Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 612 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
I. Жалпы жоболор
1. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү эрежеси (мындан ары - Эреже) өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн жалпы тартибин белгилейт.
2. Эреже курулуш жана жардыруу иштери өндүрүшүндө, кабель, өткөргүч түтүктөрдү, транспорт магистралдарын жана башка коммуникацияларды төшөөдө, ушул максаттар үчүн берилген аймактардын чегинде жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө, андан ары зыяндын (алынбай калган пайданы кошкондо) жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбына келтирүү менен аларды сактоого негиз болбогон учурда колдонулат.
II. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү тартиби
3. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү тартиби, ушул Эрежеге жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
4. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга андан ары зыяндын (алынбай келген пайданы кошкондо) жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбына келтирүү менен гана жол берилет.
Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга курулуш жана жардыруу иштери өндүрүшүндө кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү, транспорт магистралдарын жана башка коммуникацияларды төшөөдө, аймактардын чегинде жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө гана жол берилет.
5. Зыянкечтердин жана оорулардын массалык очоктору реалдуу коркунуч жараткан учурда уруксат берүү өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюунун натыйжасындагы зыяндын (алынбай калган пайданы кошкондо) жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын адистери менен макулдашылат.
6. Өзгөчө кырдаалда же анын кесепеттерин жоюуда, аны өзгөчө баалуу дарак породаларын кыюусуз ишке ашыруу мүмкүн болбогон учурларда, уруксат алуу талап кылынбайт. Бул учурда аталган иштерди аткарган юридикалык же жеке жактар айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кыюу жүргөн күндөн тартып, үч күндөн кечиктирбестен кыйылган өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породалары жөнүндө (алардын жайгашкан жери, саны жана сапаты), кыюунун себебин, ошондой эле өзгөчө кырдаалды мүнөздөгөн билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
7. Аймактардын чегинде курулуш жана жардыруу иштерин жүргүзүүдө, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү, транспорттук магистралдарды жана башка коммуникацияларды алып өтүүдө, жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюу мамлекеттик экологиялык экспертизанын өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюунун натыйжасында токой чарба өндүрүшүнө келтирилген зыяндын (алынбай калган пайданы кошкондо) жана жоготуулардын ордун толтуруудагы корутундусун эске алуу менен ишке ашырылат.
8. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюу айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатынын негизинде жүргүзүлөт.
9. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү үчүн арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- арыз берүүчүнүн толук аталышы, дареги (юридикалык жак үчүн), фамилиясы, аты, атасынын аты жана жашаган жери (жеке адамдар үчүн);
- өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюунун көлөмү;
- өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюунун болжолдонгон мөөнөтү;
- кыюу жүргүзүлө турган аймак (облус, район, айыл аймагы, капчыгай).
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында (юридикалык жактар үчүн), мамлекеттик статистика органдарында (жеке адамдар үчүн), мамлекеттик каттоодон өткөнүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- "бирдиктүү терезе" принциби боюнча катталганын ырастаган документтин көчүрмөсү.
Документтер арыз берүүчү тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Арыз берүүчү берилген документтердин жана маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
10. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечим кабыл алуусу үчүн негиз болуп, өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюу жөнүндө юридикалык же жеке жактан түшкөн арыз, ошондой эле ушул Эреженин 6-пунктуна ылайык кыюу зарылдыгы саналат.
Арыз түшкөн күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участкасындагы жайгашкан өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларынын абалын аныктап, 1-тиркемеге ылайык формада текшерүү актысын түзөт.
Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү жөнүндө чечимди айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалган комиссия кабыл алат.
Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат 2-тиркемеге ылайык формада айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы тарабынан таризделет жана берилет, анын жетекчиси кол коет.
Уруксат эки нускада таризделет, бири кызыкдар жакка берилет, экинчиси уруксат берүүгө негиз болгон бардык материалдар менен бирге сакталат. Сактоо мөөнөтү 5 жылды түзөт.
Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиз:
- ушул Эреженин 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербөө же аларды тиешелүү түрдө тариздебөө;
- арыз берүүчү тарабынан өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуну жүргүзүү жөнүндө туура эмес маалымат билдирүү.
Уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жүйөөлүү болууга жана арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.
11. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксаттын мөөнөтү бир айды түзөт жана ал берилген күндөн баштап эсептелет.
12. Эгерде өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат көрсөтүлгөн мөөнөтүндө пайдаланылбаса анда ал жараксыз болуп эсептелет жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жумалык мөөнөттө сөзсүз кайра тапшырылууга тийиш.
