КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-августу № 449
Энергетика жана курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдүк функцияларды аткарууну камсыз кылуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча иштерди жүргүзүү механизмин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убактылуу, мыйзам менен жөнгө салынганга чейин төмөнкүлөр белгиленсин:
- энергетикалык компаниялар белгиленген тартипте бекитилген шарттуу техникалык бирдиктердин көлөмүнө жараша экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин каржылоого чегерүүлөрдү жүргүзөөрү;
- курулуш уюмдары мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүүгө чыгымдарды жабуудан ашпаган, бирок курулуш монтаждоо иштеринин наркынын 0,3 пайызынан көп эмес өлчөмдө чегерүүлөрдү жүргүзөөрү.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги инспекция жана көзөмөл жүргүзүүнү жөнгө салуучу энергетика жана архитектуралык-курулуш иштери чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында 2014-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө ченемдик-укуктук актылардын тиешелүү долбоорун иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 30-июнуна чейин колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |