Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-июлу № 438
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Артыков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 438 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Артыков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мүлккө салык жергиликтүү бюджеттерге кирешелер келип түшүүчү булактардын негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат. Жергиликтүү бийликтин органдары айрым адамдардын өтө жогору кирешесин коомдун жана айрыкча төмөн кирешеси бар жарандардын пайдасына кайра бөлүштүрүү мүмкүндүгүнө ээ. Бүгүнкү күндө ири капиталга ээ болгон жана ага ылайык салык төлөө мүмкүнчүлүгү бар жеке жана юридикалык жактардын айрым категориялары бар. Башкача айтканда, жергиликтүү бийликтин органдары тарабынан ушул салыктын эсебинен өз инфратүзүмүн жакшыртууга, өздөрүнүн социалдык программаларын жана өнүктүрүү программаларын каржылоого жана бул каражаттарды коомдук пайдалуу максаттарга жумшоого мүмкүнчүлүк пайда болот.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2014-жылдын 1-январынан тартып салыктарды киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат.
I топтогу мүлккө салык коомдун эң бай бөлүгүнө багытталган, мында орто класстагылар деп аталган өкүлдөрүнө тийбестен, салык батирлер үчүн 80 чарчы метрден жогору жана жеке үйлөр үчүн 150 чарчы метрден жогору аянты бар кыймылсыз мүлктүн ээлерине салынат.
Республика боюнча бардыгы болуп I топтогу мүлктүн 1041742 объекти бар, анын ичинен салык салынуучусу - 10158, же 1 пайызга жакын. Бишкек шаарында 184510 мүлк бар, анын ичинен мүлккө салык салынууга тийиштүүсү - 9665 же 5,2 пайыз.
I топтогу кыймылсыз мүлккө салык төлөөдөн бошотууну караштырып жаткан бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын эсептөөлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн ар жылкы 60,0 млн. сом өлчөмүндө жоготууга алып келет, бул жергиликтүү бюджеттер үчүн сезилерлик жоготуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык валюта фондунун (мындан ары - ЭВФ) ортосундагы 2011-2014-жылдарга Экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЭВФ тарабынан колдоого алынган программанын иштөө мөөнөтүнүн аралыгында жаңы салыктык жеңилдиктерди киргизбөөгө милдеттенме алган. Ошондой эле 2013-жылга бюджетти түзүүнүн жана 2014-2015-жылдарга болжолдоонун процессинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан фискалдык саясат стабилдүү, туруктуу жана балансташкан саясат болот деп билдирилген. Буга ылайык, мамлекеттик бюджеттин олуттуу чектелген финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн фонунда чыгымдарды өз убагында жана толук каржылоо, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу үчүн бюджетти турукташтыруу максатында фискалдык саясат мыйзамдык базанын туруктуулугун жана балансташкандыгын чыңдоого багытталууга тийиш.
Ар кандай түрдөгү салыктык преференцияларды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан билдирилген түзүмдүк параметрлердин аткарылбай калышына жана ага ылайык ЭВФнын насыялык транштарынын чектелип калышына алып келиши мүмкүн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык мамлекеттин бюджеттик саясатынын негизги багыты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алардын кирешелүүлүк потенциалын көбөйтүү жолу менен чыңдоо болуп саналат. Салык системасынын кирешелүүлүк потенциалын жогорулатуу жаатындагы саясаттын өзүнчө багыты болуп колдонуудагы салыктык преференциялардын системасын оптималдаштыруу, негизсиз бошотууларга жана жеңилдиктерге тыюу салуу, ошондой эле салык төлөөдөн баш тартуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жоюу саналат.
Салык чөйрөсүндө мыйзамдарды демилгелөөнү кабыл алууда өлкөнүн бирдиктүү экономикасы менен жалпы өз ара байланышта болгон салык жүгүн азайтуу маселелерин карай турган комплекстүү ыкма зарыл экендигин белгилеп кетүү керек. Салыктын ставкасын азайтууда же кайсы бирөөнү жоюуда, же салык төлөөдөн бошотууда, алгач бюджеттин кирешесинин түз жоготууларын компенсациялоо боюнча тийиштүү альтернативалуу булактарды аныктоо зарыл.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык бекитилген бюджеттин көрсөткүчтөрүн жалпысынан кирешелер жана чыгымдар боюнча, кирешелердин бөлүмдөрү, главалары, чакан главалары жана чыгымдардын негизги топтору, топтору, топчолору боюнча өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана айылдык жана шаардык кеңештер тарабынан кошумча чыгымдарды жабуунун жана түшүүчү кирешелердин конкреттүү, негиздүү булактары болгондо гана кабыл алынышы мүмкүн.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 16-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган учурда ченемдик актылардын бюджеттери бекитилгенден кийин, ага ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгымдары көбөйтүлөт же кирешелери азайтылат, тийиштүү суммалар республикалык бюджеттен компенсацияланат.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.
|
|