13. Уруксаттын түп нускасы жоголуп кетсе же жараксыз болуп калса, уруксат алуучу айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жуп нуска берүү жөнүндө арыз менен кайрылат. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксаттын түп нускасы жоголуп кеткени же жараксыз болуп калганы жөнүндө арыз түшкөн күндөн баштап беш күндүн ичинде жуп нуска берүү маселесин кароого тийиш. Жуп нуска айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда болгон документтин негизинде, уруксаттын түп нускасында көрсөтүлгөн колдонулуу мөөнөтүнүн чегинде берилет.
14. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга берилген уруксатты жокко чыгаруу аны берген орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
- пайдаланылуу мөөнөтү аяктаганда;
- өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюунун, даярдоонун ченемдерин, мөөнөттөрүн, эрежелерин бузуу менен жана өсүмдүктөрдүн абалынын начарлашына же жок кылынышына алып келүүчү башка аракеттер жүргүзүлгөндө;
- пайдалануудан ыктыярдуу баш тартканда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
15. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксатты тариздөө жана берүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт:
- юридикалык жана жеке жактардын арыздарынын негизинде кыюуну жүргүзүүнүн максатка ылайыгына карата дарак-бадал өсүмдүктөрүнө байкоо жүргүзүлөт, текшерүү актысы түзүлөт;
- текшерүү актысынын негизинде комиссиянын чечими кабыл алынат;
- комиссиянын чечиминин негизинде өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларынын түрүн, көлөмүн, аткаруу мөөнөтүн жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды көрсөтүү менен уруксат таризделет;
- арыз ээси (юридикалык же жеке жак) тарабынан өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын өз убагында алып чыгаруу жана жерлерди кыюунун калдыктарынан тазалоо иштери камсыз кылынышы керек.
Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюу жүргүзүлгөндөн кийин алынган жыгач жана кыюудан калган калдыктар зыяндын (алынбай калган пайданы кошкондо) жана токой чарба өндүрүшүнүн ордун толтуруучу арыз ээсинин (юридикалык же жеке жак) кароосу боюнча пайдаланылат.
III. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
16. Ушул Эрежелердин талаптарынын бузулушуна жол берген юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын администрациялык жана жазык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
17. Кыюу каралбаган жерлерде өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларына зыян келтиргендер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
IV. Эрежелердин сакталышына контроль жүргүзүү
18. Ушул Эрежелердин сакталышын контролдоо айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
19. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул эрежелер бузулган же аткарылбаган учурда берилген уруксатты убактылуу токтотууга жана жокко чыгарууга укуктуу.
| Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү эрежесине 1-тиркеме |
__________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик
агенттигинин аймактык башкармалыгынын аталышы)
ТЕКШЕРҮҮ АКТЫ № _______
20__-ж. "__" ______________ _____________________
Түзүү орду
__________________________________________________________________
(ишкананын, уюмдун, мекеменин ж.б. аталышы)
__________________________________________________________________
(турган жери)
__________________________________________________________________
(негиз)
1. Текшерүүнү жүргүздү ___________________________________________
(кызматы, аты-жөнү, айлана-чөйрөнү
_______________________________________________________________________
коргоонун мамлекеттик органынын өкүлү)
Катышуусунда: ____________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
2. Текшерүүдө аныкталды: _________________________________________ _______________________________________________________________________
3. Корутунду _____________________________________________________ _______________________________________________________________________
4. Актыга кол коюлду
_______________________ ______________________ _______________
(кызматы) (күн, ай, жыл, колу) (аты-жөнү)
5. Тиркемеге _____________________________________________________ _______________________________________________________________________
6. Акт аткарууга кабыл алынды:
_______________________ ______________________ _______________
(кызматы) (күн, ай, жыл, колу) (аты-жөнү)
М.О.
| Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү эрежесине 2-тиркеме |
__________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик
агенттигинин аймактык башкармалыгынын аталышы)
__________________________________________________________________
индекси, дареги, телефону
Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча)
дарак породаларын кыюуга
УРУКСАТ
№ _____________
20__-ж. "__" ______________
__________________________________________________________________
кызматы, аты-жөнү
Карап чыгып ___________________________________________________________
обьекттин аталышы жана каралган материалдардын тизмеги
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Ошондой эле комиссиянын жыйынтыктары _____________________________ _______________________________________________________________________
(объекттин аталышы (саны, породасы, абалы, аткаруу мөөнөтү
_______________________________________________________________________
жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралар)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Уруксат берди: ___________________________________________________ _______________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик
агенттигинин аймактык башкармалыгынын жетекчиси
___________________________ __________________
(аты-жөнү) (колу)
_______________________________________________________________________
Уруксат алдым: _____________________________ __________________
(жооптуу адамдын аты-жөнү) (колу)
Эскертүү: Уруксаттын жарактуулук мөөнөтү - бир ай.