Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 6-августу № 453

Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев