Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-июлу № 437
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 437 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү корутундуга келди.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексине тамеки буюмдарына акциздик салыкты жогорулатууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат.
Жалпысынан алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тамекиге акциздик салыктын ставкаларын жогорулатуу боюнча саясат колдоого алынат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кириши менен акциздик салыкты көбөйтүү боюнча иш Бажы союзуна кирген башка өлкөлөрдөгүдөй эле улантыла берет. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакынкы үч жылга колдонуудагы бириктирилген системаны калтырууну жана Борбордук Азиянын коңшу рынокторунун шарттарын эске алуу менен акциздин ставкаларын Бажы союзунун ставкалары менен айкалыштыруунун ырааттуу саясатын жүргүзүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Акциздик салыкты алуунун бириктирилген системасын акцизди алуунун өзгөчө системасына өтүү методу менен өзгөртүү жана ага ылайык импорттоочулардын пайдасы үчүн Кыргыз Республикасынын тамеки рыногунун катышуучуларынын ортосунда кирешелерди кайрадан бөлүштүрүү жергиликтүү өндүрүүчүлөргө карата терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн.
Жогоруда аталгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун төмөнкү сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт:
- Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү алып салынсын;
- Мыйзам долбоорунун 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"287-беренеде:
- 1-бөлүктө:
он экинчи сап төмөнкү редакцияда берилсин:
"
┌──────────────────────────┬──────────────┬─────────────┬─────────────┐
│Чыпкалуу сигареттер: │2402 │1000 даана │1000 даанасы │
│"Кыргыз Республикасынын │ │ │үчүн 80 сом │
│айрым мыйзам актыларына │ │ │МЧБ │
│толуктоолорду жана │ │ │эсептелүүчү │
│өзгөртүүлөрдү киргизүү │ │ │эсептик │
│жөнүндө" Мыйзамдын күчүнө │ │ │наркынан +7%,│
│кирген күнүнөн тартып │ │ │бирок 1000 │
│2011-жылдын 31-декабрын │ │ │даанасы үчүн │
│кошо алганда │ │ │130 сомдон │
│ │ │ │кем эмес │
├──────────────────────────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤
│2012-жылдын 1-январынан │ │ │1000 даанасы │
│тартып 2012-жылдын │ │ │үчүн 100 сом │
│31-декабрын кошо алганда │ │ │МЧБ │
│ │ │ │эсептелүүчү │
│ │ │ │эсептик │
│ │ │ │наркынан │
│ │ │ │+7,5%, бирок │
│ │ │ │1000 даанасы │
│ │ │ │үчүн 150 │
│ │ │ │сомдон кем │
│ │ │ │эмес │
├──────────────────────────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤
│2013-жылдын 1-январынан │ │ │1000 даанасы │
│тартып 2013-жылдын │ │ │үчүн 120 сом │
│31-декабрын кошо алганда │ │ │МЧБ │
│ │ │ │эсептелүүчү │
│ │ │ │эсептик │
│ │ │ │наркынан +8%,│
│ │ │ │бирок 1000 │
│ │ │ │даанасы үчүн │
│ │ │ │180 сомдон │
│ │ │ │кем эмес │
├──────────────────────────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤
│2014-жылдын 1-январынан │ │ │1000 даанасы │
│тартып 2014-жылдын │ │ │үчүн 280 сом │
│31-декабрын кошо алганда │ │ │МЧБ │
│ │ │ │эсептелүүчү │
│ │ │ │эсептик │
│ │ │ │наркынан +8%,│
│ │ │ │бирок 1000 │
│ │ │ │даанасы үчүн │
│ │ │ │360 сомдон │
│ │ │ │кем эмес │
├──────────────────────────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤
│2015-жылдын 1-январынан │ │ │1000 даанасы │
│тартып 2015-жылдын │ │ │үчүн 350 сом │
│31-декабрын кошо алганда │ │ │МЧБ │
│ │ │ │эсептелүүчү │
│ │ │ │эсептик │
│ │ │ │наркынан +8%,│
│ │ │ │бирок 1000 │
│ │ │ │даанасы үчүн │
│ │ │ │430 сомдон │
│ │ │ │кем эмес │
├──────────────────────────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤
│2016-жылдын 1-январынан │ │ │1000 даанасы │
│тартып │ │ │үчүн 500 сом │
│ │ │ │МЧБ │
│ │ │ │эсептелүүчү │
│ │ │ │эсептик │
│ │ │ │наркынан +8%,│
│ │ │ │бирок 1000 │
│ │ │ │даанасы үчүн │
│ │ │ │580 сомдон │
│ │ │ │кем эмес │
└──────────────────────────┴──────────────┴─────────────┴─────────────┘
";
он үчүнчү сап төмөнкү редакцияда берилсин:
"
┌──────────────────────────┬──────────────┬─────────────┬─────────────┐
│Чыпкасыз сигареттер: │2402 │1000 даана │1000 даанасы │
│"Кыргыз Республикасынын │ │ │үчүн 5 сом │
│айрым мыйзам актыларына │ │ │МЧБ │
│толуктоолорду жана │ │ │эсептелүүчү │
│өзгөртүүлөрдү киргизүү │ │ │эсептик │
│жөнүндө" Мыйзамдын күчүнө │ │ │наркынан +3%,│
│кирген күнүнөн тартып │ │ │бирок 1000 │
│2011-жылдын 31-декабрын │ │ │даанасы үчүн │
│кошо алганда │ │ │18 сомдон кем│
│ │ │ │эмес │
├──────────────────────────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤
│2012-жылдын 1-январынан │ │ │1000 даанасы │
│тартып 2012-жылдын │ │ │үчүн 5,5 сом │
│31-декабрын кошо алганда │ │ │МЧБ │
│ │ │ │эсептелүүчү │
│ │ │ │эсептик │
│ │ │ │наркынан │
│ │ │ │+3,3%, бирок │
│ │ │ │1000 даанасы │
│ │ │ │үчүн 20 │
│ │ │ │сомдон кем │
│ │ │ │эмес │
├──────────────────────────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤
│2013-жылдын 1-январынан │ │ │1000 даанасы │
│тартып 2013-жылдын │ │ │үчүн 6 сом │
│31-декабрын кошо алганда │ │ │МЧБ │
│ │ │ │эсептелүүчү │
│ │ │ │эсептик │
│ │ │ │наркынан │
│ │ │ │+3,6%, бирок │
│ │ │ │1000 даанасы │
│ │ │ │үчүн 24 │
│ │ │ │сомдон кем │
│ │ │ │эмес │
├──────────────────────────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤
│2014-жылдын 1-январынан │ │ │1000 даанасы │
│тартып │ │ │үчүн 8 сом │
│ │ │ │МЧБ │
│ │ │ │эсептелүүчү │
│ │ │ │эсептик │
│ │ │ │наркынан +4%,│
│ │ │ │бирок 1000 │
│ │ │ │даанасы үчүн │
│ │ │ │30 сомдон кем│
│ │ │ │эмес │
└──────────────────────────┴──────────────┴─────────────┴─────────────┘
";
он төртүнчү сап төмөнкү редакцияда берилсин:
"
┌──────────────────────────┬──────────────┬─────────────┬─────────────┐
│Сигаралар жана │2402 │1 даана │40 сом │
│сигариллалар │ │1000 │500 сом │
│ │ │даана │ │
└──────────────────────────┴──────────────┴─────────────┴─────────────┘
";
он бешинчи сапта "5" цифрасы "100" цифрасына алмаштырылсын;
- 3-бөлүк күчүн жоготту деп эсептелсин.".
|
|