Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-сентябры № 476
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.К.Гусаров жана З.И.Бекбоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 476 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.К.Гусаров жана З.И.Бекбоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди:
Каралып жаткан мыйзам долбоорлору оюн-зоок ишин жүргүзүүнү кайра кайтаруу үчүн укуктук талааны түзүү максатын көздөйт.
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун демилгелөө зарылдыгын жаратат, башкача айтканда, оюн-зоок ишин кайрадан баштоого негиз салуучу мыйзам долбоору болуп саналат.
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун айрым беренелеринин жоболорунан казинонун милдеттүү резервдик фондун түзүү акционерлердин милдети болуп саналаары келип чыгууда жана резервдик фонддун көп бөлүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО) түзүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, мисалы, "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун беренесинин 2-бөлүгүндө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында казино ачуу жөнүндө чечимди кабыл алуу укугу жалаң гана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына таандык болоору каралууда. Долбоордун 6-беренесине ылайык казинолор жабык акционердик коом түрүндө түзүлөт, алардын акцияларынын 50 пайыздан көбү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык. Долбоордун 8-беренеси менен милдеттүү резервдик фонддорду түзүү регламенттелет. Долбоордун аталган беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык милдеттүү резервдик фонддун минималдуу өлчөмү төмөнкү суммага: Бишкек жана Ош шаарларында - алты жүз миң эсептик көрсөткүчкө, облустардын администрациялык-аймактык бирдиктериндеги казинолор үчүн беш жүз миң эсептик көрсөткүчкө эквиваленттүү болушу керек.
Ушуга байланыштуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен сырткаркы фонддун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу; жергиликтүү жамааттардын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу жергиликтүү кеңештердин компетенциясына кирди.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн акционердик коомдун башкаруу органдарына дайындоо тиешелүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүргүзүлөт.
Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучулардын бири өзү болуп эсептелген акционердик коомду төмөнкү жол менен инвестициялоого укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык менчикти өткөрүп берүү;
2) капиталдык салымдар аркылуу.
Баяндалгандардын негизинде казинолорду ачуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жана ага ылайык негизги уюштуруучу катары чыгуу жергиликтүү кеңештердин макулдугу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан ишке ашырылышы керек.
Мыйзам долбоорунун аталган беренелеринин талаптарын эске алып, ЖӨБО жабык акционердик коомду (ЖАК) түзүүдө жабык акционердик коомдун (ЖАКтын) уставдык капиталындагы өздөрүнүн акцияларын төлөө үчүн 50000 сомду табышы керек ("Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык уставдык капиталдын өлчөмү 100000 сомдон кем болбошу керек), Бишкек жана Ош шаарлары үчүн милдеттүү резервдик фондду түзүүгө 30 млн. сомдон ашуун, башка облустардын администрациялык-аймактык бирдиктеринде - 25 млн. сомдон ашуун каражат талап кылынат. Мындай каражатка азыркы учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээ эмес.
Мында ай сайын алынуучу салыктын өлчөмү 8 миллиондон кем эмес сомду түзөөрү болжолдонгондуктан, оюн-зоок мекемелери киреше табаарына жана акча каражаттарын (дивиденддерди) жергиликтүү бюджетке которооруна эч кандай кепилдик жок.
Мындан сырткары, аталган ЖАКтын курамына кирүүнү каалаган юридикалык жактын уставдык капиталы боюнча талаптарды (47 млн. сомдон кем эмес) киргизүү "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына каршы келет жана бул акционер аталган Мыйзамдын 3-беренесине ылайык ЖАКтын милдеттенмелери боюнча өздөрүнө таандык акциялардын наркынын чектеринде гана жооп берет.
Казинолорду ачуу (уставдык капиталды, резервдик фондду түзүү, казинонун менчигинде турушу керек болгон жабдууларды сатып алуу (долбоордун 15-беренесинин 3-бөлүгү) жергиликтүү бюджеттен олуттуу финансылык ресурстарды талап кылат. Мында документтердин топтомунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аталган каражаттардын бар экендиги жөнүндө керектүү финансылык эсептөөлөр берилген эмес. Долбоордун негиздеме-маалымкатына ылайык аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. Ошондой болсо да, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат, кирешелерди жана чыгашаларды камтыйт. Демек, долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылат.
Мындан сырткары, долбоордун 2-беренесинин 3-бөлүгү Бишкек шаарынын жана башка администрациялык-аймактык бирдиктердин аймагында казинолордун санынын лимитин белгилейт, мындан "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мыйзамда аныкталган өзүнө бир же бир нече калктуу конуштардын аймагын жана башка отурукташпаган аймакты камтыган аймакты түшүнүүгө болот, ал жерде мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну ишке ашырат.
Бирок долбоордун 8-беренесинин 6-бөлүгү менен жалаң гана Бишкек, Ош шаарлары жана облустук администрациялык-аймактык бирдиктер үчүн милдеттүү резервдик фонддун минималдуу өлчөмү белгиленүүдө.
Ошондой эле бул маселе боюнча жогоруда белгиленгендей, казинолорду ачуу жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынаарын байкоого болот. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары болуп шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү эсептелет. Ушуга байланыштуу, облустардын деңгээлинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштебестигин эске алуу менен долбоордун 8-беренесинин 6-бөлүгүн кайрадан карап чыгуу зарылдыгы жөнүндө белгилейбиз.
Ал гана эмес, Конституциянын аталган беренесинин 3-бөлүгүндө мыйзам тарабынан укуктарды жана эркиндиктерди чектөө Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан башка максаттарда жана жогору даражада белгилениши мүмкүн эместиги аныкталган.
Долбоордун 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында 2012-жылдын 16-июнундагы № 111 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аты туура эмес көрсөтүлгөн.
Мыйзам долбоорунда оюн-зоок мекемесинде пайдаланылган оюн-зоок жабдуулары техникалык жөнгө салуу жана башка милдеттүү талаптар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш экендиги белгиленген.
Ошол эле учурда "башка милдеттүү талаптар" деген термин бул ченемди кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берип, коррупциялык мүнөздө экендигин белгилей кетүү зарыл.
Мындан тышкары, белгилей кетүүчү нерсе, бланкалык (шилтемелик) ченемдин мазмуну белгилүү бир убактылуу мезгилдин аралыгын пайда кылат, бул учурда шилтеме кылынган тикелей иш-аракеттин ченеми кабыл алынбагандыгынын натыйжасында коомдук мамилелер жөнгө салынбай калат, бул потенциалдуу коррупциялык ченем болуп эсептелет.
Ошондой эле казинодогу столдордун жана оюн автоматтарынын санына талаптар белгиленген. Практика көрсөткөндөй, оюн-зоок ишине тыюу салынганга чейин колдонулган мурдагы "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында казинодогу столдордун минималдуу санына талаптар белгиленген. 1 оюн-зоок столуна 300 миң сом суммасындагы милдеттүү патенттин коюмун төлөө мүмкүндүгүнүн жоктугунан казинолордун бир бөлүгү жабылды, ал эми бир бөлүгү милдеттүү патенттик төлөмдүн коюмун төлөөдөн качып, иш жүзүндө 2 стол колдонулган кошумча жабдууну пайдаланып, аны бир стол катары көрсөтүшкөн.
Белгилей кетүүчү нерсе, берилген мыйзам долбоорунда казинонун ишин токтотуп коюуга мүмкүн болуучу себептердин толук тизмеси жөнгө салынган эмес.
Мисалы, Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин төртүнчү абзацына ылайык, казинонун иши тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында казинону жабуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чечим кабыл алган учурда токтотулушу мүмкүн. Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жогоруда аталган чечимди кандай учурларда жана кандай себептер боюнча кабыл алаарын белгилеген жоболор каралган эмес. Бул өз кезегинде коррупциялык көрүнүштөрдү пайда кылат.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан юридикалык жактарга оюн-зоок ишин жүргүзүү укугуна уруксат берүү, татыктуу оюн-зоок мекемесинин критерийлерин аныктоо, оюн-зоок мекемесине кирүүгө тыюу салынган адамдардын бирдиктүү тизмесин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, бул тизменин талаптарынын сакталышын текшерүү маселелери негизинен жөнгө салынган эмес, казинонун ишинин токтотулушуна мүмкүн болгон себептердин толук тизмеси көрсөтүлгөн эмес.
Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу ушул жааттагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт деп аныкталган, ошондой эле аталган мамлекеттик органдын функциялары белгиленген.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Өкмөт аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын негизинде ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт, ошондой эле аталган мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.
Мына ошентип, аткаруу бийлиги бутагынын системасында иштеген мамлекеттик органдын функцияларын аныктаган Мыйзам долбоорунун көрсөтүлгөн жоболору "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аталган ченемдерине ылайык келбейт.
Мында "аныкталган укук бузуулардын мүнөзүнө жараша" деген термин коррупциялык өбөлгөлөрдү түзөт жана мыйзам тарабынан бекитилген так критерийлерди жетекчиликке албай эле өз кароосу боюнча тигил же бул кырдаалга түшүндүрмө берүү укугун субъектке бере тургандыгын белгилейбиз.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти мамлекеттик жөнгө салуу менен байланышкан көп жактарды камтыбай калган. Мунун баары алардын коомго тийгизген терс таасирлерине ыкчам мамиле жасоонун мүмкүн эместигине алып келиши мүмкүн.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде сунушталган аталышындагы оңдоп-түзөтүүлөрдү жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 992-беренесинин 1-пунктун Кодекстин аталган беренесинин башка түзүмдүк жоболорун эске алуу менен кайра карап чыгуу зарыл.
