Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы №481 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-январы № 4
"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кайтарылбас салык карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кайтарылбас салык карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Бишкек шаарынын мэри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Долбоор
Бул Мыйзамдын максаты эсептелген пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча кайтарылбас салык карыздарын эсептен чыгаруу жолу менен "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу болуп эсептелет.
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2009-жылдын 1-январына карата 3,151 млн. сом суммасындагы эсептелген салык санкциялары боюнча (салык санкцияларынын түрлөрүн чегерүү менен) "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кайтарылбас салык карыздарын эсептен чыгарууну жүргүзөт.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Бишкек шаарынын мэриясы "Бишкексууканал ӨЭБсынын объективдүү мүнөздөгү жана анын иш аракеттерине байланыштуу болбогон себептер боюнча 2009-жылдын 1-январына карата пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча бересеси 3,151 млн. сомду түзөөрүн билдирет. 2009-жылдын 1-ноябрына карата ЖЭБдин бересеси - 71,4 млн. сомду, анын ичинен мөөнөтүнөн өтүп кеткен бересеси - 60,4 млн. сомду түзөт. Бишкек шаарынын ЖЭБинин керектеген суу үчүн өнөкөт төлөбөшү, өз кезегинде башкармалыктын дарегине салык кызматы тарабынан бюджетке өз убагында төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүктөн пайыздар, туумдар жана салык санкцияларын кошуп эсептөөсүнө алып келди.
Бересенин келип чыгыш себебинин бири болуп 2008-2009-жылдардагы жылытуу сезонунда Бишкек шаарынын ЖЭБи пайдаланган суу үчүн 50 пайыздык төлөөнү бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 416 токтому эсептелет.
2010-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министрлиги "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын кайтарымсыз салык карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү демилгеси менен чыккан жана ал 2010-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумунда каралып, жактырылган. Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 19 токтомунун XI пунктуна ылайык, бересе Бишкек шаарынын ЖЭБинин айынан келип чыккандыгын эске алып, мыйзам долбоорду киргизүүнүн демилгечиси болуп Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги аныкталган, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрадан аларды киргизүү үчүн "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын кайтарымсыз салык карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" мыйзам долбоору тийиштүү министрликтер тарабынан даярдалган жана макулдашылган. Бирок бул күндөгү болуп өткөн саясий абалдарга байланыштуу, бул күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бул материалдар берилген эмес.
2010-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын кайтарымсыз салык карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Декретин киргизүү маселесин Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги кайрадан баштаган, бирок Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрликтери тарабынан Декреттин көрсөтүлгөн долбоорунун максатка ылайык эмес бөлүгүн кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши түзүлгөндөн кийин кайрадан макулдашуу жана кароо сунуштарын берген, анткени ошол мезгилде Жогорку Кеңеш түзүлгөн эмес.
Бирок 2011-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти кайрадан каралган, регламенттин 14-пунктунун 3-абзацына ылайык Бишкек шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы Өкмөттүн козгогон иш аракеттерин, Өкмөттүн актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү укугуна ээ. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 токтому менен бекитилген, ушунун негизинде Кыргыз Республикасынын энергетика Министрлиги "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын кайтарымсыз салык карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Мыйзам долбоорун тариздөө функциясын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берди, "Бишкексууканал" ӨЭБсы мэриянын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
Ошондой эле 2004-жылдан баштап Бишкексууканал тарабынан инвестицияларды тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын 2009-жылдын 21-июлунда кол коюлган "Бишкек шаарында суу менен жабдууну жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуусуна жана Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 19-майындагы № 19-05/42 кредиттик милдеттемесине ылайык Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы "Бишкек шаарында суу менен жабдууну жакшыртуу" долбооруна 5,5 миллион евро суммасында кредит көрсөтүп жатат. "Бишкексууканал" ӨЭБсынын пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча 3,151 млн. сом суммасындагы бересеси кредиттик келишимдин ишке ашуусунун үзгүлтүккө учурашына алып келүүсү мүмкүн.
Жогоруда айтылгандын негизинде, "Бишкек шаарында суу менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратпоо, "Бишкексууканал" ӨЭБсынын финансылык абалынын төмөндөтпөө үчүн, ошондой эле Бишкек шаарынын суу менен жабдуусун үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, Бишкек шаарынын мэриясы бул мыйзам долбоорду макулдашууга киргизүүнү керектүү деп эсептейбиз.
Мэр |
И.Өмүркулов |