирүү объектисинин финансы-экономикалык абалына жүргүзүлгөн талдоонун натыйжасында, анын жеке, тармактык, региондук жана башка өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле андан ары өнүктүрүү келечегин эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат. Объекттерди менчиктештирүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан объекттин өзгөчөлүктөрүнө жана рыноктун конъюнктурасына жараша аныкталат.
Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин менчиктештирүү методу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.
4. Менчиктештирүү методдорун колдонуу.
Мамлекеттик мүлктү аукциондо, конкурста сатуу, түз сатуу, кийин сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү жана кийин сатып алуу менен ижарага өткөрүп берүү жана фонддук биржада акциялардын мамлекеттик пакетин жайгаштыруу методдорун колдонуунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жоболор менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик мүлктү чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн банкроттукка жол берилбөөгө тийиш болгон стратегиялык же социалдык маанилүү ишканалардын дивиденддери боюнча мөөнөтү кечиктирилген өнбөс карыздарды салым катары киргизүү жөнүндө чечимди кабыл ала алат. Мыйзамдык чектөөлөр жок болгон учурда, чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары ишкана жайгашкан, анын ичинде мурда менчиктештирилген ишкана жайгашкан жер участогунун наркы, эгерде түзүлгөн бүтүмдүн натыйжасында участок мамлекеттин менчигинде калып, ал эми ишкана ага менчик укугунун ээси болуп калбаса, киргизилиши мүмкүн.
5. Баалуу кагаздар рыногунда акциялардын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү.
Акционердик коомдордун мамлекетке таандык акцияларын сатуу аукцион жана баалуу кагаздар рыногундагы соода-сатыктын лицензияланган уюштуруучусу аркылуу түз сатуу методдору менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Баалуу кагаздар рыногунда сатылуучу акциялардын мамлекеттик пакетинин объекттери жана өлчөмдөрү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Баалуу кагаздар рыногунда сатылуучу стратегиялык маанидеги объекттер жана алардын акцияларынын мамлекеттик пакетинин өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу жол-жобосу мамлекеттик мүлктү аукцион жана түз сатуу методдору менен сатуунун шарттарын жана тартибин регламенттештирген жоболорго, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда соода-сатыктарды уюштуруучунун ички документтерине (Биржалык соода-сатыктын эрежеси) ылайык ишке ашырылат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акциялардын мамлекеттик пакеттерин өзүнүн өкүлү - далдалчылык ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу (далдалчы) аркылуу сатат. Далдалчы менен акциялардын мамлекеттик пакетинин баасы, тооруктарды өткөрүү мөөнөттөрү, тараптардын өз ара милдеттенмелери жана башка шарттар аныкталуучу келишим түзүлөт.
Сатып алуучудан акциялардын мамлекеттик пакетинин сатылган баасынан (бүтүмдүн суммасынан) тышкары комиссиялык жыйым алынат.
Фондулук рынокто акциялардын мамлекеттик пакетин менчиктештирүүдө багыттардын бири катары акционердик коомдордун (эмитенттердин) листинг жол-жобосунан өтүүсү саналат.
Листинг - бул фондулук биржа тарабынан белгиленген атайын критерийлерге ылайык келген баалуу кагаздарды фондулук биржанын өзгөчө тизмесине (Биржанын котировкалык барагы) киргизүү жол-жобосу.
Эмитенттин баалуу кагаздарын Биржанын котировкалык барагына киргизүү баалуу кагаздын кирешелүүлүгүнүн, ишенимдүүлүгүнүн жана ликвиддүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртат. Эмитент үчүн листингден өтүү компаниянын инвестициялык жагымдуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатууну, фондулук рынок аркылуу капитал тартуу механизмин пайдаланууну жана корпоративдик башкаруунун мыкты принциптерин киргизүүнү билдирет.
6. Менчиктештирүү шарттары.
Менчиктештирүүнүн шарттары менчиктештирүү методуна жараша белгиленет.
Орто жана ири ишканалар үчүн конкурстук менчиктештирүүнүн негизги шарттарынын бири болуп ишканаларды өнүктүрүү боюнча бизнес-пландарды берүү эсептелет.
Коммерциялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирүү объектине карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет. Белгиленген милдеттенмелерди өзүнө алуу менен эң жогорку бааны сунуш кылган жана төлөгөн адам коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана менчиктештирүү объектин сатып алуучусу болот.
Инвестициялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирилүүчү объектке карата сатып алуучу өзүнө алууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеги белгиленет. Инвестициялык конкурстун катышуучулары төмөнкүлөрдү камтыган сунуштарды беришет:
бизнес-планды;
бизнес-планды ишке ашыруу үчүн өзүнө алуучу зарыл болгон инвестициялык милдеттенмелердин көлөмүн жана мүнөзүн;
менчиктештирүү объекти үчүн сунуш кылынуучу бааны.
Сунушу эң мыкты деп таанылган адам инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болот.
Коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарттары менчиктештирүү объектине карата сатып алуучунун төмөнкүдөй милдеттенмелерин өзүнө камтышы мүмкүн:
менчиктештирүү объектисинде иш менен камсыз кылуунун деңгээли боюнча милдеттенмелерин;
эмгек акы боюнча милдеттенмелерин;
социалдык чөйрөнүн объекттерин тескөө боюнча милдеттенмелерин;
инвестициялардын көлөмү боюнча милдеттенмелерин;
карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерин;
уставдык капиталды көбөйтүү боюнча милдеттенмелерин;
айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелерин.
Сунуштарды баалоонун критерийлери төмөнкүлөр болот:
- сунушталган инвестициялардын суммасы, мында кыйла ири жана узак мөөнөттүү инвестициялык сунуштарга артыкчылык берилет;
- сатып алуучулар тарабынан сунушталган баа;
- иш менен камсыз кылуу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин тескөө жаатындагы социалдык милдеттенмелер;
- сатуунун жаңы рынокторуна чыгуу жана/же болгондорун кеңейтүү;
- жаңы атаандаштыкка жөндөмдүү жана/же импортту алмаштыруучу продукцияны чыгарууну өздөштүрүү;
- жаңы менеджментти ишке киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
- профилди сактоо.
Ишканалардын түрүнө жараша критерийлердин артыкчылыгы белгиленет, алар өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.
7. Менчиктештирүү объекттеринин наркын аныктоо,
Баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
Менчиктештирүү боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү иштердин тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартуучу аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартууга укуктуу.
3. Менчиктештирүүгө тыюу салынган мамлекеттин менчигиндеги объекттер
8. Менчиктештирүүгө тыюу салынган мамлекеттин менчигиндеги объекттерге төмөнкүлөр кирет:
1) суу ресурстары, аба мейкиндиги;
2) коргоого алынган же өзгөчө пайдаланылуучу жаратылыш аймактары, анын ичинде улуттук коруктар, заказниктер, жаратылыш парктары, өзгөчө биосфералык аймактардын статусу бар токой чарбасынын объекттери;
3) тарыхый-маданий мурас объекттери;
4) мамлекеттин менчигинде турган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо, жалпы улуттук маанидеги спорттук жана спорттук-техникалык курулуштар;
5) Кыргыз Республикасынын улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн архивдик документтери, мамлекеттик архив мекемелери;
6) Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана башка мамлекеттик фонддордун мамлекеттик бюджетинин жана валюталык резервинин каражаттары, ошондой эле алтын запасы;
7) катуу өнөр жайлык жана тиричилик калдыктарын, катуу жана суюк радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн объекттер жана жабдуулар; мал көмүлгөн жерлер;
8) көрүстөндөр;
9) мамлекеттик жана мобилизациялык резервдер (мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүдө алардын мүлкүнүн курамынан чыгарылууга тийиш);
10) Жарандык коргонуу объекттери;
11) алтынды аффинаждоо боюнча объекттер;
12) суу сактагычтарды, магистралдык суу каналдарды, суу-насостук станцияларды тейлөөнү жана эксплуатациялоону камсыздоочу суу чарбалык жана мелиорациялык системалардын объекттери;
13) автомобилдик жолдор;
14) пайдаланылбаган же түз багытта эмес пайдаланылган мүлктөн тышкары, жалпы пайдалануудагы автожолдордун, көпүрөлөрдүн жана тоннелдердин тейленишин жана пайдаланылышын камсыздоочу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын адистештирилген жол-эксплуатациялык ишканалары;
15) инженердик инфратүзүм объекттери: суу менен камсыздоо тарамдары (айылдык калктуу конуштардагы суу түтүктөрдөн тышкары) жана канализациялар;
16) бардык типтеги жана аталыштагы мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мамлекеттик балдар мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мектептердин, башталгыч, орто кесиптик жана жогорку билим берүүчү окуу жайлардын мүлктөрү;
17) бошотулган же түз багытта эмес пайдаланылган мүлктөрдөн тышкары, мамлекеттик органдардын мүлктүк комплекстери;
18) пайдаланылбаган же түз багытта эмес пайдаланылган мүлктөрдөн тышкары, төмөнкүлөрдүн мүлктөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын;
Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, өздөрүнүн түздөн-түз функцияларына ылайык келген аскердик түзүмдөрү бар башка мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын;
Кыргыз Республикасынын статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо жана маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын системасына кирген мекемелердин жана уюмдардын;
гидрометеорология кызматынын, жаратылыш чөйрөсүнүн абалын контролдоо жана жаратылышты коргоо кызматтарынын ишканаларынын жана уюмдарынын;
Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик кызматтарынын ишканаларынын жана мекемелеринин, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын;
мамлекеттик ветеринария органдарынын;
улуттук статусу бар саламаттык сактоо уюмдарынын; медициналык-санитардык жардамдын айрым түрлөрүн көрсөтүүчү жана ошол аймакта жалгыз болуп саналган саламаттык сактоо уюмдарынын; төрөт үйлөрүнүн; энени жана баланы коргоо уюмдарынын; тез жардам станцияларынын жана кан борборлорунун; донордук борборлордун; илим-изилдөө институттарынын; улуттук, илимий жана республикалык медициналык борборлордун; жалпы профилдеги стационардык жардам көрсөтүүчү илимий-өндүрүштүк бирикмелердин, уюмдардын (аймактык, бириктирилген облустук, шаардык ооруканалардын); үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун; фельдшердик-акушердик пункттардын; реабилитациялык борборлордун; соттук-медициналык экспертиза уюмдарынын, патологиялык-анатомиялык бюронун;
психикалык, кардиологиялык, эндокринологиялык, психоневрологиялык, инфекциялык жана тери-венерологиялык оорулардын, кургак учуктун, онкологиялык, наркологиялык оорулардын алдын алуу жана ВИЧ инфекция жуккандарды жана СПИД менен ооругандарды дарылоо боюнча мекемелердин;
калкты социалдык коргоо системасынын уюмдарынын: балдар үйлөрүнүн, ымыркайлар үйлөрүнүн, майып балдар үчүн интернат-үйлөрүнүн; карылар жана майыптар үчүн үйлөрдүн; интернаттардын; госпиталдардын; майыптар, балдар жана карылар үчүн санаторийлердин жана пансионаттардын; жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн интернат-мектептердин; акыл-эс жана дене-бой жагынан өсүшү артта калган балдар үчүн интернат-мектептердин;
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүү борборлорунун мекемелеринин, Протездөө-ортопедиялык буюмдардын республикалык мекемесинин;
коомдук өзгөчө мааниге ээ болгон маданият жана искусство мекемелеринин, Кыргыз мамлекеттик циркинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин "Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин "Кыргызфильмфонду" киновидеофильмдердин республикалык мамлекеттик фондунун, кинотеатрлардын, мамлекеттик кинодирекциялардын, клубдардын, китепканалардын, фильмдерди көргөзүүнү ишке ашыруучу жана ошол калктуу конушта жалгыз кинематография уюмдары болуп саналган кинематография уюмдарынын, тарых, маданият жана искусство эстеликтеринин категориясына киргизилген кинематография уюмдарынын, ошондой эле жалпы улуттук байлык болуп саналган Бишкек шаарынын борбордук кинотеатрларынын;
илимий-техникалык маалымат органдарынын; Кыргызстандын илимий-техникалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик маалыматтык ресурсун чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону жана пайдаланууну камсыздоочу, ошондой эле техникалык документтердин камсыздандыруу фондун түзүүчү же камсыздоочу илимий жана илимий-техникалык китепканалардын;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ведомстволук илим-изилдөө институттарынын, лабораториялардын, станциялардын, илимий жана илимий-өндүрүштүк борборлордун;
мамлекеттик үрөн инспекцияларынын, кыртыштык-агрохимиялык жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорт сыноочу станцияларынын.
9. Ушул Программага киргизилбеген стратегиялык объекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү программаларга (концепцияларга) ылайык менчиктештирилет.
Менчиктештирүү калктын кеңири катмары жана көп сандагы юридикалык жактар үчүн терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгон стратегиялык маанилүү объекттерди менчиктештирүү процессинде мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынан менчиктештирүүгө катышууга арыз берген субъекттер жөнүндө маалыматты сурайт. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы потенциалдуу сатып алуучу жөнүндө корутундуну алдын ала берүүгө тийиш.