Ошондой эле, бул долбоор "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору менен пакеттик принципте иштелип чыккандыгын жана аталган мыйзам долбоорунун жоболорунан тикелей келип чыгуусун эске алуу менен долбоордун 8-беренесиндеги аталган долбоор "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кире тургандыгын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Ошондуктан долбоордун 1-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык казино оюн-зоок мекемеси экендиги талашсыз, долбоордун 3-беренесинин 2-бөлүгүндө фирмалык аталыштарда жана башка документтерде, ошондой эле жарнамалык өнөктүктөрдү өткөрүү учурунда оюн-зоок ишинин субъекттерин оюн-зоок мекемесинин кайсы түрү көрсөтүшү керек экендигин так айкындоо зарыл. Ушуга окшогон эскертүүлөр долбоордун 8-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрүнө да тиешелүү.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 84-беренесине ылайык, юридикалык жак тизмеси мыйзам тарабынан аныкталган иштин айрым түрлөрү менен атайын уруксаттын (лицензиянын) негизинде гана алектене алат. Иштин лицензияланган түрлөрүнүн тизмеси "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган. Аталган мыйзамдын 24-беренесинде аталган мыйзамды киргизүү жана иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмесин аныктоо менен Кыргыз Республикасынын бардык аймагында бул мыйзамга кирбеген иштин түрлөрү системасына карата уруксат берүү алып салынат.
Айтылгандарды эске алуу менен долбоордун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүн алып салуу керек.
Ошондой эле биздин оюбузча, оюн-зоок жайларына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесин алып салуу мүмкүнчүлүгү да мыйзам долбоорунда каралган адамдардын айрым категорияларына оюн-зоок жайларына кирүү үчүн белгиленген чектөөлөрдү киргизүүнүн маани-маңызын жок кылат.
Мыйзам долбоорунда оюн-зоок жайларынын эрежелери менен коомдук жүрүм-турумдун жана моралдык ченемдерге тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок жайларынын кардарлары үчүн милдеттүү болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген чектөөлөр да белгилениши мүмкүн.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесинде ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынгандардан башка ар кандай аракеттерди жана иштерди ишке ашырууга укуктуу экендиги каралгандыгын белгилей кетүү керек.
Мындан тышкары, 10-берененин 4-бөлүгүнүн жана долбоордун 11-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболору 18-берененин жогоруда көрсөтүлгөн жоболоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинде каралган, Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарган же кысымга алган мыйзамдар кабыл алынууга тийиш эместигин караштырган 20-беренесине да карама-каршы келет. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлактуулугун сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр аталган максаттарга шайкеш келүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 3 жана 4-беренелерин 2012-жылдын 25-июлундагы № 123 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында күчүн жоготту деп эсептөө пландаштырылгандыктан, долбоордун 8-беренесинин 3-бөлүгүн алып салуу зарыл.
Мыйзам долбоорундагы финансылык-экономикалык баалоонун негизсиз экендигин белгилейбиз. Алсак, мыйзам долбооруна ылайык казино үчүн милдеттүү патенттин негизинде мурда колдонулган деңгээлде салык баасы белгиленет. Мында негиздеме-маалымкатка ылайык, квоталар жок болуп турган учурда казинодон келип түшүүлөр 520 млн. сомду түзүп турган, казинонун жалпы саны кыскарганда - 2011-жыл менен салыштырганда болжолдуу келип түшүүлөр Бишкек шаары боюнча 1 млрд. сом жана Ош шаары боюнча 300-400 млн. сом деп бааланган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы букмекердик конторалардын жана тотализаторлор бюросунун иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата каршы чыгуусун эске алуу менен, бул мыйзам долбоорун алып чыгуу коомдо чоң резонансты жарата тургандыгын, ал эми социалдык жана экономикалык өңүттөн алып караганда бул мыйзам долбоору ар башкача каралууда жана аталган иштин түрүн колдонууга киргизүүнү жактаган, ошондой эле аны колдонууга киргизүүгө каршы чыккан карама-каршылыктуу олуттуу жүйөөлөр бар.
Оюн-зоок иши, тактап айтканда казинону уюштуруу - иштин эң кооптуу түрү болуп саналат, бул чоң кирешелерди алууга гана эмес, эң кыска убакытта болгон бардык акча жана мүлктүк каражаттарды жоготууга (утулууга) алып келет, б.а. киреше алууга үлгүрбөстөн, болгон активдердин баарын уттуруп жиберүү фактысы да мүнөздүү. Ушуга байланыштуу ЖӨБОнун атынан мындай тобокелдикке барууга мамлекет даярбы деп тыянак чыгаруу керек.
Мыйзам долбоору баарынан мурда кумар оюндарына жана мелдештерге коомдун корголбогон катмарын тартуу менен байланышкан социалдык терс кесепеттерди болтурбоого болгон мамлекеттик чыныгы кепилдиктерге багытталышы керек деп эсептейбиз. Мындай болбогон учурда, бул маселеге карата коомдо калыптанган мурдагы терс мамилелер кайра козголуп, калктын нааразылык акциялары жанданышы ыктымал.
Жогорудагыларды эске алуу менен бирге олуттуу бюджеттик тартыштыктын жана айрым кирешелердин алынбай калуу кооптуулугунун шарттарында бул долбоорлор бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга багытталгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун берилген сунуштар менен айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен толуктап, иштеп чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.