Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы N 453 токтому менен бекитилген |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 11-сентябры № 627 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86-беренесине ылайык иштелип чыккан жана салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн жалпы принциптерин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) аутентификация - салык кызматынын органынын маалыматтар базасында тийиштүү логини жана паролу менен пайдалануучунун бар экендигинин аныктыгын текшерүү жол-жобосу;
2) авторлоштуруу - субъектке салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз (мындан ары - ЭСК) берүүгө укук берүү жол-жобосу;
3) электрондук түрдөгү салык отчету - салык кызматынын органына ЭСКсыз электрондук түрдө берилүүчү, салык милдеттенмесинин өлчөмү жөнүндө, ошондой эле салык милдеттенмесин эсептөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыган документ;
4) субъект - салыктык каттоодон өтүшкөн жеке жана юридикалык жактар;
5) Маалыматтык тутум - салык отчетун электрондук түрдө берүү боюнча салык кызматы органынын сервиси;
6) пайдалануучу - Маалыматтык тутумга кирүүгө укук берилген субъект;
7) SSL (англисче Secure Sockets Layer) - корголгон сокеттердин деңгээли;
8) логин - пайдалануучунун компьютердик тутумдагы эсептик жазуусунун аты;
9) пароль - кимдигин же ыйгарым укуктарын ырастоо үчүн арналган жашыруун сөз же символдордун жыйнагы, көбүнчө маалыматка санкцияланбаган кирүүдөн сактоо үчүн пайдаланылат.
3. Ушул Жободо пайдаланылган башка терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган маанилеринде колдонулат.
4. Салык отчетун электрондук түрдө берүүнүн катышуучулары болуп салык кызматынын органдары жана ушул Жобонун талаптарына тийиштүү субъекттер саналат.
2. Субъекттерди каттоонун жана аны жокко чыгаруунун тартиби
5. Салык отчетун электрондук түрдө берүү Маалыматтык тутумга системага кирүү уруксатын алуу жолу менен ишке ашырылат.
6. Маалыматтык тутумга кирүү SSL базасындагы криптографиялык протоколду колдонуу менен ишке ашырылат.
Маалыматтарды шифрлөө үчүн ачык ачкычы бар асимметриялык алгоритм колдонулат.
7. Маалыматтык тутумга кирүүгө уруксат алуу үчүн субъект салыктык катталуу орду боюнча салык кызматынын органына арыз берет.
8. Маалыматтык тутумга жана субъекттин жеке маалыматына кирүү үчүн арыздын формасы салык кызматынын органы тарабынан бекитилет.
9. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) жеке жак үчүн - паспортунун көчүрмөсү;
2) юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн - мамлекеттик катталуусу жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү.
10. Салык кызматынын органдары субъекттин арызын кабыл алган күндөн баштап 30 календардык күндүн ичинде Маалыматтык тутумга кирүүгө укук берүү же мындай укуктан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алышат.
11. Арыз берген субъект, арызды берген учурдан баштап 60 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө салыктык катталуу орду боюнча салык кызматынын органына төмөнкүлөрдү алуу үчүн кайрылат:
1) оң жагына чечилген учурда - салык кызматынын органынан тийиштүү чечимди, ошондой эле Маалыматтык тутумга кирүү үчүн "Логинди" жана "Паролду";
2) терс жагына чечилген учурда - Маалыматтык тутумга кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу тууралуу салык кызматынын органынын тийиштүү чечимин.
12. Салык кызматынын органдары тийиштүү чечимди чыгаруу менен субъекттердин Маалыматтык тутумга кирүүсүнөн төмөнкү учурларда баш тартышат (же кирүүгө бөгөт коюшат);
1) субъекттин салыктык каттоосу жок болгондо;
2) бул субъекттердин жалган ишкердикке жана жалган беримдерге катышкандыгы жөнүндө документ түрүндөгү маалыматтар болгондо.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 11-сентябры № 627 токтомдун редакциясына ылайык)
13. Салык кызматынын органынын "Логинди" жана "Паролду" ыйгаруу жөнүндөгү чечими түздөн түз юридикалык жактын жетекчисине жана/же жеке жакка паспортун көргөзгөн учурда кол койдуруу менен тапшырылат.