4. Сатып алуучулар тарабынан келишимдик шарттардын аткарылышын контролдоо
10. Менчиктештирүүдө маанилүү звено болуп жаңы менчик ээси тарабынан түзүлгөн бүтүмдөрдүн шарттарынын толук аткарышына байкоо жүргүзүү саналат. Бул максатта менчиктештирилүүчү объекттерди сатуу-сатып алуу келишимдерин жазуунун жана түзүүнүн талаптары сакталып, кийин катуу контролдонууга тийиш. Объектти сатуу-сатып алуу келишиминде сатып алуучунун бардык милдеттенмелери жана келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн санкциялар жазылат. Инвестиция салуу тартиби аларды жылдарга бөлүштүрүү менен чагылдырылат.
Сатып алуучу сатуу-сатып алуу келишими боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда сатуучу сатуу-сатып алуу келишимин бузууну, келтирилген зыяндын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талап кылууга укуктуу.
Менчиктештирүүдө түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимдерине тараптардын макулдуктары менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мында, өзгөртүүлөрдө: сатып алуучунун ал алган милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн жоопкерчилигин жеңилдетүү; сатуу-сатып алуу келишиминде аныкталган инвестициялардын жалпы көлөмүн азайтуу; мүлктүн сатылуучу баасын азайтуу каралбайт.
Сатуу-сатып алуу келишимдеринин шарттарынын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү актылары түзүлөт. Менчиктештирүү объектинин сатып алуучусу сатуу-сатып алуу келишимин түзгөн мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатуу-сатып алуу келишиминде жазылган көлөмдө жана мөөнөттөрдө маалымат берип турууга милдеттүү.
5. Менчиктештирүүгө жана кайра түзүүгө тийиш болгон уюмдардын жана объекттердин тизмектери
11. Менчиктештирүү акцияларынын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүшүн белгиленген тартипте сатуу жолу менен ишке ашырылуучу объекттердин тизмеги ушул Программанын № 1 тиркемесине ылайык аныкталат.
Эскертүү: Акциялардын мамлекеттик пакетинин жана мамлекеттик үлүштүн менчиктештирилүүчү бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталышы мүмкүн.
12. Менчиктештирүүгө тийиш болгон мүлктүк комплекстердин жана башка мамлекеттик мүлктөрдүн тизмеги ушул Программанын № 2 тиркемесине ылайык аныкталат.
13. Мамлекеттин менчигинде акцияларынын (үлүшүнүн) 100%ын сактап калуу менен чарбалык коом болуп кайрадан түзүлүүгө тийиштүү мамлекеттик ишканалардын объекттеринин тизмеги ушул Программанын № 3 тиркемесине ылайык аныкталат.
6. Корутунду жоболор
14. Программанын иштешинин узак мөөнөттүк мүнөзүнө байланыштуу, ага белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор зарылдыкка жараша киргизилиши мүмкүн.
15. Менчиктештирүү программасы аныкталган календардык мөөнөткө кабыл алынат жана аны кезектеги мөөнөткө бекиткенге чейин иштейт, Менчиктештирүү программасынын иштөө мөөнөтү бүткөндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү анын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.
16. Менчиктештирүү жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
|
| 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 1-тиркемеси |
Менчиктештирүү акцияларынын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүшүн белгиленген тартипте сатуу жолу менен ишке ашырылуучу объекттердин ТИЗМЕГИ
№ | Объекттин аталышы | Уставдык капиталы (миң сом) | Мамлекеттик үлүш (%) | Менчиктештирүүгө тийиш болгон мамлекеттик үлүш (%) |
1. Бишкек шаары | ||||
1 | "КыргызМобайлКомпани" ААКсы | 100,0 | 100,0 | 100,0 |
2 | "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААКсы | 11000,000 | 100 | 100 |
3 | "Оргтехстрой" ААКсы | 8210,000 | 2,600 | 2,600 |
4 | "Дастан" "Трансулуттук корпорациясы" ААКсы | 116,257 | 98,463 | 98,463 |
5 | "Кыргызстан Авиакомпаниясы" ААКсы | 500,00 | 100 | 51,000 |
6 | "Транс-Союз-Азия" ААКсы | 2798,900 | 0,0038 | 0,0038 |
7 | "Альфа-Телеком" ЖЧКсы | 100100,0 | 100,0 | 100,0 |
