Загрузка документа…
КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-августу № 457
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги өзүнүн чечимдерин эки айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 токтомуна тиркеме |
┌─────────────────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап │
│ турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы │
│ мамлекеттик агенттиги │
└───────────────────────┬─────────────────────────┘
│
┌────────────────────────────┐ │ ┌───────────────────────────────┐
│ Токой экосистемалары жана │ │ │ Курчап турган чөйрөнү коргоо │
│ өзгөчө корголуучу │ │ │ жана экологиялык коопсуздук │
│ жаратылыштык аймактар ├────┼───┤ чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө │
│ департаменти │ │ │ салуу борбору │
└────────────────────────────┘ │ └───────────────────────────────┘
┌────────────────────────────┐ │ ┌───────────────────────────────┐
│ Токой-аңчылык жайгаштыруу │ │ │ Республикалык жана жергиликтүү│
│ департаменти ├────┼───┤ жаратылышты коргоо жана токой│
│ │ │ │ тармагын өнүктүрүү фонддору │
└────────────────────────────┘ │ └───────────────────────────────┘
┌────────────────────────────┐ │ ┌───────────────────────────────┐
│ Жаратылыш ресурстарын │ │ │ "Ысык-Көл" биосфералык │
│ сарамжалдуу пайдалануу ├────┼───┤ аймагынын башкы дирекциясы │
│ департаменти │ │ │ │
└────────────────────────────┘ │ └───────────────────────────────┘
┌────────────────────────────┐ │ ┌───────────────────────────────┐
│ Аймактык башкармалар │ │ │ Мамлекеттик жаратылыштык │
│ │ │ │коруктар, мамлекеттик жаратылыш│
│ ├────┴───┤ парктары, токой сактоо │
│ │ │ станциясы, токой чарбалар, │
│ │ │ токойчулуктар │
└────────────────────────────┘ └───────────────────────────────┘
".