Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № 474
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 6 жана 44-беренелерине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамада:
- төмөнкү мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Экспорттун бажы режиминде бажылык тариздөө үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучулары тарабынан документтердин төмөнкү формалары колдонулат:
- инвойс (эсеп-фактура);
- ташып жеткирүүнүн ыкмаларына жараша товардык-транспорттук документтер: МДП (TIR CAR№ET) китепчеси, товардык-транспорттук коштомо кагазы (ТТК), эл аралык автомобилдик коштомо кагазы (CMR), авиа коштомо кагазы, эл аралык байланыштын темир жол коштомо кагазы (СМГС);
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан алып чыгууга уруксат берүү тартиби менен белгиленген өзгөчө товарларды Кыргыз Республикасынан экспорттоого лицензия же уруксат берүү.";
- 7-пункттун биринчи абзацы "тариздөө" деген сөздөн кийин "6-1-пунктта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка бажы режимдерин колдонуу учурунда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7.1-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- инвойс (эсеп-фактура);";
- 13-пункттагы "маалыматтарды," деген сөздөн кийин "анын ичинде "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутуму аркылуу мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан берилүүчү электрондук тастыктамалар, корутундулар жана күбөлүктөр жөнүндө кабарларды" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж. Сатыбалдиев
|