2. Чүй облусу | ||||
8 | "Кыргызкабель" ААКсы | 679,603 | 24,790 | 24,790 |
9 | "ВАСО" ЖАКсы | 432,600 | 0,377 | 0,377 |
10 | "Китлап" ЖЧКсы | 7287,080 | 61,000 | 61,000 |
3. Ысык-Көл облусу | ||||
11 | "САП Миң-Булак" ААКсы | 596,146 | 19,070 | 19,070 1 |
4. Нарын облусу | ||||
12 | "Жумгалсуукурулуш" ААКсы | 584,587 | 0,680 | 0,680 |
13 | "Нарынбасмаканасы" ААКсы | 174,265 | 0,660 | 0,660 |
5. Ош шаары | ||||
14 | "Азамат" ААКсы | 236,639 | 26,770 | 26,770 |
6. Жалал-Абад облусу | ||||
15 | "Миңтеке ТТ" көчмө механизацияланган колоннасы" ЖЧКсы | 1234,000 | 100 | 100 |
7. Баткен облусу | ||||
16 | "Кызыл-Кыя ТФЗ" ААКсы | 70885,600 | 20,400 | 20,400 |
17 | "Беш-Бурханкөмүр шахтасы" ЖЧКсы | 45890,790 | 95,640 | 95,640 |
|
| 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 2-тиркемеси |
Менчиктештирүүгө тийиш болгон мүлктүк комплекстердин жана башка мамлекеттик мүлктөрдүн ТИЗМЕГИ
№ | Объекттин аталышы жана анын жайгашкан жери | Ведомстволук таандыгы, жооптуу сактоочу, балансты кармоочу |
1. Ысык-Көл облусу | ||
1 | "Чолпон" чарбалык эсептеги өндүрүштүк-айыл чарбалык коммерциялык борбору, Чолпон-Ата шаары, 3-кичи район | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
2. Нарын облусу | ||
2. | "Ак-Тилек" тегирмени, Баетов айылы, Салиев көчөсү, 30, Ак-Талаа району | Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясы |
3. Бишкек шаары | ||
3 | Курулушу бүтө элек 48 тонналык элеватор, Кулиев көчөсү, 2 | "Бишкек-Дан-Азык" ААКсы |
4 | Клубдун имараты, Хвойная көчөсү, 64 | "ОККО" ААКсы |
5 | Фирмалык дүкөндөр, Хвойная көчөсү, 64 | "ОККО" ААКсы |
6 | Өндүрүштүк эмес багыттагы объекттер | "Транс-Союз-Азия" ААКсы |
7 | Жер участогу менен соода павильону, 8-кичи район | "Бишкек автобекети" МИси |
8 | Геология үй башкармалыгы, Тимирязев көч., 65 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик |
9 | Жертөлө жайы, Фатьянов көч., 7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик |
4. Чүй облусу | ||
10 | "Кара-Балта спирт заводу" МИси | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
11 | Өнөр жайлык эмес багыттагы бирдиктүү комплекс, Беловодск а., Колхоз көч., 1, Москва району | "Ак-Суу АТП" ААКсы |
12 | "КМРК" ААКсынын жооптуу сактоосунда турган мамлекеттин менчик объекттери, Кара-Балта шаары, Жайыл району | "КМРК" ААКсы |
13 | Мурдагы жүндү алгачкы иштетүү фабрикасынын лабораториясынын пайдаланылбаган имараты, Токмок шаары, Промзона | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
5. Талас облусу | ||
14 | Талас шаарынын пайдаланылбаган имараты, Эшимкан Мадиев көч., 6 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
6. Ысык-Көл облусу | ||
15 | Ремонттук устакананын мурдагы имараты, Каракол ш., Киров көч., 92 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
7. Нарын облусу | ||
16 | Миң-Куш ЖЖБнын "Назик" СКПсы, Миң-Куш айылы, Жумгал району | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
8. Ош шаары | ||
17 | Аянты 28 кв.м болгон турак эмес жай, Ош ш., Спорт көч., 3 | "Ак-Жибек" ААКсы |
9. Ош облусу | ||
18 | Мурдагы мал чарба комплексинин мүлктүк комплекси, Каратай айылы, Кара-Суу району | "Памир-Жол" ААКсы |
10. Баткен облусу | ||
19 | Курулушу бүтпөгөн объект, Кадамжай шаары, Чыгыш көч., Кадамжай району | "Кадамжай сурьма комбинаты" ААКсы |
20 | Мейманкана, Кадамжай шаары, Геология көч., н/ж, Кадамжай району | "Кыргыз геофизикалык экспедиция" МИси |
21 | Дүкөн, Кадамжай шаары, Геология көч., н/ж, Кадамжай району | "Кыргыз геофизикалык экспедиция" МИси |
|
| 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 3-тиркемеси |
Мамлекеттин менчигинде акцияларынын (үлүшүнүн) 100%ын сактап калуу менен чарбалык коом болуп кайрадан түзүлүүгө тийиштүү мамлекеттик ишканалардын объекттеринин ТИЗМЕГИ
№ | Ишкананын аталышы | Ведомстволук таандыгы |
1 | "Кыргызпочтасы" МИси | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |