Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7-августу № 456
"Жогорку жана дипломдон кийинки медициналык жана фармацевтикалык билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.И.Бакиров тарабынын демилгеленген "Жогорку жана дипломдон кийинки медициналык жана фармацевтикалык билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 456 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген "Жогорку жана дипломдон кийинки медициналык жана фармацевтикалык билим берүү жөнүндө" (мындан ары - Мыйзам долбоору) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 26-абзацын эске алсак, ага ылайык, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү бул - жогорку кесиптик билим берүүнүн базасында жарандардын билим деңгээлин көтөрүүгө, илимий, педагогдук квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзгөн билим берүү болуп саналат, Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "дипломдон кийинки билим берүү" деген сөздөрдү "жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизги түшүнүктөрүнүн арасында жогорку окуу жайларынан кийинки билим берүү катары интернатура жана клиникалык ординатура көрсөтүлөт, бирок мыйзам долбоорунда билим берүүнүн аталган деңгээлдеринин өзгөчөлүктөрүн (билим берүү мөөнөтү жана түрү, жыйынтыктары, клиникалык ординатураны жана интернатураны бүтүргөндөн кийин берилүүчү документтер) сүрөттөгөн берене жок.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык, Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ болгондуктан жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулгандыктан, Мыйзам долбоорунун 2-беренесин "жөнгө салынат" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси менен Кыргыз Республикасында негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумун, билим алуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмүн, бүтүрүүчүлөрдү даярдоо деңгээлине талаптарды, билим алуучулардын айрым билим берүү программаларын өздөштүрүүсүн тастыктаган документтердин үлгүлөрүн аныктаган негизги билим берүүнүн бардык деңгээлине мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленээри регламенттелген. Негизги милдеттүү программалар үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруу билим алуунун формаларына карабастан, билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүнө милдеттүү болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу, даярдоо структурасын, окуу жүктөмүнүн, аудиториялык жүктөмдүн максималдуу көлөмүн Мыйзам долбоорунда аныктоо максатсыз деп эсептейбиз жана Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Дипломго чейинки билим берүү кошумча билим берүү болгондуктан жана жогорку кесиптик билим берүү структурасына киргендиктен Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1-пунктчаны алып салууну сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун аталган беренесиндеги 1-бөлүмүнүн 2-пунктчасында "дипломго чейинки жогорку билим берүү" (базалык билим берүү) деген түшүнүккө аныктама берилет, бирок, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде агалган термин жок, 1-бөлүктө жогорку медициналык жана фармацевтикалык билим берүү деңгээлдеринин башка аныктамалары колдонулат. Ошондуктан, Мыйзам долбоорунда пайдаланылган терминдерди жана аныктамаларды бирдейлештирүүнү сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү "күндүзгү (кечки)" деген сөз "күндүзгү - сырттан (кечки)" деген сөздөр менен алмаштырылсын, ошондой эле ыкчамдатылган программа менен медициналык жана фармацевтикалык билим алууга жол берилерин же берилбешин тактоону сунуштайбыз.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, билим берүү уюмдарынын ишинин предмети жана максаты уюмдун уставында көрсөтүлөт. Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоорунун 8-беренесинде иштин предметин жана максатын, ошондой эле жогорку медициналык жана фармацевтикалык билим берүү уюмдарынын милдеттерин регламенттөөнүн зарылчылыгы жоктугун белгилейбиз.
Билим берүү уюмдарынын билим берүү программаларын жүзөгө ашырууга болгон даярдыгы билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия берүүдө белгиленет. Окутуу процессин материалдык-техникалык камсыздоого талаптар Мыйзам деңгээлинде жөнгө салынбоого тийиш деп эсептейбиз. Медициналык жана фармацевтикалык адистиктерди жүзөгө ашыруу шарттарынын өзгөчөлүктөрү аттестациялык жана лицензиялык талаптарда чагылдырылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 3-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, билим берүү уюмунун статусу (жүзөгө ашырылып жаткан билим берүү программаларынын багытына жана деңгээлине ылайык аныкталуучу тиби, түрү жана категориясы) аны аккредиттеген (аттестациялаган) учурда белгиленет (бекитилет). Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 5-бөлүгүнүн редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Бир эле маселени укуктук жөнгө салуунун көп түрдүүлүгүн четтетүү максатында аталган берененин жоболору мурда эле "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси менен жөнгө салынгандыгына байланыштуу Мыйзам долбоорунун 10-беренесин алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
Андан сырткары, билим берүү тутумундагы кызматкерлерди жана билим алуучуларды социалдык коргоо маселелери "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-главасы менен жөнгө салынгандыгын эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 4-главасын алып салууну сунуштайбыз.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, жогорку окуу жайына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен ишке ашырылаары белгиленген. Медициналык адистикке тандоо өзгөчөлүгү колдонуудагы Мыйзам менен эске алынган: абитуриенттер тарабынан химия жана биология боюнча кошумча тест тапшыруу милдети белгиленген. Ушуга байланыштуу, 11-берененин 2-бөлүгүндөгү "бирдиктүү мамлекеттик сынак" деген сөздөрдү "жалпы республикалык тестирлөө" деген сөздөр менен алмаштырууну жана "(толук)" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген кабыл алуу квотасынын алкагында билим берүү уюмдарына кирүүдө жеңилдиктерден пайдалануучу абитуриенттердин категориясы аныкталган. Аларга I, II топтогу майыптар, согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча теңделгендер, майып-балдар, бала кезинен майыптар, айыл жаштары, Кыргыз Республикасынын жараны болбогон кыргыз улутундагылар, ошондой эле жетим балдар, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар кирет. Ошондуктан, Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 9, 10, 11-бөлүктөрүн алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун жогорку медициналык фармацевтикалык билим берүү уюмун башкарууну жөнгө салуучу 12-беренеси боюнча жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоо маселелерин жөнгө салуучу "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин көңүлгө алууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин 5-бөлүгү менен аткаруу бийлигинин органдары, шаарлардын, облустардын аткаруучу-тескөөчү органдары, жогорку медициналык жана фармацевтикалык билим берүү уюмдарынын окумуштуулар кеңеши өз ишинде жогорку жана дипломдон кийинки медициналык жана фармацевтикалык билим берүү тутумундагы мамлекеттик-коомдук бирикмелердин жана коомдук уюмдардын сунуштарын карап чыгып жана эске ала тургандыгы каралат. Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун түзөөрүн белгилей кетүү керек.
Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, тартип жазасы, анын ичинде окуудан чыгаруу, жогорку медициналык жана фармацевтикалык билим берүү уюмдарынын студенттеринен жазуу түрүндө түшүндүрмө алгандан кийин колдонулат. Ошону менен бирге, сунушталган редакцияда кандай тартип жазалары жөнүндө сөз болуп жаткандыгы ачык берилбегендигин белгилей кетүү керек. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жоболоруна ылайык тартип жазалары кызматкерлерге карата колдонулат. Бирок, бул контекстте студенттерге кандай тартип жазасы колдонулаары түшүнүксүз.
Мыйзам долбоорунун 16, 17, 18, 19-беренелери жогорку жана дипломдон кийинки медициналык жана фармацевтикалык билим берүү тутумунун субъекттеринин, анын укуктарынын жана милдеттеринин өзгөчөлүктөрүн белгилеген ченемдерди камтыбагандыгын жана көбүнчө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларды кайталагандыгын белгилейбиз.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "майып-балдар", "I, II, III топтогу майыптар" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Аталган Мыйзам долбоорунун 21-беренеси менен каралган профессор жана доцент окумуштуулук наамын, окумуштуулук даражаларды ыйгаруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актылары менен жөнгө салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жогорку жана дипломдон кийинки медициналык жана фармацевтикалык билим берүү, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди бекитүүнүн тартиби, чет мамлекеттердин жогорку жана дипломдон кийинки медициналык жана фармацевтикалык билим берүү жөнүндө документтерин, окумуштуулук даражаларын жана окумуштуулук наамдарын Кыргыз Республикасында эквиваленттүү деп табуу жана аны бекитүү, күбөлүк берүү тартиби Кыргыз Республикасынын билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан аныкталат. Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган жоболор жалпыга милдеттүү эрежелерди сактаган ченемдик укуктук актылары мүнөзүнө ээ экендигин белгилейбиз, ошого ылайык, катарына билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы кирбеген "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси менен аныкталган ченем чыгаруу органдары тарабынан гана бекитилүүсү мүмкүн.