14. Ыйгарылган "Логинди" жана "Паролду" алгандан кийин субъект сөзсүз түрдө өз алдынча "Паролду" алмаштыруу менен авторлоштуруудан өтөт.
15. Эгерде субъект ыйгарылган "Логинди" жана "Паролду" алуу үчүн салык кызматынын органына кайрылбаса, ошондой эле арыз берген учурдан баштап 90 календарлык күндүн ичинде авторлоштуруудан өтпөсө, анда ыйгарылган "Логин" жана "Пароль" Маалыматтык тутумда жокко чыгарылат, ал эми Маалыматтык тутумга кирүү уруксатын алуу тууралуу мурдагы кабыл алынган чечим күчүн жоготот.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 11-сентябры № 627 токтомдун редакциясына ылайык)
16. "Логин" жана "Пароль" жокко чыгарылган учурда субъект Маалыматтык тутумга кирүү уруксатын алуу үчүн кайталап арыз берүүгө укуктуу.
17. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 11-сентябры № 627 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
18. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 11-сентябры № 627 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3. Салык отчетун электрондук түрдө берүүнүн тартиби жана талаптары
19. Салык отчетун электрондук түрдө берүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары - МСК) расмий сайты аркылуу ишке ашырылат.
20. Пайдалануучу салык отчетун электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде (мындан ары – Салык кодекси) белгиленген тартипте жана мөөнөттө берет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 11-сентябры № 627 токтомдун редакциясына ылайык)
21. Салык отчетун электрондук түрдө берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруунун күнү болуп, салык кызматынын органы тарабынан аны кабыл алган күн саналат.
22. Электрондук түрдө берилген салык отчету эгерде Салык кодексинде башкача белгиленбесе кагаз жана/же электрондук алып жүргүчтө берүүгө жатпайт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 11-сентябры № 627 токтомдун редакциясына ылайык)
23. Пайдалануучу макул болот:
1) Маалыматтык тутумга кирүү үчүн "Логинди" жана "Паролду" колдонуу, салык отчетун берүү максатында пайдалануучуну тийиштүү жана жетишээрлик идентификациялоо болуп саналганына;
2) өзүнүн "Логини" жана "Паролу" жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча талаптарга;
3) "Логинди" жана "Паролду" колдонгондугу жана сактагандыгы үчүн жоопкерчилик тартууга;
4) "Логин" жана "Пароль" аркылуу электрондук түрдө берилген бардык салык отчету, ушундай "Логин" жана "Пароль" менен Маалыматтык тутумга кирүүгө уруксат берилген пайдалануучу өзү расмий берген отчет катары таанылаарына.
24. Салык кызматынын органдары, пайдалануучунун "Логинин" жана "Паролун" үчүнчү жак тарабынан колдонуунун кесепеттерине жоопкер болушпайт, эгерде бул маалымат үчүнчү жакка белгилүү болушуна салык кызматынын органдары себепкер болбосо.
25. "Логинди" жана "Паролду" жоготкон же "Логинди" жана "Паролду" үчүнчү жак колдонгондугу боюнча негиз болгон учурларда, субъект же пайдалануучу Маалыматтык тутумга кирүүнү тосмолоо жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
26. Пайдалануучу Маалыматтык тутумдагы "Паролун" өз алдынча эч кандай чектөөсүз өзгөртүүгө укуктуу.
27. Пайдалануучудан салык отчетун электрондук түрдө кабыл алган учурда салык кызматынын органы:
- салык отчетун электрондук түрдө кабыл алуунун убактысын жана күнүн белгилейт;
- салык отчетун электрондук түрдө кабыл алууну жана иштеп чыгууну камсыз кылат жана салык отчетун электрондук түрдө кабыл алуунун тиешелүү ырастоосун түзөт.
28. Салык кызматынын органы төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- субъект тарабынан салык отчетун электрондук түрдө МСКнын расмий сайты аркылуу берүү үчүн мүмкүнчүлүктү;
- Салык кодексинин 54-беренесинин талаптарына ылайык маалыматтардын купуялуулугун жана аутентификациясын.
29. Субъект жана салык кызматынын органы салык отчетун Салык кодексинде белгиленген тартипке жана мөөнөткө ылайык сактоону камсыз кылышат.