Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-февралы № 93
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 449 “Энергетика жана курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдүк функцияларды аткарууну камсыз кылуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу механизмин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 449 “Энергетика жана курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдүк функцияларды аткарууну камсыз кылуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы “2013-жылдын 1-сентябрына чейинки” деген сөздөр жана цифралар “2014-жылдын 1-апрелине чейинки” деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
- 4-пункттагы “2013-жылдын 31-декабрына чейин” деген сөздөр жана цифралар “2014-жылдын 30-июнуна чейин” деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтом 2013-жылдын 31-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |