Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 481
"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кайтарылбас салык карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун чакыртып алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 4 "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кайтарылбас салык карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтомуна ылайык жиберилген "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кайтарылбас салык карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыртып алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын № 4 "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кайтарылбас салык карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|