Мыйзам долбоорунда мындай эскертүүлөр 11-берененин 5, 7, 8, 10, 12, 15, 16-бөлүктөрүндө жана 15-берененин 4-бөлүгүндө, 16-берененин 3, 4, 5-бөлүктөрүндө, 18-берененин 5-бөлүгүндө, 19-берененин 6-бөлүгүнүн 8-пунктунда, 20-берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлөт.
Чет элдик окуу жайлар тарабынан берилген жогорку кесиптик билим берүү жөнүндөгү документтерди экспертизалоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан, ал эми окумуштуулук даражаларды жана наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү документтердин эквиваленттүүлүгүн белгилөө Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн акы төлөө түрүндө же акысыз жүргүзүлөөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлигинин органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана аларга караштуу мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын Бирдиктүү реестри (тизмеси) тарабынан бекитилет. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 22-беренесинин 4-бөлүгүнүн редакциясын кайрадан карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 15-бөлүгү жана 22-беренесинин 1-бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесин көңүлгө алууну сунуштайбыз, ага ылайык Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат, мында башка эл аралык келишимдердин ченемдерине болгон түз таасири жана артыкчылыгы адам укугу боюнча айрыкча эл аралык келишимдердин ченемдерине ээ болот.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык тараптардын кызыкчылыгын түздөн-түз көздөгөн жана ошондой эле ишкерликти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары долбоорлорунун коомдук талкуусунун жыйынтыгы боюнча алардын ченемдик укуктук актыларына кирүү же кирбей калуу себептерин негиздөө менен келип түшкөн сунуштар жөнүндөгү жыйынтыктоочу маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылууга тийиш.
Ошондой эле, аталган Мыйзам долбоору ченемдик укуктук актыларына көп сандагы шилтеме берген ченемдерди камтыйт жана бул аны кабыл алууда кыйынчылыктарды жаратат. Бул маселенин айрым бөлүктөрү тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынган, ал эми айрым бөлүгү жөнгө салынган эмес. Бул өз кезегинде, шилтемеге берилген түз таасирдеги ченем алигиче кабыл алынбагандыгынын натыйжасында коомдук мамилелер жөнгө салынбаган убактылуу бир бөлүктүн пайда болуусуна алып келет, бул потенциалдуу коррупциялык ченем болуп саналат.
Мындан сырткары, Мыйзам долбоорунун айрым беренелери "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору менен мурдатан эле жөнгө салынуучу ченемдерди камтыйт (Мыйзам долбоорунун 4, 5, 6, 7-беренелери).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын жогорулашын караган Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Мыйзам долбоорунун 29-беренесинде жогорку медициналык жана фармацевтикалык билим берүүнү каржылоо маселеси каралгандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген бекитилген беренелердин алкагында тиешелүү иш-чараларды каржылайт.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, ишке ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржыланууга алып келген ченемдик укуктук актылар аларга каржылоо булактары аныкталганга чейин кабыл алынбайт. Аталган Мыйзамдын 25-беренесине ылайык, долбоордун негиздеме-маалымкаты милдеттүү түрдө каржылоо булактары жөнүндөгү маалыматты камтууга тийиш. Бирок аталган маалымат, ошондой эле каржы-экономикалык эсеп берилген эмес.
Мындан сырткары да белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституциянын негизинде кабыл алынат. Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболору "Жогорку жана дипломдон кийинки медициналык жана фармацевтикалык билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууну карабайт, ушуга байланыштуу жогоруда аталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайык эмес экендиги тууралуу маселе келип чыкты.