Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-августу № 447
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 1-2-пунктчалар менен толукталсын:
"1-2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2013-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешенин 50 пайызын бюджетке төгүүдөн бошотулсун жана калган каражатты тепловоздорду сатып алууга жумшасын.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2013-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешенин бюджетке которулууга тийиш болгон 50 пайызынын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет берсин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |